Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Кыргыз калкы үчүн 1917-жылдын бул күндөрү өтө оор болгон. Кыргыздар 1916-жылкы көтөрүлүш кесепетинен жабыр тартса, 1917-жылкы каатчылыктан улам мал кырылып, көчмөн элдин жашоосу оордогон. Ачкачылык адегенде шаар калкына жана кедей-кембагалдарга катуу тийген. Айрым архивдик материалдарга караганда, каатчылытын айынан 2-3 ай бою нан жебеген кыргыздардын саны арбыган.

Пишпектин уездик-шаар бийлиги 1919-жылдын бул күнү «чакырылбаган жексур конок» - азиялык холеранын жакындаганын калкка кабарлаган. Холера коркунучун алдын алуу үчүн шаар калкына амбулаториялык эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы белгиленген.

Советтер Союзунда 1935-жылы чек ара аркылуу качкандар үчүн өлүм жазасы киргизилип, ал ушул эле күнү кыргызстандыктарга кесепетин тийгизген. Кыргыз калкы буга чейин Кытайга байма-бай каттап тургандыктан чек ара аймагына жакын жашаган калк үчүн мыйзам чарбалык эле зыян алып келбестен, алардын өмүрүнө коркунуч жараткан.

СССР суу алдындагы спорт Федерациясынын вице-президенти Сергей Капица 1964-жылдын бул күнү Ысык-Көлдүн түбүнөн кызыктуу археологиялык ачылыш жасалгандыгын кабарлаган. Анын билдирүүсүнө караганда, акваланчы адистер көлдүн түндүк жээгинен убагында Тимур курган чептин калдыгын тапкан. Бул жерден карапа сыныктары, эски тыйындар, кооздолгон керамикалар чыккан. Алардын божомолуна ылайык, шаар катуу жер титирөөдөн кыйрап, суу астында калган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин президиуму 1969-жылдын бул күнү Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик оркестринин дирижеру Асанкан Жумакматов менен Чечен-ингуш балеттик филармониясынын артисти Махмуд Эсембаевге республиканын Эл артисти деген наам ыйгарган. Алар мындай наамга искусство чеберлеринин «Ала-Тоо жазы» фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн арзыган.

Италиялык саякатчы Жованни да Плано Карпини 1246-жылдын 9-июнь күнү Киевге кайтып келген. Францискандык монах европалыктардан биринчи болуп монголдордун Каракорумдагы империя борборуна барган адам деп саналат.

Император Пётр I 1719-жылдын 9-июнь күнү Орусия губернияларын провинция жана уездерге бөлгөн.

Америкалык Чарльз Грэм 1822-жылдын 9-июнь күнү жасалма жаакты патенттеген.

Москва шаарындагы Тарых музейи 1883-жылдын 9-июнь күнү ачылган.

Кытай мамлекети 1885-жылдын 9-июнь күнү Франциянын Индокитайдагы протекторатын тааныган.

Жордано Бруно өрттөлгөн жерге Рим шаарында 1889-жылдын 9-июнь күнү эстелик тургузулган.

Англия 1898-жылдын 9-июнь күнү Кытайдан Гонконгдун аймагын 99 жылга ижарага алган.

«Советтер Союзунун жаш пионерлер мыйзамы» 1928-жылдын 9-июнь күнү кабыл алынган.

Москва менен Ленинград шаарлары арасындагы «Красная стрела» поезди 1931-жылдын 9-июнь күнүнөн тарта жүрө баштаган.

Советтер Союзундагы оккупацияланган аймактарды эксплуатациялоо үчүн Германияда 1941-жылдын 9-июнь күнү «Восток» аталган штаб курулган.

Советтер Союзу 1945-жылдын 9-июнь күнү Германиянын чыгыш аймагында Советтик аскер администрациясын уюштурган.

Уинстон Черчилль 1963-жылдын 9-июнь күнү Америка Кошмо Штаттарынын ардактуу атуулу болгон.

Советтик коммунисттик партия лидери Михаил Горбачёвдун 1986-жылдын 9-июнь күнү Венгрияга жасаган сапарынан кийин «Арбын демократия, арбын социализм» лозунгу пайда болгон.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 1994-жылдын 9-июнь күнү өлкө борборун Алма-Атадан Акмолого (мурдагы Целиноград) көчүрүү туурасында жар салган.

Украина президенти Леонид Кучма менен Орусия президенти Борис Ельцин 1995-жылдын 9-июнь күнү Сочи шаарында Черноморск флотун бөлүү туурасында келишимге жетишкен.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2000-жылдын 9-июнь күнү Чеченстанга түз президенттик башкаруу киргизген.

Айтылуу немис филологу, байыркы перс клинопис жазууларынын окулушуна чыйыр салган Георг Фридрих Гротофенд 1775-жылдын бул күнү Мюнхен шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал байыркы перс өкүмдарлары Дарий менен Ксеркстин тексттерин 1802-жылы окуган жана аларды илимий изилдөө алкагына киргизген.
XS
SM
MD
LG