Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

“Улукман”: Жараат алгандардын абалы кандай?


7-апрелдеги кандуу кагылыштан 84 киши каза таап, каза болгондордун ичинен бирөө тааныла элек. Жаракат алган алты оорулуу учак менен 17-апрелде Түркияга алынып кетти. Абалы өтө оор оорулуулар дале болууда. Адистердин пикиринде, жаракат алгандардын денесинде октун, ок сыныгынын калып калышы, айрым жагдайларда өмүргө коркунуч келтирбейт.

7-апрелдеги кандуу кагылыштан жаракат алган адамдардын саламаттыгы боюнча өлкөдөгү соңку абалга Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматов токтолду:

- Бул кагылыштан каза болгондордун саны 84кө жетти. Дагы абалы оорлор бар. Акырындан айыгып чыгып жаткандар да болуп жатат. Көптөгөн өлкөлөрдөн оорулуулар үчүн гуманитардык жардамдар келүүдө. 17-апрелдин түнүндө жаракат алган алты оорулуу Кыргызстандын убактылуу өкмөтү менен Түркия өкмөтү сүйлөшүп, учак менен Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Бишкектеги Хирургиялык борборго адеп жаракат алган 73 адам жаткырылган. 10 киши алгачкы эле күнү каза болгон. Андан бери, аталган борбордо боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилековдун айтымында, жоготуулар болгон жок. Учурда борбордо 40ка жакын бейтап дарыланууда.

7-апрелде жаракат алгандар Бишкекте №1 ооруканада, Травматология жана ортопедия, Хирургия борборлорунда жана Улуттук госпиталда дарыланышууда.

Адистердин маалыматтары боюнча башына, ич, көкүрөк органдарына ок тийген айрым оорулуулардын денесинде ок же болбосо октун сыныктары жатат. Ушундан улам оорулуулар өздөрү да жана алардын урук-туугандары денеде жаткан октон чочулашууда. Дарыгерлерге алып салгыла деп, айткандар, талап кылгандар да болууда.

Эрнис Тилековдун айтымында, эгер октун зыяны тийчү боло турган болсо, ок сөзсүз алынат, ал эми айрым учурларда окту ордунан козгобой койгон оң:

- Оорулуулардын ичинде, өпкөсүндө, баш мээсинде калып калган октор, ок сыныктары болууда. Аны алып салгыла деп, түшүнбөй талап кылгандар болууда. Ошондуктан элибизге түшүндүрүп коюшубуз керек болуп жатат. Андан корко бербеш керек. Кайсыл убакта алынат, кайсыл убакта алынбайт, биз ошого жараша иш жасайбыз. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 65-70 жылдан бери деле “окторун көтөрүп” жүрүшөт.

Кээде октун майда сыныктары денени аралап кетет. Эми андай сыныкты адамдын денесинен издөө - чөптөн ийне издегендей эле. Эгер бир жерге зыяны тие тургандай болсо, албетте тез арада алынып салынат. Биз аны кылдат текшеребиз. Ал эми организмге зыяны болбогудай болсо, калтырып койгон оң. Себеби ал окту чукулап алабыз деп, башка органдарды жабыркатып алышыбыз мүмкүн. Өмүр үчүн коркунуч да мына ошондо пайда болушу мүмкүн.

7-апрель күнү болуп өткөн окуяда жараат алгандардын жүзгө жакыны ушу тапта Улуттук ооруканада дарыланып жатышат. Алардын бири - Бекмурат Байтемировдун балтырына ок тийген. Ошол күнкү окуя тууралуу ал буларды айтат:

- Бир чети ушундай кыйналганымданбы, бир нерсе ичимден ошол жакка бар дегендей болду. Эл кейигенинен Ак үйдү көздөй жөнөп атышыптыр, биринчи эле баарын татырата атты. Биринчи катардагы балдардын баары кулады. Мага да балтырыма ок тийди. Мен эс-учумда болчумун. Балдар аянттан кан кетпесин деп бутумду эки жеринен катуу таңып беришти. Анан бул ооруканага алып келишти.

Ал күнкү тополоңдо Алтынбек Турдалиев да аянтта болуп, ал жактан Улуттук коопсуздук комитетинин имаратын көздөй жөнөшкөндө, ошол жерден жарадар болгонун анын апасы Жамийла Калиева айтып берди:

- “Улуттук коопсуздук комитетинен Текебаев менен Сариевди чыгарабыз деп, ошол жакты көздөй жөнөгөнбүз, анан эшигин ачканда эле атты, атканда үч бала өлүп калды, мен да жыгылып калыптырмын” дейт уулум. Башынан кирген ок оозунан чыгып, ылдый кетиптир, аны алган. Мээсиндеги окту албайбыз деп атышкан, бирок мээнин тегереги сары суулап ириңдеп баратыптыр деп анан мурдагы күнү алышты. Балам 31 жашта, үй-бүлөлүү.

Алтынбектин абалы начардыгына карабай, өзү жакшы болуп калганын дейт:

- Эки жолу операция кылышты. Кудай буюрса баары жакшы.

Аталган оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров дарыланып жаткандар тууралуу “Азаттыкка” мындайча маалыматын берди:

- Бүгүнкү күндө 100гө жакын адам дарыланып атат. Алардын оор абалда болгондору бар, орточосу да бар. Кээ бирлери, кудайга шүгүр, жакшы болуп чыгып атат.

Ошондой эле нейрохирург-дарыгер жакында эки адам ооруканада бир топ аракетке карабай каза болуп кеткенин жана дагы эки ооруулунун абалы кыйла оор экенин кабарлады:

- Татаал зоналарында ок калып калгандардан эки адам бар, калгандарыныкы алынды. Нейрореанимациядан эки адам операциядан кийин оор абалдан чыкпай каза болду.

Окуя болгон күнү аянтта көпчүлүгү жаштар болгон. Алардын бири - 25 жаштагы Мирбек Алымкулов да башынан жараат алып, учурда ага экинчи ирет операция жасалды:

- Элди атканда канды көрүп жинибиз кайнап, алдыга карай жылдык. Ок башыма тийди. Ооруканадан эки жолу операция болдум. Мээмде калган окту экинчи ирет операция кылып алышты.

Ал эми 53 жаштагы Абдижалил Казиев аттуу Бишкек шаарынын тургуну колуна ок тийип, эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн:

- Мага сол ийниме ок тийип, кайра чыгып кетиптир. Андан кийин граната жанымдан жарылды, ошондо эс-учумду жоготуптурмун. Ошондон улам ооруканага келип түштүм.

Бектемир Мукамбетөмүров бул күндөрү айрым атуулдар ооруканага келип, жардам көрсөтүп жатышканын белгиледи. Бөлүм башчы ошондой эле бул күнгө чейин колунда бар адамдардын биринен да жардам болбогонун кошумчалады:

- Мурунку депутаттардан, министрлерден, Ак үйдө отургандардан, байлардын жардамын бүгүнкүгө чейин көрө элекпиз. Ага караганда карапайым элдер суусун, тамак-ашын, таңуучу бинттерин берип атышат. Ыраазыбыз ушул элге.

XS
SM
MD
LG