Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Падышачылык бийликтин саясатына каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүш айынан Кытайга качкан кыргыздар 1917-жылдын бул күндөрү кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан.

Жер которгон кыргыздардын саны 100 миң чамалап, алар Пишпек жана Пржевальск уезддерине жайгаштырылган. Качкындар үчүн курулган атайын комиссия аларга үй-жай бөлүп берүү жана алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерди чечкен. Качкындар маселеси жана аларды жайгаштыруу ишин Убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен Ташкент кеңешинин депутаттары аткарышкан.

Түркстан Коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин 1922-жылдын 22-май күнкү биргелешкен жыйынында Кыргызстан аймагында Тоолуу облус негиздөө маселеси талкууланган.

Тоолуу облус негиздөөнүн зарылчылыгы туурасында мындай биримдикке караманча-каршы турган Р. Кудайкуловдун билдирүүсү угулган. Арийне, негизги баяндамачынын көз карашы бириккен жыйындын чечимине таасир тийгизбей койгон эмес. Ошентип Түркстан Коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети менен Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин биргелешкен жыйыны Тоолуу облус негиздөө али эрте экендигин жана ал маселе боюнча кыргыздардын өзүнүн ичинде биримдик жок экендигин белгилеген.

Кыргызстан жаштарынын I фестивалы 1957-жылдын 22-май күнү борбор шаарда салтанат менен ачылган. Фестиваль алкагында облустук топтордун чыгармачылыгы, концерт жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Мындан тышкары Дзержинский көчөсү убактылуу Фестивалдык деп аталып, анда күнү-түнү атракцион жана оюн-зооктор көрсөтүлгөн.

Кыргыз мал чарба Институтундагы эксперименталдык ферманын зоотехниги Чыңгыз Айтматов 1954-жылдын 22-майында республикалык маалымоо каражаттары аркылуу Украинанын Орусия курамына кабыл алынышынын 300 жылдыгына карата кызуу куттуктоосун билдирген. Анда кыргызстандык адистер малчылык боюнча тажрыйба алмашуу максатында Украинанын колхоз, совхоздоруна бараары, мындай көрүнүш эки бир тууган элдин баш кошуп, биригишинен улам мүмкүн болгондугу белгиленет.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1954-жылдын бул күнкү жардыгы менен Министрлер кеңешине карштуу мамлекеттик коопсуздук комитетин уюштурган. КГБнын биринчи төрагасы болуп Александр Терещенко дайындалган.

Биринчи петербургдук типографиядан «Ведомости» газетасынын биринчи саны 1711-жылдын 22-май күнү жарык көргөн.

Москвадагы Третьяков галереясы 1856-жылдын 22-май күнү негизделген. Көркөм сүрөт күйөрманы Павел Третьяков бул күнү сүрөтчү Николай Шиндлердин сүрөтүн сатып алып, аны көргөзмөгө койгон.

Кинологдордун эл аралык федерациясы 1911-жылдын 22-майында негизделген. Бельгиянын Тюин шаарына топтолгон Германия, Австрия-Венгрия, Бельгия, Франция жана Нидерландия өлкөлөрү иттерди коргоо жана алардын жаңы түрлөрүн чыгаруу туурасында келишимге кол коюшкан.

Фашисттик Италиянын мамлекет башчысы Б. Муссолини 1929-жылдын 22-майында сулуулардын сынагына тыюу салган.

Италия менен Германия мамлекеттери 1939-жылдын 22-май күнү “Болот” пакты аттуу келишимге кол коюшкан. “Болот” пактысына жараша эки өлкөнү бириктирген «Берлин-Рим огу» аттуу аскердик блок түзүлгөн.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиуму 1940-жылдын 22-майында Социалисттик Эмгектин Баатыры аттуу наамга ыйгарылчу «Орок жана Балка» алтын медалын чыгаруу туурасында чечим чыгарган.

Курал жасоонун конструктору, айтылуу тапанчаны чыгарган Николай Федорович Макаров 1914-жылдын 22-майында жарык дүйнөгө келген.

Биологиялык түрлөрдүн эл аралык күнү 2001-жылдын 22-майынан бери белгиленип келет. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын атайын кабыл алган чечимине ылайык биологиялык түрлөрдүн күнү белгилөө менен бирге, аталган маселеге дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, чөйрөгө этият мамиле жасоо зарылчылыгы күн тартибине коюлат.

Екатеринослав (азыркы Днепропетровск) шаары 1787-жылдын 22-май күнү негизделген.

Доктор Вашингтон Шеффилд 1892-жылдын 22-май күнү тиш жуугуч паста үчүн кутучаны ойлоп тапкан.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин Президиуму 1940-жылдын 22-май күнү Социалистик Эмгектин баатырдык белгиси болгон «Орок жана Балка» алтын жылдызын киргизүү туурасында Жардык кабыл алган.

«Орустар келе жатат» деген сөздүн авторлугу ыроолонгон АКШнын биринчи коргоо министри Жеймс Винсент Форрестол 1949-жылдын 22-майында өзүн-өзү өлтүргөн.

Кытайдын коммунисттик өкмөтү 1950-жылдын 22-майында Тибетке эгерде мында коммунисттик бийлик орносо, анда ага аймактык автономия ыйгарылаарын сунуш кылган.

Советтер Союзуна биринчи келген Америка Кошмо Штаттарынын президенти Ричард Никсон болгон. Ал 1972-жылдын 22-май күнү СССРге сапар жасаган.

Узак жылга уланган карама-каршылыктан кийин Йемендин Түндүк менен Түштүгү биригип, 1990-жылдын 22-май күнү Йемен Республикасы уюшулган.

Орусия федерациясынын юстиция министрлиги 1995-жылдын 22-майында «Орусия - биздин үй» деген коомдук кыймылды каттаган.

Айтылуу немис композитору Рихард Вагнер 1813-жылдын 22-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Атактуу англис жазуучусу Артур Конан Дойл 1859-жылдын 22-майында туулган.
XS
SM
MD
LG