Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Караколдогу белгилүү саякатчы Н. М. Пржевальскийге орнотулган эстелик 1894-жылдын 26-июнунда шаардык бийлик тарабынан салтанат менен ачылган. Эстелик саякатчынын ишмердигин көрсөтчү шекилде тургузулуп, ал ошол кездеги, ал түгүл азыркы шаар архитектурасынын көркүн ачкан искусство үлгүсүнө айланган.

Пишпектик ишкер Бабахан Нурмухаметбаев 1912-жылы Пишпек-Токмок жана Верный багытында туруктуу жүрө турган жол каттамын уюштура тургандыгын билдирген. Ал үчүн ишкер Перлея системасындагы унаа сатып алып, ушул эле жылдын 25-26-июнунда Верный багытында биринчи сыноо каттамын жөнөткөн. Бирок изги ниет жалгыз унаа, жаман жол сыяктуу объективдүү себептерге байланыштуу андан ары уланган эмес.

Жетисуу облусундагы Пишпек уезд башчысы 1912-жылдын бул күнү Кемел Шабдановго атасына арнап аш өткөрүүгө жана анда сайыла турган байгеге уруксат берген. Уезд башчысынын К. Шабдановго жазган билдирүүсүүдө анын байге уюштуруу туурасындагы өтүнүчү канааттандырылгандыгы кабарланат.

Пржевальск уезддик советтин съезди 1918-жылдын 26-июнунда өткөрүлүп, анда уезддик аткаруу комитети уюшулган.

Фрунзе шаардык кеңеши 1926-жылдын 26-июнунда «Түнкү күзөт» туурасындагы Токтом кабыл алган. Мындан ары шаардагы тартип сакчылыгына жана мамлекеттик мүлктү коргоо үчүн милиция кызматынан тышкары 18ден 45 жашка чейинки ден соолугу чың адамдар сакчылык кызматка тартылышкан.

ВКП (б) XVI съезди 1930-жылдын 26-июнь күнү ишин баштаган. Съезде «кулактар али тап катары жоюла электиги» айтылып, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү зарылчылыгы белгиленген. Мындай чара айынан дыйкандар малдарын сатып, калган-катканын союп совет бийлигине каршы тымызын күрөш башташкан. Ушундай кыймыл Кыргызстан аймагына да тарап, миңдеген адамдар кулакка тартылып, алардын айрымдары совет бийлигине каршы күрөшүп, жазалангандар жана жапа чеккендердин саны арбыган.

26-июнь – Маң заттар менен күрөшүү күнү. Бул дата 1987-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында кабыл алынган.

26-июнь – Кыйноолорго каршы күрөшүү күнү. Бириккен Улуттар уюмунун 1997-жылдын декабрь айында Башкы ассамблеяда кыйноодон жабыр тарткандарды коргоо тууралуу чечим чыккан.

Альфонс XI аталык милдет аткарган дон Педро менен дон Хуан 1319-жылдын 26-июнь күнү Гранадада орун алган мусулмандарга каршы жүрүш башташкан.

Пётр I 1698-жылдын 26-июнь күнү элчилик миссия менен Венага келген.

Ханыша Екатерина II демилгеси менен 1765-жылдын 26-июнь күнү Императордук Эркин экономикалык коом уюшулган. Коом жер иштетүү жана үй куруу милдетин аркалап, ал Орусиядагы биринчи илимий-экономикалык уюм эсептелинет.

А. С. Пушкин 1829-жылдын 26-июнь күнү Кавказдагы орус армиясына кызмат өтөөгө келип, түрктөр менен согушка катышкан.

Санкт-Петербургдагы 4,7 миң чамалуу адамдын өмүрүн кыйган холера эпидемиясы
1831-жылдын 26-июнь күнү башталган.

Загребдеги Хорват укук партиясы 1861-жылдын 26-июнь күнү уюшулган.

Чарли Чаплиндин «Алтын безгеги» аттуу тасмасынын бет ачары 1925-жылдын 26-июнь күнү Голливудда өткөн.

ВКП(б)нын XVI съезд 1930-жылдын 26-июнь күнү Москва шаарында ишин баштаган. Партия жыйынында «Беш жылдыкты-төрт жылда» деген чакырык кабыл алынган.

СССР Жогорку Кеңеш президиумунун 1940-жылдын 26-июнь күнкү жардыгы менен өлкө аймагында 8 сааттык жумуш жана аптада 7 күндүк иш күнү киргизилген. Муну менен бирге ишке 21 мүнөт кечиккендерге укуктук жаза белгиленген.

Николай Гастелло 1941-жылдын 26-июнь күнү талкаланган учактын немистик фашисттердин унаалары менен танктары топтолгон жерге багыттаган. Учкучтун эрдиги жогору бааланып, ага өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Советтер Союзундагы жогорку Генералиссимус аскердик наамы 1945-жылдын 26-июнь күнү киргизилген.

1945-жылдын 26-июнь күнү Сан-Франциско шаарында дүйнөнүн 50 өлкөсү катышкан конференцияда Бириккен Улуттар уюмунун Уставы кабыл алынган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1974-жылдын 26-июнь күнкү жардыгы менен Минскке Баатыр шаар деген ардактуу наам берилген.
XS
SM
MD
LG