Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Ал депутат Акаевдин жүрүм-туруму, саясый позициясы КСДП фракциясынын көз карашына каршы келип жаткандыктан социал-демократтар бүгүнкү жабык жыйында ушундай чечимге келгенин айтты.

Бүгүн 24-март революциясына арналган гүлбактын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев депутат Жанар Акаевдин мандатын эч ким тартып алалбастыгын, ал өзү гана депутаттык мандатын тапшыра аларын билдирген. Президент ошондой эле “Жанар Акаев КСДПнын артынан парламентке келдиби же аны эл колдогонбу” деген суроого кийинки шайлоодо жооп алса болорун кошумчалап, Акаевди башка партия менен парламенттик шайлоого барууга сунуштады.

Жанар Акаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын катарында депутат болуп келген. Соңку кезекте ал бийликти "оппозицияны куугунтуктап, сөз эркиндигин ооздуктап" жатканын айтып, сындап келет. 23-мартта социал-демократтардын саясий кеңеши да депутатты фракциядан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. (UEz\SDz)

XS
SM
MD
LG