Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

24-май: Тарых барактары


А. В. Суворовдун сөөгү 1800-жылдын 24-май күнү Петербург шаарында жерге берилген.
А. В. Суворовдун сөөгү 1800-жылдын 24-май күнү Петербург шаарында жерге берилген.

Айтылуу саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын бул күнү Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген. Саякатчы мындагы жер өзгөчөлүгү жана кыргыз урууларынын абалы, алардын ич ара мамилелери туурасында баяндап, бугу манаптары жана жакшылары-подполковник Боромбай Бекмуратов, Муратаалы Бекназаров, Казыбек Шералин, Карач бий, Тилекмат бийлер менен жолуккандыгын кабарлаган.

Ташкент шаарында 1919-жылдын бул күнү РКП(б)нын Түркстандагы мусулман уюмунун I аймактык конференциясы ишин баштаган. Конференцияда Түркстандык мусулмандардын совет бийлигин курууга катышы, партиялык курулуш жана мамлекеттик бийлик органдарынын түзүлүшү сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

Кыргызстан КП(б) БКнын V Пленуму 1941-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Пленумда СССР ВКП(б) БКсы менен Элдик комиссарлар кеңешинин «Жергиликтүү сырье эсебинен калкка керектүү товар менен тамак-ашты өндүрүүнү арттыруу туурасындагы» Токтомунун аткарылышы, жазгы себүү, эгин оруу даярдыгы сыяктуу маселелер каралган.

СССР Министрлер Кеңеши 1961-жылдын бул күнү Фрунзе пединститунун базасында Кыргыз мамлекеттик университетин уюштуруу Токтомун кабыл алган. Токтомго ылайык, университетке мамлекеттик макам ыйгарылып, анын окуу базасы кеңейтилген жана жогорку окуу жай кадрларды даярдоонун борборуна айланган.

РКП(б)нын XIII съездинин 1925-жылдын 24-май күнкү чечимине ылайык «Комсомольская правда» гезитинин 1-саны жарык көргөн. Гезит бүткүл совет өлкөсүнүн аймагына тарап, анын беттеринде жаштар маселелери көтөрүлүп турган.

24-май – Славян жазуусу жана маданиятынын күнү катары белгиленет.

Айтылуу полководец А. В. Суворовдун сөөгү 1800-жылдын 24-май күнү Петербург шаарында жерге берилген.

Эквадор 1822-жылдын 24-май күнү Испаниядан бөлүнүп, эгемендик алган.

Падышалык цензура менен 1866-жылдын 24-май күнү «Современник» журналынын басылышы токтотулган.

Падыша Николай II 1900-жылдын 24-май күнү Санкт Петербургдагы Жаңы Адмиралтействодо «Аврора» крейсерин сууга түшүргөн.

Германдык «Бисмарк» линкору 1941-жылдын 24-май күнү Дания кысыгында британдык флоттун сыймыгы эсептелген «Худ» крейсерин чөктүргөн. Команданын 1415 матрос жана офицерлер арасынан болгону үч адам гана аман калган.

“Евровидение” ыр жарышынын биринчи сынагы 1956-жылдын 24-майында Швейцариянын Лугано шаарында өткөн.

КПСС Борбордук Комитетинин Пленуму 1977-жылдын 24-май күнү Советтер Союзунун жаңы Конституциясынын долбоорун жактырып, анны СССР Жогорку Кеңешине сунуш кылган.
XS
SM
MD
LG