Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

3-июль: Тарых барактары


Иосиф Сталиндин эстелиги.
Иосиф Сталиндин эстелиги.

Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфорд 1854-жылдын бул күнү Орус империясынын Аскер министри В. А. Долгоруковго Кокон хандыгы менен чектеш чек ара аймагындагы абал туурасында билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө кыргыз манабы Ормон хандын орус бийлигине жасаган мамилеси жана Кененесары султандын абалы туурасында кабар берилет.

Орлово кыштагындагы немис тургундары 1899-жылы Талас дарыясынын жогорку агымынан байыркы тыйындар үлгүсүн табышкан. Жаңы табылга батыш изилдөөчүлөрүнүн кызыгуусун жаратып, Талас өрөөнүндө байыркы маданият болгондугу туурасында жана мында фин-угордук калк жашагандыгы жөнүндө көз караштар айтыла баштаган.

Өкмөттүк комиссия Кыргызстандагы гидроэнергетика тармагынын адегендеги карлыгачы - Аламүдүн Кичи ГЭСинин курулуш объектисин 1929-жылдын бул күнү кабыл алган. Пишпек шаарынан 14 километр узактыкта орун алган, 410 киловаттык күчтөгү гидростанциянын курулушу атактуу инженер-ирригатор Владимир Васильевдин долбооруна ылайык 1916-жылы башталып, кийинки революциялык оош-кыйышка байланыштуу ал 23 жылдан кийин бүткөн.

Фрунзе шаарында Кыргызстан эпкиндүү колхозчуларынын I съезди 1939-жылдын бул күнү ишин уланткан. Съездге Кыргызстан аймагынан 169 делегат катышып, алар жазгы кош айдоонун жыйынтыгы, алдыда күтүлүп жаткан жыйым-терим жана мамлекетке эгин өткөрүү даярдыгы, мал чарбасынын абалы жана тоют камдоо тармактары боюнча койгон партия милдеттерин аткаруу сыяктуу маселелер талкууланган.

Кыргызстан КП (б) II съезди 1938-жылдын бул күнү ишин баштаган. Съездге Кыргызстандагы 3448 Коммунисттик партия мүчөлөрүнүн 250 делегаты чечүүчү добуш менен 2521 партия мүчөлүгүнө талапкерлерден 87 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Бул күнкү жыйында Кыргызстан Коммунисттик партиясынын отчеттук билдирүүсү угулуп, анын тегерегинде талкуу улантылган.

Фрунзе шаардык депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1949-жылдын 3-июлунда шаардык архитектордун уруксаты жок борбор калаада күркөлөрдүн орнотулушуна тыюу салган.

Француз иликтөөчүсү Самуэл де Шамплейн 1608-жылдын 3-июлунда Квебек шаарын негиздеген.

Пулков тоосундагы Пулков обсерваториясынын башкы имараты 1835-жылдын 3-июлунда түптөлгөн.

Англис астроному Жон Адамс 1841-жылдын 3-июлунда Нептун планетасын ачкандыгын жар салган.

Европанын өнүккөн өлкөлөрү менен АКШ биргелешип 1880-жылдын 3-июль күнү Марокконун эркиндигин тааныган Мароккан конвенциясына кол коюшкан.

Мангеймдик Карл Бенц 1886-жылдын 3-июль күнү дүйнөдө биринчи жолу өзү жасаган унаада саатына 16 км ылдамдык менен айдоого жетишкен.

Айдахо 1890-жылдын 3-июлунда АКШнын 43-штаты болуп калган.

«Славянский базар» ресторанында 1897-жылдын 3-июль күнү бир канча саатка уланган талкуудан кийин Станиславский менен Немирович-Данченко элдик театрды ачууга токтолушкан.

АКШда 1928-жылдын 3-июлунда биринчи сыналгы чыккан. Ал кезде сыналгынын баасы 75 доллар турган.

Иосиф Сталин 1941-жылдын 3-июлунда үналгы аркылуу совет элине кайрылган.

АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр 1956-жылдын 3-июлунда «У-2» учактарынын Советтер Союзунун аймагынын үстүнөн учушуна макулдугун берген.

АКШ Конгресси 1960-жылдын 3-июлунда Куба кумшекерин импорттоого тыюу салган.

Франция 1962-жылдын 3-июлунда Алжирди эгемен мамлекет деп жар салган.

РСФСР Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 3-июлунда Адыгей, Карачай-Черкеск, Тоолуу-Алтай жана Хакас автономиялык облустарын РСФСР курамындагы республикаларга айлантуу туурасында мыйзам кабыл алган. Ошентип Адыгей Республикасы, Карачай-Черкес Республикасы, Алтай Республикасы жана Хакас Республикасы пайда болгон.

Борис Ельцин 1996-жылдын 3-июлунда Орусиянын президенттигине экинчи мөөнөткө шайланган.
XS
SM
MD
LG