Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

15-июнь: Тарых барактары


2009-жылдын 15-июнунда Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны өткөн.
2009-жылдын 15-июнунда Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны өткөн.

Кирлик жана Хазратта козголоң чыгарган кыргыздар менен кыпчак уруулары 1873-жылдын бул күндөрү Фергананы карай бет алып, Кокон хандыгынын өрөөндөгү тиреги болгон Өзгөн чебин басып алышкан. Мындагы хандык казына таланып, аскер башчы жана кокондук өкүлдөр козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн. Козголоңчулар Ош, Сузак, Булак-Башы, Үч-Коргон жана башка бир канча айыл-кыштактарды күч колдонбой басып алууга жетишкен.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн лейлектик кыргыздар 1873-жылдын 15-июнунда орус бийлигинен букаралык сурап Токмок уезддик начальнигине кайрылышкан. Алар кокондук зекетчилердин аксымдыгы, хан аскерлеринин зулумдугу жанга баткандыгын кабарлашып, орус бийлиги менен тамырлаш болууну самагандыктарын билдиришкен.

Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огарев 1788-жылдын бул күнү Атаке баатырга кат жолдогон. Катта Тынайбиев Атаке баатыр орус ханышасы Екатерина II тарабынан 800 рубль күмүш акча менен сыйлангандыгы кабарланат. Мындан тышкары Н. Г. Огарев Атаке баатырдан кыргыз элчилеринин эсен-соо жетип алгандыгын сураган.

Кыргызстандын айрым аймактарында 1917-жылдын бул күндөрү согуш фронтуна каршы кыймыл башталган. Пржевальск шаарында эс алууга келген аскерлер Тыныгуудагы аскер кеңешин уюштурушуп, согушка кетүүдөн баш тартышкан.

Ушул эле убакта Пишпектин топтоо пунктунда согушка жөнөтүлчү 800 чамалуу адам алардын фронтко жиберилишине каршы чыгышкан.

Түркстан коммунисттик партиясынын III съезди 1919-жылдын бул күнү ишин аяктаган.

Кыргызстанда «Сабаттуу бол» гезитинин биринчи саны 1930-жылдын бул күнү жарык көргөн. Гезит өлкөдө кулач жайган сабатсыздыкты жоюуга шайкеш чыгарылып, анын беттеринде түркөйлүккө каршы күрөш жүргүзүү жана кыргызча окуу үлгүлөрү жарыяланган.

ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму 1933-жылдын бул күнү ишин баштаган. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыюу өнөктүгүнүн аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү сыяктуу маселелер каралган.

Византия императору Константин 313-жылдын 15-июнунда дин ишенимине эркиндик берип, христиандардан конфискацияланган мүлктү кайра кайтарып берүүгө буйрук берген.

Айтылуу акын Данте Алигьери 1300-жылдын 15-июнунда Флоренциянын өкмөт курамына кирген.

Христофор Колумб 1502-жылдын 15-июнунда Мартиника аралын ачкан.

Фрэнсис Дрейк жетектеген англис жер шаарын айланган экспедициясы 1580-жылдын 15-июнунда Изги Үмүт урчугун айланып өтүшкөн.

Витус Беринг жетектеген Улуу Түндүк экспедициясы 1741-жылдын 15-июнунда Авачинск кысыгынан чыгып Камчаткага багыт алган.

Орус ханышасы Екатерина II коомдук бейпилдикке бүлүк сала турган ойлонбой туруп сүйлөөлөргө тыюу салган манифестти 1763-жылдын 15-июнь күнү чыгарган.

Арканзас 1826-жылдын 15-июнунда 25-штат катары АКШнын курамына кабыл алынган. Жергиликтүү индеецтердин сөзүндө Арканзас «өзөндүн этегинде жашаган адамдар» деген түшүнүктү туюнтат. Административдик бирдик бейрасмий түрдө Аю штаты деп аталып, «Эл эле башкарсын» деген ураанды кабыл алынган. Штаттын символу алма гүлү, чымчык жана карагай болгон.

Чарльз Гудиер 1844-жылдын 15-июнунда резинаны вулканизациялоо жолун патенттеген.

Британия менен АКШ 1846-жылдын 15-июнунда Орегон келишимине кол коюшкан. Келишимге ылайык АКШ менен Канаданын чек арасы 49-параллел аркылуу өтөөрү белгиленген.

Генерал М. Г. Черняевдин аскерлери 1865-жылдын 15-июнунда Ташкент шаарын басып алган.

Америкалык дарыгер Жон Боббс 1867-жылдын 15-июнунда Индианаполис шаарындагы ооруканада өттүн ташын алуу үчүн ийгиликтүү операция жасаган.

Американын Олбани шаарынын тургуну Жон Хайат 1869-жылдын 15-июнунда целлулоидди патенттеген.

АКШдагы Америкалык антиимпериялык лига 1898-жылдын 15-июнунда уюшулган. Лига АКШнын Филиппин аралдарын басып алууга жасаган империялык саясатын, андан кийин Кубага жасалган аргессияга каршы күрөшкөн.

Антиимпериялык лигага америкалык айтылуу адамдар тартылып, 1901 – 1910-жж. Лиганын вице-президенти болуп Марк Твен кызмат өтөгөн.

Гаагадагы II Тынчтык конференция 1907-жылдын 15-июнунда ишин баштаган.

Эстон Республикасынын Конституциясы 1920-жылдын 15-июнунда кабыл алынган.

«Форд» компаниясы 1924-жылдын 15-июнунда он миллионунчу унааны чыгарган.

ВКП(б) Борбордук Комитети 1931-жылдын 15-июнунда Москва метрополитенин куруу туурасында Токтом кабыл алган.

Англия Биринчи дүйнөлүк согуш маалынан калган Америка Кошмо Штаттарына болгон карызын 1933-жылдын 15-июнь күнү төлөп бүткөн.

Хо Ши Мин 1941-жылдын 15-июнь күнү Эркин Вьетнам лигасын уюштурган. Лиганын негизги максаты өлкөнү колониалдык эзүүдөн куткаруу болгон.

Батыш Германия 1950-жылдын 15-июнунда Европа Кеңешине кабыл алынган.

Кытай Элдик Республикасы 1963-жылдын 15-июнунда дүйнөлүк революция идеясына чыккынчылык жасады деп Советтер Союзун айыптаган.

Советтик «Союз-29» космостук башкаруучу кемени 1978-жылдын 15-июнунда учурулган.

Намибиянын ички жана тышкы саясий башкаруусу жөнгө салуу максатында 1985-жылдын 15-июнунда Түштүк Африкада бардык раса өкүлдөрү катышкан администрация уюшулган.

Армениянын Жогорку Кеңеши 1988-жылдын 15-июнунда Карабактын кошулушун талап кылган.

Жалпы орусиялык мамлекеттик телекомпаниясы (ВГТРК) 1990-жылдын 14-июнунда уюшулуп, анын жетекчилигине О. М. Попцов дайындалган.

Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Жимми Картер 1994-жылдын 15-июнунда Түндүк Кореяга иш сапары менен келген. Экс-президент Түндүк Кореянын өзөктүк өнөр жайы менен таанышып, кризистик кырдаалды жөнгө салууга салым кошкон.

Бельгия 1999-жылдын 15-июнунда химикаттардын арбын кошулушуна байланыштуу «Кока-Кола» ичимдигине тыюу салган.

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 15-июнунда Кыргызстан, Кытай Элдик Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү катышкан Шанхай Кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны өткөн.
XS
SM
MD
LG