Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

30-апрель: Тарых барактары


Бразилиядагы биринчи темир жол 1854-жылдын 30-апрелинде ачылган.
Бразилиядагы биринчи темир жол 1854-жылдын 30-апрелинде ачылган.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Орусия империясынын курамына алыш үчүн болгон аракетти жасагандыгы байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет.

Керектүү болгон жүк ташуу үчүн казактардан жылкы жана төө сурап Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт. Капыстан түшкөн көчтөн Ормон хандын сестенбеши үчүн алдын ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Орус бийлигинин 1853-жылдын 30-апрель күнкү рапортунда Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүү туурасында көрсөтмө берилген.

Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши 1924-жылдын бул күнү Кара-Кыргыз илим комиссиясын уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечиминде, кара-кыргыздардын кыргыз-казактардан тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-Кыргыз илим комиссиясы Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишенаалы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айланган.

Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 30-апрелинде ишин аяктаган. Кеңеш жыйынында Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республиканын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Баш мыйзамга ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик желеги бекитилген. Кызыл түстөгү желектин каскакка бекиген жээгине жакын алтын тамгалар менен кыргызча «Кыргыз АССРи» деген жазуу түшүрүлгөн.

Жумушчу, дыйкан жана кызыласкерлердин Фрунзе шаардык кеңешинин 1929-жылдын 30-апрель күнк чечимине ылайык, христиандардын Свято-Серафимова чиркөөсү Агартуу Элдик комиссариатына берилген. Элдик агартуучулар чиркөөнү коңшу жайгашкан балдар үйү үчүн клубга айландырышып, акыры аны талкалана турган даражага жеткиришкен.

Кыргыз Республикасынын жакынкы коңшуларына карата жүргүзгөн дипломатиялык алакасы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу принцибине ылайык өнүккөн. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын башын бириктирген Борбор Азиялык биримдиктин уюшулуш жагдайын кыргыз дипломатиясынын ийгилиги катары бааласа болот.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 1994-жылдын 30-апрелинде Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия биримдигин уюштуруу келишимине кол коюшкан.

Жазма булак маалыматтарына караганда Берлин шаары 1237-жылдын 30-апрелинде негизделген.

Москва Кремлиндеги Успенский чиркөөсү 1472-жылдын 30-апрелинде түптөлгөн.

Падыша Алексей Михайлович 1649-жылдын 30-апрелинде өрткө каршы күрөшүү кызматын ачуу туурасында жардыкка кол койгон.

Монреал шаарындагы биринчи мектеп 1658-жылдын 30-апрелинде мурдагы атканада ачылган.

Жорж Вашингтон 1789-жылдын 30-апрелинде Америка Кошмо Штаттарынын биринчи президенти болуп бир добуштан шайланган.

Америка Кошмо Штаттары 1803-жылдын 30-апрелинде Луизиананы Франциядан сатып алган.

Никарагуа 1838-жылдын 30-апрелинде Борбордук Америка федерациясынан бөлүнүп чыккан.

Бразилиядагы биринчи темир жол 1854-жылдын 30-апрелинде ачылган.

Француз акыны Шарл Кро 1877-жылдын 30-апрелинде Илимдер академиясына биринчи граммофонду тартуу кылган.

Америка Кошмо Штаттары 1900-жылдын 30-апрелинде Гавай аралдарын аннексиялаган.

Большевиктер менен меньшевиктердин чогуу жыйынына чекит койгон РСДРПнын Лондон шаарында өткөн V съезди 1907-жылдын 30-апрелинде ишин баштаган.

Бүткүл дүйнөлүк өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылыш салтанаты 1939-жылдын 30-апрелинде Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн.

Советтер Союзундагы жумушчу жаштардын мектебин ачуу туурасындагы токтом 1944-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Советтик Кызыл Армия 1945-жылдын 30-апрелинде ачылган Равенсбрюктагы аялдардын концентрациялык лагеринин туткундарын бошоткон.

Советтик аскерлер 1945-жылдын 30-апрелинде Берлин операциясынын алкагында рейхстагга чабуул коюп баштаган. Советтик аскерлер рейхстагды алыш үчүн кырчылдаша согушуп, 1945-жылдын 30-апрель күнү полковник А. И. Негода баштаган 171-аскер бөлүгү жана генерал-майор В. М. Шатиловдун командачылыгы астындагы 150-аскер бөлүктөрү имаратка киришкен. Фашисттик Германиянын символу эсептелген рейхстаг имаратынын бооруна 30-апрель күнү түшкү 14 саат 25 мүнөттө 674-аткычтар полкунун кызыл желеги сайылган.

Түндүк Вьетнамдык аскерлер 1975-жылдын 30-апрелинде Сайгон шаарын бошотушкан. Ушул эле күнү Түштүк Вьетнам өкмөтү капитуляция келишимине кол койгон.

Куба мамлекетинин лидери Фидел Кастро 1961-жылдын 30-апрелинде тынчтык үчүн ыйгарылчу Ленин сыйлыгын алган.

Москва шаарындагы Останкино теле мунарасы 1967-жылдын 30-апрелинде эксплуатацияга берилген.

Орусиядагы биринчи эркин «Европа Плюс» музыкалык радиостанциянын уктуруулары 1990-жылдын 30-апрелинде обого чыккан.

Президент Б. Ельциндин 1999-жылкы жардыгына ылайык 30-апрель Орусиянын өрттөн коргоо күнү катары белгиленген.

Атактуу чех жазуучусу Ярослав Гашек 1883-жылдын 30-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG