Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

13-май: Тарых барактары


Анжыян шаарындагы куралдуу козголоң 2005-жылдын 12-майынан 13-майга караган түнү башталган.

Анжыян шаарындагы куралдуу козголоң 2005-жылдын 12-майынан 13-майга караган түнү башталган.

Орус-жапон согушунан жапа чеккен империялык бийлик 1904-жылдын бул күндөрү Түркстан аймагында жашаган калктан акча чогултуу ишин уланткан. Ал «орус-жапон согушуна ыктыярдуу жардам» деген ураан менен өтүп, орус маалымдоо каражаттарынын кабарлоосуна караганда Түркстан аймагынан арбын көлөмдө жардам көрсөткөн адамдардын бири - Алайда жашаган Курманжан датка болгон.

Совет бийлиги жакынкы коңшулары менен соода-экономикалык мамилени жакшыртуу максатында 1921-жылдын 13-май күнү айтылуу “Каркыра” базарын ачкан. “Каркыра” базары Каракол шаарынан 80 чакырым узактыктагы айтылуу Каркыра жайлоосунда орун алган. Жазма булак маалыматтарына караганда Каркыра жайлоосу нукура кыргыздын жери эсептелинип, базарга келген соодагерлер да «кыргыз жерине» жана «кыргыз базарына» бара тургандыгын кабарлашкан.

“Каркыра” базары 1916-жылга чейин иштеп, 1916-жылкы көтөрүлүш айынан жана Совет бийлигинин орношуна байланышкан оор саясий кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган. Каркырадагы Биринчи советтик жарманке зор салтанат менен ачылып, ачылыш салтанатка советтик бийлик өкүлдөрү менен кытайлык соодагерлер катышкан.

Фрунзе шаарынын эн белгисин аныктоо үчүн өткөн сынактын жыйынтыгы 1969-жылдын 13-майында чыккан. Атайын уюшулган жюри комиссиясы жүздөгөн жарышка түшкөн эскиздерди талдап, акыры бул күнү жеңүүчүнүн ысмы белгилүү болгон. Калыстар тобунун чечимине ылайык Фрунзе шаарынын эмблемасына шаардын башкы сүрөтчүсү С. Бакашевдин долбоору жактырылган. Жарышта жеңген эн белги ябагандай жупунулугу менен калыстар тобунун купулуна толгон. Ага күндүн нуру шекилиндеги дисктин артында желдей жеңил, шамалдай ийкем тулпардын сүрөтү тартылган.

Бишкектин тургундары үчүн 1994-жылдын бул күндөрү борбор шаардын бактарында эс алуу коркунуч жараткан. Шаардык санэпидемиялык станциялардын эскертүүсүнө караганда, күндүн ысышына байланыштуу сейил бактарга оор сыркоо жарата турган энцефалиттик мителер жайылган. Санэпидемиялык станциялардын адистери шаар калкын жаратылышка чыгууну азайтууну эскерткен билдирүүлөрдү таратышкан.

Америго Веспуччи 1501жылдын 12-май күнү Батышка карай деңиз саякатына чыккан.

Түндүк Америкадагы англичандардын биринчи туруктуу колониясы эсептелген Жеймстаун 1607-жылдын 13-майында негизделген.

Чили мамлекетинин болочок борбору Сантьяго шаары 1647-жылдын 13-май күнкү жер титирөөдөн толугу менен талкаланган.

Воронежде курулган деңиз кербени 1696-жылдын 13-май күнү Азовго багыт алган. Деңиз кербенин капитан Петр Алексеевич өзү баштап, Орусиянын Чыгышты карай өсүшүнө жол ачкан.

Орусиянын Сенаты 1783-жылдын 13-майында Михаил Ломоносовду Академиядан түбөлүк бошотуу туурасында жардык алган. Анткен менен Академияны Ломоносовсуз, Ломоносовду Академиясыз элестетүү мүмкүн эмес экендигин түшүнгөндөн кийин окумуштууну илим борборунда калтырышып, жылдын соңунда болсо ага статс кеңешчинин кызматы менен бирге 1875 рубль айлык берилген.

Орусиядагы өлчөм жана салмак боюнча Императордук кызмат 1845-жылдын 13-май күнү уюшулган.

Америка Кошмо Штаттары 1846-жылдын 13-майында расмий түрдө Мексикага каршы согуш жарыялаган. Согуш жыйынтыгына жараша АКШ Мексиканын түндүгүндөгү Калифорния, Аризона, Нью-Мексико жана Техасты аннексиялаган.

Одессадагы Новороссийск университети (азыркы И. И. Мечников атындагы Одесса улуттук университети) 1865-жылдын 13-май күнү ачылган.

Бразилия 1888-жылдын 13-майында кулчулукту жоюу туурасында мыйзам кабыл алган.

Император Николай II 1895-жылдын 13-май күнкү жардыгына жараша орус армиясына аскердик жана офицердик модификациядагы револьвердин Наган системасы кабыл алынган.

Борбордук Аткаруу Комитети менен Элдик Коссмиссарлар кеңеши 1918-жылдын 13-майында «Элдик комиссарларга нан запасын катып, аны менен кызыл кулактык кылган кыштак буржуазиясына каршы күрөшүүдө чукул ыйгарымдарды берүү туурасында» Декрет кабыл алган.

Н. Н. Юденичтин ак гвардиячыл Түндүк-Батыш армиясы 1919-жылдын 13-майында Петроград багытында чабуул коюп баштаган.

Элдик Коссмиссарлар кеңеши 1921-жылдын 13-май күнү эс алуу үйлөрүн уюштуруу туурасында Декрет кабыл алган.

СССР Советинин III съездди 1925-жылдын 13-майында ишин баштаган.

Германиядагы «Кара жума» аталган финансалык жана экономикалык системанын кыйрашы 1927-жылдын 13-майына туш келет.

Акыркы баштыктуу бөрү 1930-жылдын 13-майында өлтүрүлгөн.

Советтик жазуучулар Кошуунуна кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн комиссиянын 1934-жылдын 13-май күнкү жыйынында № 1 мүчөлүк билет А. М. Горькийге тапшырылган.

С. М. Кировдун кишик колдуу өлтүрүлүшүнө байланыштуу ВКП(б) Борбордук Комитети «эл душмандарына» каршы чара көрүү максатында партиялык документтерди текшерүү үчүн 1935-жылдын 13-майында кат тараткан.

Германдык антифашисттер Берлиндеги антисоветтик көргөзмөнү 1942-жылдын 13-майында өрттөп жиберишкен.

«Вести» маалымат программасы 1991-жылдын 13-май күнү II канал аркылуу эфирге чыга баштаган.

Өзбекстандын Анжыян шаарындагы куралдуу козголоң 2005-жылдын 12-майынан 13-майга караган түнү башталган. Куралданган адамдар түрмөнү күч менен ээлешип, эки миң чамалуу кылмышкерлерди эркиндикке койо беришкен. Козголоңчулар облустук администрацияны басып алышып, Анжыянда баш аламандык башталган. Өзбекстан бийлиги 13-майда шаарга аскер киргизип, козголоңчулар менен күч органдары ортосунда кагылыштан кан төгүлгөн. Аскердик жазалоодон качкан миңдеген өзбектер Кыргызстанга келип баш паанек сурашкан.
XS
SM
MD
LG