Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

1-май: Тарых барактары


Биринчи көп кабаттуу имарат 1884-жылдын 1-майында Чикаго шаарында курулган.
Биринчи көп кабаттуу имарат 1884-жылдын 1-майында Чикаго шаарында курулган.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Орус империясынын курамына алуу маселесин 1853-жылдын 1-майында көтөргөн. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Орусия империясынын букаралыгына алуу зарылчылыгы белгиленет. Таасирдүү манаптын империя тарабына өтүшү аймактагы саясий абалды ыңгайлуу оңтойго оодара тургандыгы туурасында кенен кабарланат. Мындан тышкары катта Ормонду орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.

Кыргызстанда 1-Май Жаз жана эмгек майрамы деп белгиленет. Совет мезгилинде 1-Май Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-Май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.

1-Май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыласкерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Түркстан-Сибирь темир жолунун салтанаттуу ачылышы 1930-жылдын 1-майга туштай өткөрүлгөн. Темир жолдун ишке киргизилиши менен аймактын экономикасы өнүккөн Орусия, аны менен бирге Европа өлкөлөрү менен байланыш курууга өбөлгө берген. Түркстан-Сибирь темир жолунун алкагында Кыргызстандын Чүй жана Жалал-Абад аймагын камтыган темир жол куруу долбоору ишке ашырылган.

Кыргызстандын расмий бийлиги 1995-жылдын 1-майында Борбордук Азияны өзөктүк куралдардан эркин аймак деп жарыялоо сунушу менен дүйнө коомчулугуна кайрылган. Кыргыз бийлигинин пикирине ылайык, мындай кадам аймактагы тынчтык жана өз ара ишенимди арттырмак, ошондой эле башка өлкөлөрдүн өзөктүк куралдарды көбөйтүү программасына бөгөт коймок.

Англия 1328-жылкы келишимге жараша 1-май күнү Шотландиянын эгемендигин тааныган.

Людовик XIV 1682-жылдын 1-май күнү Париж Обсерваториясын салтанат менен ачкан.

Ботаникалык номенклатурага негиз салган Карл Линнейдин «Өсүмдүктөрдүн бардык түрү» аттуу эмгеги 1753-жылдын бул күнү жарык көргөн.

Вольфганг Амадей Моцарттын «Фигаронун үйлөнүшү» аттуу операсынын бет ачары 1786-жылдын 1-май күнү Вена шаарында өткөн.

Император Павел I 1800-жылдын 1-май күнкү жардыгы менен Орусияга тыштан ташылып келген ар түркүн китеп жана музыкаларга мамлекеттик көзөмөл киргизилген.

Императордун жардыгында китеп жана музыка аркылуу калктын аң сезимин, мамлекеттик мыйзамга доо кетире турган бузукулук киргизилип жатканы баса белгиленген.

Биринчи почта маркалары 1840-жылдын 1-май күнү Англия мамлекетинде колдонууга киргизилген. Почта кызматы үчүн акы төлөмүн колдонуу идеясын Роулэнд Хилл ойлоп тапкан. Анын учкул идеясы кийин рыцардык титулга арзыган.

Техника жана маданиттын жетишкендигине арналган биринчи Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө 1851-жылдын 1-май күнү Лондон шаарындагы Хрусталь сарайында ачылган. Көргөзмөнү уюштуруу демилгесин канайым Викториянын жолдошу ханзаада Альберт көтөрүп, ак сарай Жозеф Пекстондун долбоору менен салынган.

Биринчи көп кабаттуу имарат 1884-жылдын 1-майында Чикаго шаарында курулган.

Биринчи электр фонарлары 1885-жылдын 1-майында Оттава шаарында жанган.

Узак жылдар бою дүйнөдөгү эң бийик курулуш эсептелип келген Нью-Йорк шаарындагы 102 кабаттуу «Эмпайр стейт билдинг» имаратынын ачылыш салтанаты 1931-жылдын 1-май күнү өткөн.

Америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-май күнү 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышкан. Акция полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүлгөн.

II Интернационалдын 1889-жылы өткөн Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында ар жылдын 1-май күнү демонстрация уюштуруу чечимин кабыл алынган. Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген.

Бирма 1886-жылдын 1-майында Британиялык Индиянын курамына алынган.

Жапониядагы Кызыл Крест коому 1887-жылдын 1-май күнү уюшулган.

Бавариялык Кызыл Армия 1919-жылдын 1-май күнү жеңилип, Бавария Советтик Республикасы кулаган.

Москва-Волга каналы 1937-жылдын 1-май күнү курулуп бүткөн.

Берлиндеги рейхстагга Жеңиш байрагы 1945-жылдын 1-май күнү сайылган.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын курулушу туурасындагы маалымат 1948-жылдын 1-май күнү жарыяланган.

Фидел Кастро мындан ары Кубада шайлоо өткөрүлбөй тургандыгын 1961-жылдын 1-май күнү билдирген.

Парламенте кабыл алынган мыйзамга ылайык Монголияда 2003-жылдын 1-майынан тарта жер жеке менчикке бериле баштаган.

Вашингтон шаарындагы Капитолий имаратын курган америкалык архитектор Бенжамин Латроб 1764-жылдын 1-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG