Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

29-май: Тарых барактары


Жон Фицжеральд Кеннеди 1917-жылдын 29-май күнү жарык дүйнөгө келген.
Жон Фицжеральд Кеннеди 1917-жылдын 29-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Орус империясы менен Кытай өлкөсү ортосундагы чек ара маселесин тактоо үчүн өткөн 1881-жылкы Санкт-Петербург келишиминин чечимин аткаруу максатында эки тарап 1884-жылдын 29-майында Жаңы-Маргелан келишимине кол коюшкан. Жаңы-Маргелан келишиминде эки өлкөнү бөлгөн чек Какшаал кырка тоосундагы Бедел ашуусу аркылуу өткөн.

Жаңы келишимге ылайык, Беделден Эркечтамга чейин 28 чек ара белгилери коюлуп, ал эми Беделден Узбелге чейинки аралыкка белги түшпөй бош калган. Тоолуу аймак аркылуу өткөн чек ара тилкеси картага так түшүрүлбөй жана анын түшүндүрмөсү ачык жазылбагандыктан, аталган аймак Орусия империясы, кийин Советтер Союзу, андан соң Кыргыз Республикасы менен Кытай мамлекеттери ортосунда талаш туудуруп келген.

Кыргызстандык көпөс Ивановдун Пишпектеги пиво чыгарчу заводу 1909-жылы ишке киргизилген. Пивого керектелчү суу Ала-Арчадан ташылып, арпа күйүп кетпеси үчүн жумушчулар 10-12 сааттап казанды аралаштырып турушкан.

Буга чейин коңшулар ээлеп келген Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кен 1928-жылдын 29-май күнү Өзбекстандан Кыргызстанга кайтарылып берилгендиги кабарланган. Ошентип кыргыз-өзбек чек ара маселесиндеги талаш аймак тарыхый фактыга жараша Кыргызстандын пайдасына чечилген.

«Фрунзеден Рыбачьеге чейин ичкиликсиз күжүрмөн жол!» деген чакырык 1933-жылдын 29-май күнү ташталган. Буга ылайык, айдоочуларга бири-бирине кичи пейил мамиле жасап, жолдо мас абалында мушташууларды токтотуу зарылчылыгы белгиленген. Мындан тышкары айдоочуларга “жылкы, төө жана эшектерди үркүтпөө үчүн түнкүсүн ылдам айдабагыла” деген эскертүү берилген.

Мурдагы Сталин, азыркы Чүй проспектисиндеги үч кабаттуу Сүрөтчүлөр үйү 1953-жылы ачылган. Ал убак үчүн Сүрөтчүлөр үйү бийик курулуш деп эсептелинип, совет архитектурасынын алдыңкы үлгүсүнүн бири катары саналган. Сүрөтчүлөр үйү бүгүн да Бишкек архитектурасынын кемелин келтирген көркөм имараттардын катарына кирет.

Чүй өрөөнүндө аба ырайы 1958-жылдын 29-май күнү кескин өзгөргөн. Абанын температурасы күндүз 12 градуска төмөндөп, кечкурун жааган жамгыр катуу карга айланып, мөмө жемиштерди үшүп алып кеткен. Кызыгы, ошол күнкү синоптиктердин билдирүүлөрү боюнча борбор шаарда абанын температурасы 13-18 градус жылуу жана майда жамгыр жаашы күтүлө тургандыгы кабарланган.

29-май – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Куралдуу күчтөр күнүн белгилөө туурасында чечим 1992-жылы кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.

Кыргызстандын «2001-2010-жж. аралыгындагы комплекстүү өнүгүү негизинин Улуттук стратегиялык программасы» 2001-жылдын 29-майында кабыл алынган.

29-май Бириккен Улуттар уюмунун жараштыруучуларынын эл аралык күнү. Бул күн 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынып, майрам катары 2003-жылдын 29-майынан тарта белгиленип келет.

Султан Мехмед II жетектеген осмондуктар 1453-жылдын 29-май күнү Константинополь шаарын басып алышкан.

Англияда 1660-жылдын 29-май күнү монархия кайра калыбына келтирилген. Оливер Кромвель өлгөндөн кийин генерал Жорж Монк Нидерландияда качкында жүргөн Стюарттар династиясынын өкүлү Карл II менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны кайра такка алып келген.

Пётр II 1727-жылдын 29-май күнү Орус империясынын падышалык тагын ээлеген.

Император Александр I 1803-жылдын 29-май күнү Санкт-Петербург шаарынын жүз жылдык салтанатын белгилеген.

АКШнын президенттик расмий желеги 1916-жылдын 29-май күнү бекитилген.

Борбордук Аткаруу Комитети 1918-жылдын 29-май күнү бажы төлөмдөрү жана бажы мекемелери туурасында Декрет кабыл алган. Ошентип бул күнү советтик бажы кызматы уюшулган.

Норвегия мамлекетинде 1945-жылдын 29-май күнү фашисттер менен кызматташкандыгы үчүн жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Кнут Гамсун камакка алынган.

Советтер Союзундагы окулган журналдардын көч башында турган «Футбол» жумалыгы 1960-жылдын 29-майында жарык көргөн.

Палестина улуттук конгресси 1964-жылдын 29-май күнү Палестина боштондук уюмунун уюшулгандыгын жар салган.

Донецк улуттук университети 1965-жылдын 29-май күнү негизделген.

Советтер Союзундагы эң кубаттуу жүк ташуучу унаа эсептелген «БелАЗ-7520» 1975-жылдын 29-май күнү Белоруссиялык заводдо чыгарыла баштаган.

АКШ президенти Рональд Рейгандын Советтер Союзуна жасаган сапары 1988-жылдын 29-май күнү башталган.

Борис Ельцин 1990-жылдын 29-май күнү РСФСР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына шайланган.

Дүйнөлүк коомдук пикирге олуттуу өзгөрүү киргизген таанымал ойчул Освальд Шпенглер 1880-жылдын 29-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Киши колдуу өлтүрүлгөн Америка Кошмо Штаттарынын 35-президенти Жон Фицжеральд Кеннеди 1917-жылдын 29-май күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG