Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

27-июнь: Тарых барактары


И. В. Сталинге 1945-жылдын 27-июнь күнү Советтер Союзунун Генералиссимус наамы ыйгарылган.
И. В. Сталинге 1945-жылдын 27-июнь күнү Советтер Союзунун Генералиссимус наамы ыйгарылган.

Жетисуу облусунун Сарыбагыш волостунда болуштук кызматка шайлоо 1891-жылдын 27-июнунда өткөн. Анда волосттук жетекчи болуп Шабдан баатырдын уулу Хисамидин Шабданов шайланган. Бирок расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда, шайлоого 901 түтүн катышып, ал эми болуштукту бөлөбүз деген 1000 түтүн адам шайлоого катышпагандыктан алардын укугу бузулду деп чоң чыр чыккан.

Фрунзелик профессор Александр Любищев 1947-жылдын бул күнү «Эволюциялык теориянын азыркы абалы» аттуу дарс топтомун окуй баштаган. Профессордун дарсы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын лекториясында өтүп, ал жалпы жонунунан биологиянын проблемаларына арналган.

Республикалык маалымат каражаттары 1950-жылы И. В. Сталиндин «Марксизм и вопросы языкознания. Относительно марксизма в языкознании» аттуу кезектеги «гениалдуу» чыгармасын жарыялоого киришкен. Макалада академик Н. Маррдын тил теориясы кескин сынга алынып, андан улам кыргызстандык «маррчы» тилчилер да көз караштарын «улуу көсөмгө» туштай илгиртпестен өзгөртүүгө киришкен.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эң жаш окумуштуу 1951-жылы тарых илимдеринин кандидаттык даражасын алган. 23 жаштагы Салмоорбек Табышалиев «Улуу ата мекендик согуш маалындагы Кыргызстан лениндик-сталинчи комсомолунун ишмердиги» аттуу илимий темада жазылган диссертацияны ийгиликтүү коргогон.

Убагында 27-июнь - Советтик жаштар күнү катары майрамдалган. Советтер Союзунун Жогорку Кеңеш Президиумунун 1958-жылдын 7-февраль күнкү жардыгы менен жаштар күнүн белгилөө жөрөлгөсү киргизилген.

Тарыхый маалыматарга караганда, чай 1615-жылдын 27-июнунда Европага алынып келинген.

Аялдар үчүн дүйнөдөгү биринчи журнал 1693-жылдын 27-июнунда Лондон шаарында чыккан.

Император Пётр I 1709-жылдын 27-июнунда өткөн аскердик кеңеште шведдерге каршы Полтавада согушуу чечимин чыгарган.

Киев университети 1834-жылдын 27-июнунда ачылган.

Орусиянын Байланыш министрлиги 1865-жылдын 27-июнунда негизделген.

Орусиянын III Мамлекеттик думасы 1910-жылдын 27-июнунда Столыпиндик агрардык мыйзам топтомун кабыл алган.

Түркия президенти Кемал Ататүрк 1929-жылдын 27-июнь күнүнөн тарта коммунисттик үгүткө каршы күрөш баштаган.

«Канада эл аралык авиакаттам» компаниясы 1930-жылдын 27-июнунда негизделген.

Верхнеудинск шаары 1934-жылдын 27-июнунда Улан-Удэ болуп өзгөртүлгөн.

СССР Борбордук Аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңеши 1936-жылдын 27-июнунда бойдон алдырууга тыюу салган токтом кабыл алган.

Венгрия 1941-жылдын 27-июнунда Советтер союзуна каршы согуш жарыялаган.

Совет бийлигинин чечими менен Крымда жашаган болгар, армян жана гректер 1944-жылдын 27-июнунда Советтер Союзунун чыгыш аймактарына көчүрүлө баштаган.

И. В. Сталинге 1945-жылдын 27-июнь күнү Советтер Союзунун Генералиссимус наамы ыйгарылган.

Дүйнөдөгү биринчи акча берчү банкомат 1967-жылдын 27-июнунда Англиянын Энфилд шаарында орнотулган.

Советтик башкаруучу «Союз-30» космос кемеси 1978-жылдын 27-июнунда учурулган.

Камбожанын Конституциясы 1981-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Словениянын мамлекеттик туусу 1991-жылдын 27-июнунда бекитилген.

Тажикстандагы жарандык согуш 1997-жылдын 27-июнунда аяктаган.
XS
SM
MD
LG