Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

23-июнь: Тарых барактары


23-июнь – Эл аралык Олимпиада күнү
23-июнь – Эл аралык Олимпиада күнү

Пишпектин аскерге жөнөтүү пунктунда 1917-жылдын 23-июнунда коогалаң чыгып, жоокерлер алардын фронтко жиберилишине каршы аракетке өтүшкөн. Алар согуштун уланышына каршы экендигин билдиришип, аскер башчылары менен ачык каршылыкка барып, атүгүл аларга кол кайрыганга чейин барышкан.

Пишпек уезддик элдик депутаттар Советинин аткаруу комитетинде 1919-жылдын бул күнү шаардагы кароосуз калган балдарды багуу маселеси каралган. Көйгөйлүү маселени коммунисттер фракциясы көтөрүп, алардын демилгеси менен кароосуз балдардын абалы оор экендиги, санитардык талаптар сакталбагандыгы белгиленген. Жыйында кароосуз балдарды көпөс Хихурдун үйүнө жайгаштыруу жана жеткинчектерге сапаттуу сүт берүү туурасында чечим чыгарылган.

Кыросавиахим биримдиги борбор шаардын Эмен сейил багында элдик көңүл ачуу майрамды 1929-жылдын 23-июнунда уюштурган. Көңүл ачууга эмгек жамааттары жана шаар тургундары тартылып, андан чогулган акча каражаты «Кызыл Кыргызстан» учагынын курулушуна жумшалган.

Кыргызстанда биринчи жолу жашы 100дөн ашкан адамдар 1937-жылы такталган. Расмий билдирүүлөргө ылайык, андай адамдардын саны 30дан ашык деп айтылып, алардын арасынан жашы улуу адам катары Ысык-Көл районунда жашаган 115 жаштагы Анна Субичева таанылган.

Мурдагы Ключевой, азыркы Манас жана азыркы Ташкент көчөлөрүнүн аралыгында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту, бүгүнкү Кыргыз улуттук университетине караштуу Ботаникалык бак ачылгандыгы 1948-жылы белгилүү болгон. Мында бир жыл ичинде гектарлаган жер өздөштүрүлүп, миңдеген декоративдик бак отургузулган.

Фрунзелик архитектор жана археологдор Талас өрөөнүндөгү Манас күмбөзүн калыбына келтирүү иштерин 1970-жылы бүтүрүшкөн. Аны менен бирге мында археологиялык казуулар жүргүзүлүп, күмбөзгө тиешелүү маалыматтар топтолгон.

Бириккен Улуттар уюму 23-июнда Мамлекеттик кызматкерлер күнүн майрамдайт. Мамлекеттик кызматкерлер күнүн белгилөө жөрөлгөсүнө БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясы жол ачкан. Ал үчүн атайын резолюция кабыл алынып, мамлекеттик кызматкерлер эл аралык жана улуттук деңгээлде чечүүчү роль ойноору белгиленген.

23-июнь – Эл аралык Олимпиада күнү. Эл аралык Олимпиада комитети Сант-Морицеде өткөн 42-сессиясында 23-июнда Олимпиада күнүн белгилөө туурасында чечим чыгарган. Аталган датанын кабыл алынышы олимпиадалык кыймылдын күйөрманы барон Пьер де Кубертендин 1894-жылдын 23-июнь күнү Париж шаарында жасаган тарыхый билдирүүсүнө байланыштуу болгон.

Орусия менен Осман империясы 1724-жылдын 23-июнь күнү Константинополь шаарында келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, Каспийдин жээги Орусияга өтүп, Осман империясына Тифлис менен Эриван берилген.

Роберт Фултон 1803-жылдын 23-июнь күнү Сена дарыясында биринчи буу кемени сынаган.

Англис парламенти 1840-жылдын 23-июнь күнү Жогорку жана Төмөнкү Канаданы бириктирүү туурасында мыйзам кабыл алган.

Бельгиялык Адольф Сакс 1846-жылдын 23-июнь күнү саксофонго патент алган.

Басмакана кызматкерлеринин күнү 1888-жылдын 23-июнунда француздук Лилль шаарында биринчи жолу «Интернационал» ыры аткарылган. Ырды акын-коммунар Эжен Потье Париж коммунасы талкалангандан кийин жазып, 17 жыл өткөн соң аны музыкага жумушчу Пьер Дегейтер салган. «Интернационал» 1944-жылга чейин Советтер Союзунун гимни болгон.

Пьер де Кубертендин демилгеси менен 1894-жылдын 23-июнь күнү Париж шаарында Эл аралык олимпиадалык комитет уюшулган.

Советтик аскерлер 1944-жылдын 23-июнь күнү Белоруссияны бошотуу максатында «Багратион» операциясын башташкан.

Америка Кошмо Штаттарында 1947-жылдын 23-июнь күнү «Тафт-Хартлинин жумушчуларга каршы» мыйзамы кабыл алынган.

Гамаль Абдель Насер 1956-жылдын 23-июнь күнү Египеттин президенти болуп шайланган.

Молдавия ССРинин Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 23-июнь күнү мамлекеттик эгемендик туурасында Декларацияны кабыл алган.
XS
SM
MD
LG