Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Кытай чапкынынан качкан дунгандар 1867-жылдын май айында Тарбагатай аймагын басып алууга аракет жасашкан жана алардын көздөгөн максаты кандайдыр бир даражада ишке ашкан. Алар 18-майда казак-орустардын Түштүк-Тарбагатай отрядына кол салышкан. Айыгышкан күрөштө орус аскерлери жеңишке жетишип, дунгандар качып, алар Үрүмчүдөн-Манаска чейинки айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып чаап кетишкен.

Пишпек Элдик депутаттар кеңешинин төрагасы А. Платов 1919-жылдын 18-майында шаардык тургундардын ичкиликке берилишине каршы каардуу билдирүү менен кайрылган. Ал ичкиликтин зыяны туурасында эркектер менен аялдарга өз-өзүнчө түшүнүк берген.

Фрунзе шаарында «Телефон сурамжылоо» китепчеси 1948-жылы жарык көргөн. Сурамжылоо чектелүү тираж менен чыккандыктан ал дароо таңсык китеп даражасына жетип, бүгүнкү күнгө чейин анын бир нускасы да жеткен эмес.

Ленинграддык минералогиялык музейдин Фергана өрөөнүнө жасаган экспедициясы 1924-жылдын бул күнү ийгиликтүү аяктаган. Александр Ферсман жетектеген экспедиция мындан радий орун алган бай кен запасын ачкан.

Дүйнө коомчулугу 18-майды Музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет. Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселе Советтер Союзунда да көтөрүлүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган. Кыргызстанда бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу белгиленип, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш-чаралар жасалып келет.

Фрунзе шаарында башталган «Базар козголоңу» 1967-жылдын 18-май күнү басылган. Борбордук базарда кокусунан козголоң чыгып, бир адам набыт кетип, үч адам жаракат алган жана анда Биринчи май, Свердлов ички иштер бөлүмүнүн мекемелери талкаланып, бир канча милиция унаалары өрттөлгөн.

Орус-швед согушун соңуна чыгарган “Тявзин” тынчтык келишимине 1595-жылдын 18-май күнү кол коюлган. Келишимге ылайык Швеция Орусияга Ливан согушу маалында айрылган жерлерди кайра кайтарган.

Орус империясында 1724-жылдын 18-май күнү ханыша Екатерина I тажы кийгизүү салтанаты өткөн.

Орусиянын башына 1727-жылдын 18-майында 11 жаштагы Пётр II келген.

Наполеон Боннапарт 1804-жылдын 18-май күнү Франциянын императору болуп жарыяланган.

Америка Кошмо Штаттары 1830-жылдын 18-май күнү биринчи чөп тегиздөөчү аппараты өндүрүшкө койгон.

Гаагадагы Биринчи тынчтык конференциянын иши 1899-жылдын 18-май күнү башталган. Конференция Орусиянын тышкы иштер министри, граф Михаил Николаевич Муравьевдун демилгеси менен чогулуп, анда куралды кыскартуу маселеси талкууланган. Гаага конференциясында тараптар негизги проблема боюнча бир пикирге келе албаган менен эл аралык талаш маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү туурасында келишимге кол коюлган.

Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык кырымдык татарларды Орто Азияга депортациялоо операциясы 1944-жылдын 18-май күнү таң эртең менен башталып, 20-майда саат 16.00 бүткөн. Операцияга НКВДнын 32 миң аскери тартылып, алар 183 155 адамды Орто Азияга күчтөп көчүрүшкөн.

Советтик политехникалык институттарда тарых менен географияны окутуу 1933-жылдын 18-майында киргизилген.

Советтер Союзунун Министрлер Кеңеши 1957-жылдын 18-май күнү «СССР Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүн уюштуруу туурасында» токтом кабыл алган.

«Турналар учканда» аттуу советтик тасма Канн кинофестивалында 1958-жылдын 18-май күнү “Алтын пальма бутагын” алган.

Юрий Андропов 1967-жылдын 18-майында СССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук Комитетинин (КГБ) төрагалыгына дайындалган.

Индия мамлекети 1974-жылдын 18-майында өзөктүк куралына жетишкен дүйнөнүн алтынчы өлкөсүнө айланган.

ВЛКСМдин XIX съездинде комсомол лидери Борис Пастухов 1982-жылдын 18-май күнкү билдирүүсүндө Леонид Брежневдин ысмын 38 жолу атаган.

«Правда» гезитинин 1985-жылдын 18-май күнкү санында «Ичкиликсиз жашоо нормасы» аттуу түрмөк пайда болгон.

Литва ССРинин Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 18-май күнү Литванын эгемендик Декларациясын кабыл алган.

Түркмөнстандын Конституциясы 1992-жылдын 18-май күнү кабыл алынган.

Акын, улуу ойчул Омар Хайям 1048-жылы жарык дүйнөгө келген. Илим чөйрөсүндө Омар Хаямды математик жана астроном катары билишет. Омар Хаям тарабынан иштелип чыккан астрономиялык календарь азыркыдан да так жана туура деп эсептелинет. Анткен менен айтылуу инсандын атагы акын катары ааламга тараган.
XS
SM
MD
LG