Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

23-май: Тарых барактары


Иван Тургенев
Иван Тургенев

Түркстан аймагынын генерал губернатору Кауфман 1877-жылдын бул күнү кытай генералы Цзо Цзунга кат жолдогон. Катта кытай бийлигинин Манас шаарындагы дунган калкына карата жасаган циндик бийликтин жырткычтыгы айыпталган.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети 1937-жылдын 23-майында уюшулган. Комитет башына Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Б. Исакеев дайындалып, ар бир тармак боюнча жетекчилер белгиленген. Бирок көп өтпөй эле алардын басымдуу көпчүлүгү эл душмандары аталып камакка алынып, бир даары болсо атылып кеткен.

Борбор шаардын четиндеги Лебединовка айлынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштагандыгы 1941-жылдын бул күндөрү коомчулуктун көңүлүн бийлеген окуяга айланган. Жергиликтүү калк мындан Будданын алтын айкелин, тоту куш кеби салынган алтын шакек сыяктуу кун жеткис буюмдарды табышкан. Адамдар алардын көпчүлүгүн шаардагы алтын сатып ала турган дүкөндөргө, бир даарын Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитетине тапшырышкан.

Улуу Ата мекендик согушта жаракат алган адамдарды ташыган акыркы эшолон 1945-жылдын бул күнү Фрунзе шаарына келген. Жарадарлар борбор шаардын госпиталдарына жаткырылып, мында аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлө баштаган.

Мурдагы Жигулевская, азыркы Субанбердиев көчөсүндө орун алган Кыргызполиграф комбинаты 1966-жылдын бул күнү ишке киргизилген. Адегенде ал Фрунзеполиграф комбинаты аталып, анда арак-шарап үчүн этикеткалар чыгарылып, кийин анын аты өзгөргөндөн соң, комбинатта марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектери басылып чыгарыла баштаган.

Италиялык айтылуу философ Жордано Бруно 1592-жылдын 23-май күнү инквизиция тарабынан Венецияда камакка алынган.

Православдык чиркөө соборунун 1666-жылдын 23-майындагы чечимине ылайык, протопоп Аввакум Петровдун чачы кыркылып, чиркөөнүн каргышына алынган. Ошентип Русь мамлекетиндеги чиркөөлүк ажырымга жол ачылган.

Иван Тургенев 1879-жылдын 23-май күнү Оксфорд университетинин жарандык укук боюнча доктордук наамына арзыган.

Италия 1915-жылдын 23-май күнү Австрия-Венгрияга согуш жарыялап, биринчи дүйнөлүк согушка кирген.

РКП (б) XIII съезди 1924-жылдын 23-май күнү Москва шаарында ишин баштаган.

«Комсомольская правда» гезити 1930-жылдын 23-май күнү биринчи Ленин ордени менен сыйланган.

Советтер Союзу 1987-жылдын 23-майынан тарта «Америка үнү» аталган үналгыга расмий түрдө тоскоолдуктарды токтоткон.

Абхазия 2004-жылдын 23-май күнү өзүнүн акча бирдигин киргизген. Бул туурасында таанылбаган республиканын тышкы иштер министри Сергей Шамба маалымат каражат кызматкерлерине кабарлап, бирок акчаны жасай турган өлкө менен ишкананы атаган эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путин Балтика өлкөлөрүнүн Орусияга болгон кинелерине байланыштуу 2005-жылдын 23-май күнү «Комсомольская правда» гезитине маек курган. Президент В. В. Путин «Албетте, биз эч бир аймактык кинеге байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз. Псков облусунун Пыталов району! Пыталов району эмес, аларга өлүк эшектин кулагы!» деп жооп берген.
XS
SM
MD
LG