Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

17-июнь: Тарых барактары


Урмат Барыктабасов
Урмат Барыктабасов

Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитети 1929-жылдын 17-июнунда республикалык Кызыл крест менен Кызыл жарым ай уюмдарын бириктирүү туурасында чечим чыгарган. Борбордук Аткаруу комитет адагенде жаңы уюшулган уюмга Кызыл жылдыз ысмын ыйгарууну туура көргөн. Бирок кийин эл аралык түшүнүккө шайкеш келтирүү максатында салттуу Кызыл жарым ай ысымын колдонууга киришкен.

Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынын негизинде тартылган «Аптап» көркөм тасмасынын бет ачары 1963-жылдын 17-июнь күнү өткөн. «Аптап» тасмасын режиссер Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бет ачары «Октябрь» жана «Ысык Көл» кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин «Аптап» тасмасы Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин жарышында жеңип чыккан. Ошондой эле «Аптап» 60-жылдардагы кыргыз кино кереметинин катарынан татыктуу орун алган.

Совет өкмөтүнүн 1969-жылдын июнь айында кабыл алган чечими ар бир союздук республиканын эмгек жамааттарында талкууга алынган. Совет өкмөтү Кытай Элдик Республикасынын аймактык дымагын айыптап, ал эки өлкө ортосундагы мамилеге чок таштаары белгиленген. Фрунзелик эмгекчилер да бул күндөрү жыйналыш өткөрүшүп, Кытай мамлекетинин Совет өлкөсүнүн жерлерине көз арткан саясатына каршы терс көз караштарын билдиришкен.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны Ташкент шаарында өтүп, анын иши 2004-жылдын 17-июнь күнү соңуна чыккан. Шанхай кызматташтык уюмунун бул жолку жолугушуусунда Ташкенде жайгашкан аймактык антитеррордук структурасынын башкы кеңсеси ачылган. Кыргызстан президенти Аскар Акаев жыйын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушуп сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы темир жолду куруу жана Эркечтам-Сарыташ-Ош жолун оңдоо сыятуу маселелер козголгон.

Ак үйгө 2005-жылдын 17-июнунда дагы бир ирээт чабуул жасалган. Ак үйгө 5 миң чамалуу адам кирип, алар кыска аралыкта тартип коргоо кызматкерлеринин күч колдонуусу менен сыртка чыгарылган. Ак үйдү басып алуу аракетинин маңызсыз маанисинен улам, айрым адистер муну президеттик шайлоодон мыйзамсыз чыгарылган Урмат Барыктабасовдун тарапташтары жасады дешкен.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Ак үйдү басып алуу аракетин айыптап, «эгерде кимдир бирөө “Ак үйгө кирип барсак баары качып кетет” деп ойлосо терең жаңылышат. Мен Кыргызстандан качпайм. Кача турган эч кандай оюм жок. Керек болсо курал менен бул имаратты, бийликти коргойм» деп билдирүү жасаган.

17-июнь Кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү белгилөө чечими Бириккен Улуттар уюмунун 1995-жылдын январь айында Башкы Ассамблеяда кабыл алынып, биринчи жолу 1995-жылдын 17-июнь күнү белгиленген.

Англис пираты Фрэнсис Дрейк 1579-жылдын 17-июнь күнү азыркы Сан-Франциско аймагына чыгып, аны англис ээлиги деп жарыялаган.

Ханыша Екатерина II жакын француз маркизи де Ла Шетарди чагымчылык уюштурганы үчүн 1744-жылдын 17-июнь күнү Орусиядан чыгарылган.

Америка Кошмо Штаттарынын республикалык партиясынын биринчи жыйыны 1856-жылдын 17-июнь күнү Филадельфия шаарында ишин баштаган.

Австро-прусс согушу 1866-жылдын 17-июнь күнү башталган.

Орусиянын ички иштер министрлиги 1876-жылдын 17-июнь күнү украин тилиндеги китептердин чыгарылышына тыюу салган.

Франция калкынын АКШга берген Эркиндик айкелин француздардын «Айсер» кемеси 1885-жылдын 17-июнь күнү Нью-Йорк шаарына алып келген.

Женева шаарында 1925-жылдын 17-июнь күнү согуш маалында уулуу газдарды колдонбоо туурасында келишимге кол коюлган.

Горький облусуна караштуу Мещера кыштагына 1940-жылдын 17-июнь күнү XVI—XVII кк. таандык күмүш акчалар жааган.

Латвия менен Эстонияга 1940-жылдын 17-июнь күнү советтик аскерлер киргизилген.

Борис Спасский 1969-жылдын 17-июнь күнү шахмат оюну боюнча Тигран Петросянды жеңип, дүйнөнүн 10-чемпиону болгон.

Эдвин Лэнд 1970-жылдын 17-июнь күнү «Палороид» камерасын патенттеген.

«Вашингтон» мейманканасында орун алган Демократиялык партиянын штабында электрондук тыңшоочу жабдууларды орноткондугу үчүн айыпталган беш адамды америкалык полиция 1972-жылдын 17-июнь күнү камакка алган. Ошентип «Уотергейт» жаңжалы башталып, ал президент Ричард Никсондун саясий карьерасына чекит койгон.

Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында 1982-жылдын 17-июнь күнү сөз сүйлөгөн АКШ президенти Рональд Рейган Советтер Союзун «каардуу империя» деп атаган.

СССР Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 17-июнь күнү өткөн жабык жыйынында КГБ төрагасы Н. Крючков өлкөдө ЦРУ таасирине кабылган агенттер бар экендигин билдирген.

Орусиянын президенти Борис Ельцин 1992-жылдын 17-июнь күнү АКШ Конгрессинде сөз сүйлөп, «коммунизм кулады» деп билдирген. Президенттин мындай билдирүүсүн конгрессмендер кубаныч менен ордунан тура калып алакан чабышкан.
XS
SM
MD
LG