Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

2-май: Тарых барактары


Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Берлин шаарын ээлеген.
Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Берлин шаарын ээлеген.

Каракытай өкүмдарынын сансыз аскери 1198-жылдын бул күндөрү Сырдарыяга карай жортуул сапарын уланткан. Өкүмдар аскер башына Тайнку вазирди дайындап, ага аймакта жашаган калкты баш ийдирүү милдетин жүктөгөн.

Каракытайлар чыгыштан батыш багытында жортуул жасап, жазма булак маалыматтарына ылайык бул убакта алар кыргыздар менен кырчылдашып турушкан. Айрым тарыхчылардын пикирине ылайык, каракытайлардын чапкыны жана ага каршы жасалган каармандык күрөш кыргыз калкынын «Манас» дастанында айтылып калган.

1916-жылкы боштондук күрөштөн улам кыргыз калкынын бир бөлүгү Кытайга качууга мажбур болгон. Кытайга келген кыргыздар жол азабын тартып, экинчи жагынан, жергиликтүү бийликтин кысымын көрүп, акыры алар 1917-жылдын май айында кайра Кыргызстанга багыт алышкан. Кыргыздардын артка карай көчү Үркүнгө караганда кыйла оор азап менен өткөн. Байлык, малынан ажырап, бөтөн жерде азып-тозгон адамдардын бир даары жол азабын көтөрө албай аска зоолор арасында, көк мелжиген ашууларда түбөлүк жай тапкан.

Фрунзе шаарындагы «Интергельпо» фабрикасы 1920-жылдын бул күнү ишке киргизилген. Фабриканын курулушуна Кыргызстанга келген интернационалисттер зор салым кошуп, өлкөнүн индустриалдык өнөр жайынын өнүгүшүнө чыйыр салынган.

Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Берлин шаарын ээлеп алууга жетишкен. Ата Мекенди коргоо үчүн 4 жылга созулган учу-кыйырсыз согуштун соңку илеби келип, миңдеген жоокерлер фашисттер бекинген уюкка эки үч эселенген күч менен сокку уруп турушкан. Согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, алар фашисттик Германиянын кулашына өз салымын кошкон.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатов 1908-жылдын 2-май күнү жарык дүйнөгө келген. Т. Кулатовдун киндик каны Ош облусунун Ноокат районундагы Кара Булак кыштагына тамган. Кедей-дыйкан бүлөдөн чыккан Төрөбай Кулатовдун эмгек жолу жумушчулук кесиптен башталып, кийин анын жылдызы мамлекеттик саясатчы деңгээлинде жанган болчу.

Испандыктар 1509-жылдын 2-май күнү азыркы Пуэрто-Риконун борбору Сан-Хуан шаарын негиздешкен.

Иван Фёдоров тарыхта биринчи катталган «Апостол» китебин жазууга 1563-жылдын 2-май күнү киришкен.

Лютерандык пастор Ернст Глюк 1703-жылдын 2-май күнү Москва шаарында Орусиядагы биринчи гимназияны ачкан.

В. И. Ленин 1920-жылдын 2-май күнү «Биз коммунистик эмгектин жеңишине жетишебиз» деген чакырыгын жазган.

Советтер Союзундагы өндүрүш флагманын бири эсептелген Горький унаа заводунун курулушу 1930-жылдын 2-май күнү башталып, ал 1932-жылдын башында бүткөн.

Нацисттик Германияда 1933-жылдын 2-май күнү бардык профсоюздардын ишкердигине тыюу салынып, алардын жетекчилери камакка алынган.

Советтер Союзу менен Франция 1935-жылдын 2-май күнү өз ара жардамдашуу туурасындагы келишимге кол коюшкан.

Берлинди коргоонун командачысы Гельмут Вейдлинг 1945-жылдын 2-май күнү шаардын капитуляцияланышы туурасында буйрукка кол койгон.

Советик жетекчиликтин 1945-жылдын 2-май күнү чечимине жараша 7-май Радио күнү деп жарыяланган.

Индия парламенти 1955-жылдын 2-май күнү касталык дискриминацияга тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Венгриялык аскерлер Австрия менен чектешкен 218 километрдик чек ара дубалын бузууга 1989-жылдын 2-май күнү киришкен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1991-жылдын 2-май күнү СПИД дартына чалдыккандардын саны 2000-жылы 40 миллион адамга жете тургандыгын билдирген.

Тони Блэр 1997-жылдын 2-май күнү Британиянын премьер-министри болгон.
XS
SM
MD
LG