Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

А. В. Каульбарс жетектеген орус отряды 1869-жылдын бул күнү Верный шаарынан чыгып, Караколду карай бет алган. Отрядга коюлган милдетке ылайык, алар Караколдо аскер казармасын куруп, мындан тышкаары шаардагы курулуш иштерин баштоого киришмек. А. В. Каульбарстын Караколго жасаган сапары шаардын түптөлүшүнө зор салым кошкон.

Мамыр Мергенов баштаган кыргыз козголоңчулары 1874-жылдын бул күнү Кокон хандыгынын ээлигине киришип, Анжыян шаарын басып алууга аракет жасашкан. Бирок алардын көздөгөн максаты оңунан чыкпай, козголоңчулар Базар-Коргонго бекинишкен. Кокондук аскерлер аларга сокку урушуп, кыргыздарды толугу менен талоончулукка алышкан жана акыркылар кайрадан Токмок уездине качууга мажбур болушкан.

Борбор шаардын мектептеринде өткөн жылдык жыйынтык сыноолор 1935-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Ал убакта сынак аталышы эски буржуазиялык заман калдыгы деп жээрилгендиктен, анын ордуна жылдык жыйынтык термини колдонулган. Мындан тышкары № 1 орто мектепте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу улан, кыздар 10-классты бүтүрүшкөн жана алардын даярдыгына Билим берүү боюнча элдик комиссары Т. Жолдошев толук канааттангандыгын билдирген.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1939-жылдын 31-май күнкү жардыгына ылайык Каракол шаары кайрадан Пржевальск аталышын алган. Буга чейин 1921-жылдын 15-февралында шаар эски тарыхый аталышына жараша Каракол деп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Советтик Энциклопедиянын Башкы редакциясын уюштуруу чечими 1968-жылы чыгарылып, адегенде, ал Кыргыз ССР Илимдер Академиясына караштуу уюшулган. Энциклопедияга Кыргызстан жана кыргыз элинин тарыхы, маданияты, тили, адабияты жана искусствосуна тиешелүү маалыматтарды жазуу, жарыялоо милдети жүктөлгөн.

Ала-Арча капчыгайынын татаал аймагында автоматташтырылган радиометерологиялык станциянын курулушу 1974-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Станция аба температурасы, атмосфералык басым жана жаан-чачын, шамал багыты, ылдамдыгы, күндүн тийиши туурасында маалыматты эфирге чыгарып турган.

31-майда дүйнө коомчулугу тамекисиз күндү белгилейт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тамеки тартуунун зыяны туурасында 1982-жылы коомчулуктун көңүлүн бурган резолюция кабыл алган.

Италиялык археолог Антонио Босио 1578-жылдын 31-май күнү Рим шаарындагы байыркы христиандык көрүстөндөрдү ачкан.

Нидерланд королдугу 1815-жылдын 31-майында уюшулган.

Дүйнөдөгү биринчи веложарыш 1868-жылдын 31-май күнү Париждин чет жакасындагы Сен-Клу паркында өткөн.

Вернер фон Сименс конструкциялаган дүйнөдөгү биринчи электропоезд жана электрдик темир жол 1879-жылдын 31-май күнү Берлин шаарында калкка көрсөтүлгөн.

Америкалык врач жана вегетариандык тамактануунун жактоочусу Жон Харви Келлог 1884-жылдын 31-май күнү жүгөрү бадырагын патенттеген.

Германиядагы готикалык шрифт 1941-жылдын 31-май күнү латын тамгасына алмаштырылган.

Блокадада турган Ленинград шаарында 1942-жылдын 31-май күнү Динамо жана ЛМЗ командалары ортосунда футболдук матч өткөрүлгөн.

Советтик совхоздор менен МТСтерде 1943-жылдын 31-майында саясий бөлүмдөр жоюлган.

Түштүк-Африка Республикасы 1961-жылдын 31-май күнү Британиядан эгемендик алган.

«Комсомольская правда» гезитинин лыжа менен жасаган экспедициясы 1979-жылдын 31-май күнү Түндүк уюлга жеткен.
XS
SM
MD
LG