Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

16-июнь: Тарых барактары


«Артек» пионер лагери 1925-жылдын 16-июнунда ачылган.
«Артек» пионер лагери 1925-жылдын 16-июнунда ачылган.

Тилмеч М. Бекчуриндин 1780-жылдын бул күнкү Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огаревге берген билдирүүсүндө, казак султаны Аблай Ташкенттен алты күн аралык узактыктагы Талас суусунун боюнда орун алгандыгы кабарланган. Айрым илимпоздордун божомолуна ылайык, Аблайдын кыргыздарга жасаган жортуулу адегенде ийгиликсиз башталган жана чапкынды улантыш үчүн ал Таластын боюна өргүүгө турса керек.

Жети-Суу облусунун жумушчу жана аскер депутаттарынын съезди 1917-жылдын бул күнү ишин аяктаган.

Кыргызстан (большевиктер) Коммунисттик партиясынын I съезди ишин 1937-жылдын бул күнү ишин соңуна чыгарган. Съездде өлкөнүн индустриалдык курулушу, агрардык секторду жандандыруу маселелери каралган. Мындан тышкары Кыробкомдун биринчи катчысы М. К. Аммосовдун демилгеси менен партиялык жана жетекчилик кызматка кыргыздарды алуу жана алардын сапаттык даярдыгын арттыруу туурасында чечим кабыл алынган.

Согуш айынан Кыргызстанга көчүрүлгөн СССР Илимдер Академиясынын Биология бөлүмү 1942-жылдын ушул күнү Фрунзе шаарында ишин баштаган. Илимпоздор өлкөнүн коргоо милдети үчүн маанилүү эсептелинген палеонтология, генетика, микробиология, биохимия багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө киришкен жана ал саамалыктын натыйжасында Кыргызстандагы биология илиминин түптөлүшүнө негиз салынган.

Кыргызстан КП (б) Борбордук комитети менен Эл комиссарлар кеңеши 1944-жылдын бул күнү Кыргызстанга жер которгондор үчүн атайын токтом кабыл алган. Анда көчүрүлгөндөргө мурда жашаган жеринен канча мал, эгин өткөрсө, анын ордуна ошончо мал, эгин берилет деп чечим чыгарылган. Жер которгондор үчүн 9 926 жылкы; 24 472 бодо мал; 60 000 кой, эчки; 24 700 ц. эгин; 30 000 м куб курулуш материалдары берилген.

Кыргызстан аялдарынын курултайы 1964-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Курултайга генерал-майор Панфиловдун жесири М. Панфилова катышкан. Жыйын соңунда кыргызстандык аялдар атынан КПСС БКнын биринчи катчысы Н. С. Хрущевго «советтик аялдарга көрсөткөн аталык камкордугуна ыраазычылык билдирген» кайрылуу кабыл алынган.

Голландия мамлекетинде кызгылтым кийимге тыюу салган чечим 1784-жылдын 16-июнунда чыгарылган.

Кембриж университетине караштуу Кавендиш физикалык лабораториясы 1874-жылдын 16-июнунда ачылган. Лаборатория эксперименталдык физика, биология жана башка фундаменталдык илимдери боюнча дүйнөлүк борбор эсептелинет. Убагында лаборотоияны Ж.Максвелл, Рэлей, Ж. Томсон, Э. Резефорд, У. Брэгг сыяктуу дүйнөгө таанылган илим адамдары жетектешкен. Лабораторияда электрон (1897-жылы), атом ядросун жасалма жол менен бөлүү (1919-жылы), нейтрон (1932-жылы), ДНК структурасынын модели (1953-жылы) ачылып; Вильсондун камерасы (1912-жылы), масс-спектрограф (1913-жылы), линиялык ылдамдаткыч (1932-жылы) жасалган.

Америка Кошмо Штаттарындагы «Пепси-кола» соода маркасы 1903-жылдын 16-июнунда каттодон өткөн.

Руаль Амундсендин биринчи арктикалык экспедициясы 1903-жылдын 16-июнунда башталган.

Словак Советтик Республикасы 1919-жылдын 16-июнь күнү Прешове шаарында уюшулган.

Гаага шаарында Улуттар Лигасынын эл аралык трибуналы 1920-жылдын 16-июнунда ачылган.

Аджар АССРи 1921-жылдын 16-июнунда уюшулган.

Крымдын Гурзуфе жергесинде орун алган «Артек» пионер лагери 1925-жылдын 16-июнунда ачылган.

Советтер Союзунун Элдик Комиссарлар кеңеши 1930-жылдын 16-июнунда күндүн жарык убактысын эффективдүү пайдалануу максатында декреттик убакытты киргизген токтом кабыл алган.

Украинанын жазуучулар кошууну 1934-жылдын 16-июнунда уюшулган.

«Партия жана өкмөт дайыма камкордук көрөт» деген чакырык «Правда» гезитинин 1936-жылдын 16-июнь күнкү санында жарык көргөн.

Нью-Йорк шаарындагы джаз музейи 1972-жылдын 16-июнунда ачылган.

Көчмөндөрдүн сабатын ачуу максатында Самолинин жогорку окуу жайлары 1974-жылдын 16-июнунда бир жылга жабылган.

Ю. В. Андропов 1983-жылдын 16-июнунда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагалыгына шайланган.

Швеция мамлекети 1994-жылдын 16-июнунда Данияга тоннель куруу туурасында чечим кабыл алган.
XS
SM
MD
LG