Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

1-июль: Тарых барактары


Борис Ельцин, 1996-жыл, 1-июль
Борис Ельцин, 1996-жыл, 1-июль

Айтылуу композиторлор В. Фере менен П. Шубин жетектеген Кыргыз филармониясынын Крым жана Кавказ курортторуна жасаган концерттик кыдыруусу 1939-жылдын 1-июлунда соңуна чыккан. Кыргызстандык искусство чеберлери курорттук мекемелерден тышкары эмгекчилер жамаатына да концерт беришип, мындагы адамдарды кыргыз аспаптык үндөрүнүн жетишкендиктери менен тааныштырышкан.

Фрунзе шаардык партиялык активдин жыйыны 1943-жылдын 1-июлунда Өкмөт үйүндө өткөн. Партиялык актив жаш жеткинчектер арасындагы коммунисттик тарбиянын жетишсиз жүргүзүлүп жатышын кескин сынга алган. Айрыкча, балалуу партия мүчөлөрүнө жеткинчектерди каникул маалында бош койбой колхоз талаасына чыгарып, дыйкандарга жардамдашуусу керек экендиги эскертилген. Балдарын коруп, бакчаларга чыгарбаган коммунист ата-энелерге партиялык жаза көрүлө тургандыгы белгиленген.

«Кыргызалтын» трестине караштуу «Кумбел» жана «Мелик суу» кендери 1944-жылдын 1-июлунда стратегиялык баалуу кендин өндүрүшүн белгиленген нормадан жогору аткарган. Айрыкча, пландан ашыкча өндүрүлгөн 7 тонна вольфрам Кызыл Армиянын Башкы командачылыгынын фондуна берилип, ал Улуу жеңишке кошулган олуттуу салым катары бааланган.

Фрунзе шаарынын ишкана жана мекемелери 1957-жылдын бул күндөрү Коммунисттик партиянын тазалыгы туурасындагы маселени талкуулоого киришкен. Партиялык актив «Маленков, Молотов, Каганович жана аларга кыпчылган Шепиловдун коммунисттердин катарын бөлүп-жарууга жасаган аракетин» айыптаган. Завод жана фабрикалардын эмгекчилери аталган жолдоштор Хрущевду кызматтан алуу амалын көздөгөндүгүн белгилешип, Коммунисттик партиянын катарын чыңдоо зарылчылыгын күн тартибине коюшкан.

Шаардыктар арасында «Фрунзелик Черемушка» аталган мурдагы Ярослав, азыркы Ахунбаев атындагы көчөдө 1964-жылдын 1-июль күнү стоматологиялык поликлиника ачылган. Стоматологиялык поликлиника ошол кездеги медициналык техниканын жетишкендигине ылайык жабдылып, стоматологиялык бардык жардамды көрсөтө алган. Мындан улам жаңы поликлиника Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун стоматологиялык факультетинин базасы катары таанылган.

Тарых маалыматтарына караганда, Кытай мамлекетинде 1200-жылдын 1-июль күнү кварц пластинасынан көз айрек жасалган. Көз айнек адегенде сурак маалында адамдын абалын жашыруу максатында соттор үчүн гана берилген экен.

Орус-швед согушун соңуна чыгарган эки өлкө ортосундагы тынчтык келишим 1661-жылдын 1-июль күнү түзүлгөн.

Дени Дидро менен Жан Лерон Д’Аламбер тарабынан даярдалган «Энциклопедиялар: илим, искусство жана устачылыктын түшүндүрмө сөздүгүнүн» биринчи тому 1751-жылдын 1-июль күнү чыккан.

Петербургдагы Чоң Таш театр 1783-жылдын 1-июль күнү ачылган.

Гватемалу, Гондурас, Сальвадор, Коста-Рику жана Никарагуа мамлекеттеринин башын бириктирген Борбордук Американын Бириккен Провинцияларынын федерациясы 1823-жылдын 1-июль күнү уюшулган.

Чарльз Дарвиндин табигый тандоо жоромолу биринчи жолу 1859-жылдын 1-июль күнү Линнейлик коомунун Протоколунда жарыяланган.

Москва коомдук китепканасы 1862-жылдын 1-июль күнү ачылган.

АКШ Салык бюросу 1862-жылдын 1-июль күнү уюшулган.

Бүткүл дүйнөлүк почта союзу 1875-жылдын 1-июль күнү иштей баштаган.

Биринчи Уимблдондук теннис турнири 1877-жылдын 1-июль күнү ачылган.

Албания Лигасы 1878-жылдын 1-июль күнү Сербияда уюшулган.

Петербургдагы биринчи телефон станциясы 1882-жылдын 1-июль күнү ишке киришкен.

Польшалык биохимик Казимир Функ 1911-жылдын 1-июль күнү дарылоочу диета үчүн химиялык ингредиенттерди белгилөө максатында биринчи жолу «витамин» сөзүн колдонгон.

Шаңхай шаарында 13 делегат 1921-жылдын 1-июль күнү Кытай Коммунистик партиясын курган.

Канада мамлекети кытайлыктардын көчүп келишин чектеген иммиграциялык мыйзамды 1923-жылдын 1-июль күнү кабыл алган. Канадалык кытайлыктар бул датаны басмырлоо күнү катары белгилешет.

МВФ жана реконструкциялоо жана өнүгүү боюнча Дүйнөлүк банкты курууга арналган союздаштардын Бреттон-Вудстагы конференциясы 1944-жылдын 1-июль күнү ишин баштаган.

«Иностранная литература» адабий-чыгармачыл журналынын биринчи саны 1955-жылдын 1-июль күнү жарык көргөн.

Эл аралык геофизикалык жыл 1957-жылдын 1-июль күнү башталган. Илим адамдары изилдөө багытын Антарктиканы өздөштүрүп, океанографикалык жана метеорологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында Жердин жасалма спутниктерин космоско чыгаруу керектигин белгилешкен.

Сомали 1960-жылы, Руанда жана Бурунди 1962-жылдын 1-июль күнү эгемендик алышкан.

Ньясаленд мамлекети 1964-жылдын 1-июль күнү Малави аталышын алган.

Франция 1966-жылдын 1-июль күнү НАТО аскердик уюмунан чыккан.

Ленинграддык «Аврора» журналынын биринчи саны 1969-жылдын 1-июль күнү жарык көргөн.

«О, Канада» ыры 1980-жылдын 1-июль күнү Канаданын улуттук гимни катары кабыл алынган.

Советтер Союзундагы «Кооперация туурасындагы» мыйзам 1988-жылдын 1-июль күнү күчүнө кирген.

Коммунисттердин XIX партконференциясында Е. Лигачев 1988-жылдын 1-июль күнү Б. Ельцинге «Борис, ты не прав» деп айткан.

Бразилиянын улуттук валютасы крузейро 1994-жылдын 1-июль күнү реалга алмаштырылган.

Пласидо Доминго 1996-жылдын 1-июль күнү Вашингтон операсынын көркөм жетекчилигине дайындалган.

Гонконг 1997-жылдын 1-июль күнү Кытай Элдик Республикасынын курамына алынган. «Сянган» кантон диалектинде «Гонгонг» аталып, ал «Аромат кысык» дегенди түшүндүрөт. Гонконг англис-кытай согушунун натыйжасында 1842-жылы Англияга 155 жылга берилген. Келишим мөөнөтү аяктаган соң Британия Гонконгду Кытайга кайтарган.
XS
SM
MD
LG