Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Профессор Аблабек Асанканов кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адатын чагылдырган 3 миңден ашуун сүрөттөрүн, кинотасмасын, илимий эмгегин Кыргызстандын тарых музейине белекке берди.

Илимпоздун чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын тарыхы менен маданиятын иликтеген жаңы эмгеги жакында эле жарыкка чыкты. Ошол эмгекте козголгон илимий проблемалар жайында айтып берүүсүн өтүнүп кабарчыбыз Бекташ Шамшиев профессор А.Асанкановго кайрылган.

Манастын ашы – үлкөн иштин башы

- Аблабек мырза, алгач Кытайга илимий иш сапарыңыз кандайча башталганына, ага эмнелер себеп болгонуна токтоло кетсеңиз.

Аблабек Асанканов: - Биз «Манастын» 1000 жылдыгына даярданып жүргөн кезде кытайлык кыргыздардан эки жаш окумуштуу келишкен. Анын бири Толкун Турду, ушул кезде «Кыргыз адабияты» журналынын редактору. Экинчиси Мамбеттурду Мамбетакун. Ал Үрүмчүдөгү педагогикалык университеттте профессор. Алар кыргыздардын абалы, жашоо-турмушу жөнүндө айтып беришкенде мен изилдөөгө убада кылдым эле. Бирок ал туптуура 11 жылдан кийин гана ишке ашты.

2005-жылы кыргыз-француз этнологиялык экспедициясы уюшулду. Ал 15 күнгө гана созулду. Мынабу Торугарт аркылуу бүт Кызыл-Сууну кыдырып чыктык. Ак-Тоого чейин бардык. Бирок Ак-Чийге бара албадык. Үрүмчүгө келип экспедициябыз аягына чыкты. Экинчи жолу ЮНЕСКОнун биздеги Борбордук Азияны изилдөө институтунун көмөгү менен 2006-жылы экспедиция уюштурдук. Институтту биздин тарыхчы-археолог Кадича Ташбаева жетектейт. Мен айтсам ал уюштурууга макул болду.

Эларалык археологиялык-этнологиялык экспедиция уюштурдук. Бул экспедицияга өзбек, тажик, анан биздин окумуштуулар киришти. Казактар болбой калды. Анда бир ай жүрдүк. Те Алтайдан баштап Тарбагатай, Ак-Суу, Текес, Лобнор, Ак-Чийге чейин келдик. Үчүнчү чоң экспедицияны ушул эле институт уюштуруп, анда болсо биз Корла, Куча, Хатен, Каргалык, Кашкар, анан ары жагы Кызыл-Сууну бүт кыдырып, Ак-Чийге келип, Лобнорго чейин бардык.

Кийинки экспедицияны кытайлыктар өздөрү уюштурушту. Мени ал жерге лекция окуп бериңиз деп чакырышып, Шанхайда, Бээжинде, Үрүмчүдө лекция окудум. Окумуштуулар, эл менен жолугуп, бирок анда 10 күндөй гана убакыт болдум. Ошентип төрт жолку экспедиция, анан да кат алышып, бул жакка Макелек Өмүрбай, Мамбеттурду келип анын жыйынтыгы катары илимий эмгек жаздым. Ал чыкты, китеп түстүү болгондо жарашмак. Китептин жалпы көлөмү 31 басма табак. Тексти 11-12 басма табак болду. Калганы сүрөттөр.

Анан ошол экспедицияда көргөн-билгендерибизди элге терең жеткирели деп 1-экспедицияда 1 фильм тартканбыз. Кубат Табалдиев деген журналист аны көргөздү. Экинчисинде бир операторду жаныма алып тарттырдык. Үч фильм тартып аны «Боордоштор» деген ат менен бул жерде көрсөттүк. Үчүнчү ирет барганда өзүм тарттым. Аны 3 фильм кылып бул жерден көрсөттүк. Иши кылып 7 фильм тартылды. Китеп болуп чыкты. Анан 5 миңдей сүрөт тарттым. Анын 2 миңи ошол Кытайдагы башка элдер, буддизм, архитектуралык-маданий курулуштарына арналды. Калган 3 миңдей сүрөт жалаң кыргыздар турмушу.

Ошол 3 миң сүрөттү, китепти, фильмди тарых музейине белек кылып берип атабыз. Тарых музейинде «Кытай кыргыздары А.Асанкановдун объектисинде» деген сүрөт көргөзмө уюштурушту.

Алтайдан башталган иштин аягы

- Аблабек мырза, менин билишимде сиз Алтай кыргыздары, Оркон-Енисей жазмалары, Сибир тарыхына кызыгып, ал жактарга да баргансыз. Эми аларды бириктирип, жалпы эле кытай кыргыздары, Энесай доору менен жалпылап изилдеп чыгуу максатыңыз барбы?

Аблабек Асанканов: - Кошумчалап коеюн, Өзбекстандагы кыргыздарга Заамин районундагы кыргыздарга барып аларды да азыноолок иликтеп келдим. Эми менин максатым ушул, кыргыздардын маданиятын, этникалык тарыхын тереңирээк иликтеп, өз алдынча эн-белгисин (самоидентификация деп атпайбызбы) изилдейбиз десек Тажикстандагы кыргыздарга да чыгышыбыз керек. Өзбекстандагы, Ооганстандагы кыргыздар турат.

2002-жылы Түштүк Сибирге чоң экспедиция уюштурганбыз. Анда Ю.Худяков менен В.Бутанаевди, бул жерден О.Каратаевди кошуп алып ошонун негизинде чоң экспедиция уюштурп, жыйынтыгында жакшы эмгектер жазылган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата «Кыргыздардын Түштүк Сибирь элдери менен этникалык, этно-маданий байланышы» деген эмгек жазылды. О.Каратаев өзүнчө китеп чыгарды. Менин мынабу жаңы эмгегимде да ошол экспедициянын материалдары камтылды.

Бирок бул жетишсиз. Келечекте изилдениши керек. Бул өзү чоң мухит, жалгыз менин колумдан келчү иш эмес. Ошондуктан азыр Кытайды изилдөө боюнча 5 шакиртимди даярдап жатам. Тува-Алтай боюнча бир кыз, бир баланы даярдап жатам. Баш-аягы 8 окуучум бар, ошолор изилдегени жатышат. Анан Ооганстандагы, Тажикстандагы кыргыздарды изилдөө милдети турат. Өзбекстандагы кыргыздарды барып изилдөө кыйын болуп жатат. Экинчи жагынан материалдык жагы да кыйынга турууда.

Экспедициялардын баарына өз күчүбүз менен барып жатабыз. Мамлекет тарабынан да жардам болсо жакшы болор эле. Сибирь менен Алтайга мамлекет эсебинен барганбыз. Калганын өз күчүбүз менен уюштурдук. Жардам болбосо баарысын эле өз тыйының менен уюштуруш кыйын экен. Бирок биз иштеп жатабыз.

Улуу Памир, Мургаб, Жерге-Тал, Заамин, Бахмал

- Аблабек мырза, сиз Ооганстан, Жерге-Тал, Мургап, Заамин, Бахмал кыргыздарын айтып кеттиңиз. Мүмкүнчүлүк болсо барып каларсыз. Ооганстандагы кыргыздардын иликтениш жагы кандай болуп жатат?

Аблабек Асанканов: - Былтыр Ооганстандагы кыргыздарга Миграция министри А.Рыскулованын башчылыгы менен барышып келишти. Алардын арасында окумуштуу С.Кайыпов да болду. Убакыт кыска болуп аз эле кишилерге жолугушуп кайтышты. Кандай изилдеп келгенин көрө элекмин. Балким жазып аткандыр. Мына оогандык кыргыздар, дүйнө кыргыздары жөнүндө «Кыргыз ааламы» журналы чыгып атпайбы. Ошондо Атабек деген жигит кыйла иштерди жасап жатат. Бирок терең иштер жасала элек. Ооганстанга этнографиялык бир да экспедиция боло элек. Учурунда ал жерге Реми Дор барган. Мен Францияга барып лекция окуганда ал киши менен сүйлөштүм. Ал дагы кытайлык кыргыздарга аябай куштар экен. Мени алып бар деди эле алып бара албадым. Ал киши жазып кеткен. А биздин окумуштуулардан чыныгы монографиялык изилдөө боло элек.

-Ушул темага кызыгуу кесиптештериңиздин арасында байкалып атабы?

Аблабек Асанканов: - Иштеп атышат. Бирок экспедиция уюштурганга кудуреттери келбей жатат. Мен болсо ЮНЕСКОун, француздардын акчасы менен Кытайга барып келдим. Киийн болсо кытайлардын чакыруусу менен барып келдим. Биздин окумуштуулар баралы дешсе колу жетпей жатат. Чынында изилдей турган тема, аны ишке ашырчу окумуштуулар көп эле.

- Аблабек мырза, кызыктуу маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG