Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

24-июнь: Тарых барактары


Пабло Руис Пикассонун Париж шаарындагы биринчи сүрөт көргөзмөсү 1901-жылдын 24-июнунда ачылган.
Пабло Руис Пикассонун Париж шаарындагы биринчи сүрөт көргөзмөсү 1901-жылдын 24-июнунда ачылган.

Дене тарбия маданиятына арналган Биринчи республикалык майрам 1927-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында салтанат менен ачылды. Майрам катышуучулары жакынкы жана алыскы аралыкка чуркоо, бийиктикке секирүү сыяктуу жарыштарга катышкан. Администрациялык бирдиктерден куралган командалар футбол, баскетбол жана волейбол талаасында күч сынашкан.

Катуу бороон 1927-жылдын 24-июнь күнү Чүй өрөөнүнө алаамат алып келген. Үйлөрдүн чатырлары учуп, бак-дарактар кыйрап, алма-өрүктөр күбүлүп калган.

Фрунзе шаардык бийлиги 1956-жылдын 24-июнунда Аскер аба күчтөрүнүн күнүнө байланыштуу Панфилов сейил багында авиатехникалардын көргөзмө өткөргөн. Бул көргөзмө борбор шаардын тарыхында биринчи жолу өтүп, ага кызыккан адамдардын саны эбегейсиз өскөн. Көргөзмөгө Як-11, Як-18 сыяктуу учактар коюлуп, келген адамдарга алардын кабинасында отурууга уруксат берилген. Мындан тышкары маркасы көрсөтүлбөгөн аскер учагы көрөрмандардын купулуна толгон.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кезектеги жыйыны 1964-жылдын 24-июнь күнү Фрунзе шаарында өткөн. Жыйын катышуучулары партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын ылдыйтадан жогору карай уюшулуш принцибин жактыргандыгын билдиришкен.

Көзөмөлдөө органдары заводдун цехи жана айыл чарбасындагы колхоздон тарта министрге чейинки катмарга көз салып, иштөө тартибин жөнгө салууда зор салым кошкондугу белгиленген. Жыйын чечимине ылайык, көзөмөлдөө кызматы Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетине караштуу партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органы менен Кыргызстан Министрлер кеңешине карай тургандыгы аныкталган.

Комитеттин төрагасы жана Кыргызстан КП БКсынын катчысы Н. Минич көзөмөлдөө органдарынын иштөө принциби активисттерге каршы жасалчу куугунтук эмес, партиялык жана мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу экендигин белгилеген.

Шотланд королу Роберт Брюс Бэннокберндеги салгылашта 1314-жылдын 24-июнда англис королу Эдуард II армиясын талкалаган.

Француз Конвенти 1793-жылдын 24-июнь күнү биринчи демократиялык Конституцияны кабыл алган. Анын натыйжасында Франция республика деп жарыяланган.

Наполеон Бонапарттын армиясы 1812-жылдын 24-июнунда Неман дарыясынан өтүп, Орусияга кол салган. Муну менен Орусия үчүн Ата Мекендик согуш башталган.

Норвегиялык изилдөөчү Фритьоф Нансен 1893-жылдын 24-июнунда «Фрам» кемесинде Түндүк уюлга жол тарткан.

Барселондук он тогуз жаштагы Пабло Руис Пикассонун Париж шаарындагы биринчи сүрөт көргөзмөсү 1901-жылдын 24-июнунда ачылган.

Максим Горькийдин «Об антисемитах» аталган макаласы «Правда» гезитинин 1931-жылдын 24-июнь күнкү санына жарыяланган.

Германдык фашизмди жеңгендин урматына 1945-жылдын 24-июнь күнү Москва шаарынын Кызыл аянтында Жеңиш парады өткөн.
XS
SM
MD
LG