Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

26-апрель: Тарых барактары


Чернобыль кырсыгы 1986-жылы, 26-апрелде болгон.
Чернобыль кырсыгы 1986-жылы, 26-апрелде болгон.

Пишпек шаарына уезддик мекемелерди көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иши 1878-жылдын 26-апрелинде башталган. Муну менен бирге шаар көчөлөрүн жана аянттарды, кварталдарды белгилөө кызуу темп менен жүргүзүлгөн. Бир эле убакта аскерлер үчүн казармалар, азыркы чиркөө жайгашкан жер, мусулман жана христиандардын бейиттери белгиленген.

Ошол убактагы планга ылайык, Пишпек шаарынын азыркы көчө, парктарынын орун алышы, жайгашыш жагдайы мерчемделген. Алгачкы план боюнча шаардын түндүк тарабы - Ташкент көчөсү, азыркы Жибек жолу; чыгыш тарабы - Аламүдүн суусу; түштүгү - Лагерный, азыркы Чокморов көчөсү; батыш жагы - Казарменный көчөсү, азыркы Тоголок Молдо менен чектелген.

Адамзат тарыхындагы бейпил атомдук алааматты 1986-жылдын 26-апрелинде башынан кечиргени маалым. Совет бийлигинин Чернобыль алааматынын зыяндуулугу менен көлөмүн көшөкөрлөнө жаап жашыруусу жана камылга, даярдыгы жок калкты авария кесепетин жоюга чегериши, бейпил адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө зор зыян алып келген.

Чернобыль алааматын жоюга кыргызстандыктар да катышып, алардын ден соолугуна оор залака келтирилип, нечендеген адамдар оору айынан өмүрүнүн акырына чейин жете алышкан жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Чернобылчылар коому иштеп, ал зыян тарткан адамдардын укугу үчүн күрөшүп келет.

Түркиянын Стамбул шаарында 2001-жылдын 26-апрелинде түрк тилдүү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчыларынын 7-курултайы өткөн.

Алай районунун Кайнама жергесиндеги 2004-жылдын бул күнкү жер көчкүдөн 33 адам каза болгон.

Дүйнө коомчулугу 26-апрелде Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүн белгилейт.

Дүйнөдө биринчи жолу чечекке каршы вакцина 1721-жылы колдонулган.

Америка континентине келген биринчи англис жер которуучулары 1607-жылдын 26-апрелинде Генри урчугуна (Виржиния) түшүшкөн.

Падыша Алексей Михайлович 1658-жылдын 26-апрелинде Москва Кремлиндеги «Фролов» мунарасын «Спасский» деп өзгөртүү туурасында жардык кабыл алган.

Он үч жаштагы Людвиг ван Бетховен 1783-жылдын 26-апрелинде Бонндогу сарайга караштуу инструменталдык оркестрга музыкант болуп кабыл алынган.

Хорезм Элдик Советтик Республикасы 1920-жылдын 26-апрелинде уюшулган.

Фельдмаршал П. Гинденбург 1925-жылдын 26-апрелинде Веймар республикасынын президенттигине шайланган.

Танганьики жана Занзибар 1964-жылдын 26-апрелинде Танзания Республикасына кошулган.

Орусиянын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 26-апрелинде «Репрессияланган калктарды реабилитациялоо туурасында» мыйзам кабыл алган.

«Чернобыль» компьютердик вирусу 1999-жылдын 26-апрелинде дүйнөдөгү жарым миллион чамалуу компьютерди зыянга учураткан.

Украина президенти Леонид Кучма 2000-жылдын 26-апрелинде Чернобыль АЭСи жылдын соңуна чейин жабыла тургандыгын билдирген.
XS
SM
MD
LG