Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

26-май: Тарых барактары


М. Н. Ломоносов атындагы университет.
М. Н. Ломоносов атындагы университет.

Омск облусунун башчысы С. Б. Броневский 1825-жылдын 26-май күнү бугу уруусунун бийлерине жооп катын жолдогон. Анда бийдин баласы жолдоштору менен Омскиде болушканы жана баалуу белектерди алып келишкени кабарланат. Мындан тышкаары, бийлердин орус кербендирин Аксу менен Кашкарга коштоп баруусуна кепилдик беришине ыраазычылык билдирилген.

Таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын 26-май күнү Ысык Көл өрөөнүндө жашаган беймаалым манасчыдан «Манас» дастанынын үзүндүсүн жазып алган. Чокан Валиханов жазган «Манас» дастаны бүгүнкү күндө өзүнчө оригиналдуу вариант эсептелинет жана ал дастандын алгачкы кол жазмаларынан деп саналат.

Фрунзе шаардык жумушчулар, дыйкандардын жана кызыл аскерлер депутаттары 1927-жылдын 26-май күнү шаардын туш тарабында күч алган топурак казууларды токтотуу чечимин кабыл алган. Бул убакта борбордо жеке үй куруу кыймылы күч алып, адамдар эски сепил жана мусулман бейитинин айланасына аңдарды казып жиберишкен. Шаардык кеңештин чечимине ылайык, мындан ары үй курулушу үчүн топурак, таш алуу жерлер белгиленген.

Москва шаарында 1939-жылдын 26-май күнү кыргыз искусствосунун Декадасы башталган. Декадага республиканын театралдык-музыкалык топтору менен өздүк көркөм чыгармачылык өкүлдөрү тартылышып, ал москвалык көрүүчүлөргө зор таасир калтырган. Кыргыз искусство чеберлери тартуулаган чыгармаларды 30 миң чамалуу советтик адамдар көргөн.

Совет өлкөсүндөгү Кооперативдер туурасындагы мыйзам 1987-жылдын 26-май күнү кабыл алынган. Кооператив мыйзамы Кыргызстандын аймагына да тарап, республикада алгачкы ишкерлер пайда болгон. Өлкө аймагында кооперация аталышы менен чакан ишканалар ачылып, соода сатыкка аралашкандардын саны өскөн.

Папа Григорий IX 1232-жылдын 26-май күнү биринчи инквизиторлорду Арагонго жөнөткөн. Ошентип мында эки кылымга уланган испандык инквизицияга негиз салынган.

Англис парламенти Хабеас Корпус аталган конституциялык актылардын негизин түзгөн инсандык касиетке кол тийгис мыйзамды 1679-жылдын 26-май күнү кабыл алган.

М. Н. Ломоносов 1761-жылдын 26-май күнү Венерадагы атмосфераны ачкан.

Карабах өкүмдары Ибрагим-хан 1805-жылдын 26-май күнү Орусияга берилгендигин билдирген ант берген.

Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты 1868-жылдын 26-май күнү өлкө президенти Эндрю Жонсонду кызматынан кетирүү үчүн добуш бере башташкан. Эндрю Жонсон буга чейин вице-президент болуп иштеп, Авраам Линкольн өлтүрүлгөндөн кийин президенттик кызматка келген. Америкалык Сенат аны кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп күнөөлөгөн. Сенат бул таймашта жеңилгени менен Эндрю Жонсондун саясий лидерлик баркы төмөн түшкөн.

Британия өкмөтү 1874-жылдын 26-май күнү Канада аскер академиясын ачуу туурасында чечим чыгарган.

1918-жылдын 26-май күнү өз алдынча Грузия, Армения жана Азербайжан үч республикага бөлүнгөн.

Адольф Гитлер 1938-жылдын 26-май күнү Вольфсбург шаарында курула турган «Фольксваген» заводунунун пайдубалына таш салган салтанатка катышкан.

Германияга каршы биргелешип күрөшүү үчүн Советтер Союзу менен Британия ортосундагы келишимге 1942-жылдын 26-майында кол коюлган.

Советтер Союзунда 1947-жылдын 26-май күнү өлүм жазасына тыюу салынган.

Гайана 1966-жылдын 26-май күнү Британиядан бөлүнүп, эгемендик алган.

«СССР менен АКШ ортосундагы өз ара түшүнүүнүн негизи» аталган келишимге 1972-жылдын 26-май күнү кол коюлуп, буга чейин тирешип келген мамлекеттер арасында «кайра жануу» («разрядка») саясаты башталган.

Грузиядагы биринчи президенттик шайлоо 1991-жылдын 26-май күнү өтүп, жеңиш мөрөй Звиад Гамсахурдиага тийген.

Орусия менен Белоруссия ортосундагы чек ара 1995-жылдын 26-май күнү алынган.
XS
SM
MD
LG