Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

"Кылым шамы" уюмун кысмакка алышууда


"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова
"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр жана кысымга алуулар болуп жатканын аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында мындай мамиле июнь айындагы кандуу окуялар туурасында чогултулган айрым иликтөө материалдарына байланыштуу болушу мүмкүн.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Кылым шамы” уюмунун өлкөнүн түштүк аймагындагы кызматкерлери эркин иш алып бара албай жаткандыгына токтолду. Буга анын айтымында аларга карата жергиликтүү коопсуздук органдары тарабынан басмырлоонун күчөгөндүгү себеп болгон:

- Менин кызматкерлеримдин мындан он, он беш жыл мурунку өмүр баяндарын, кылган иштерин карап, текшеришип, чукулап жатышат. Улуттук коопсуздук кызматтынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан бизге абдан чоң кысым болуп жатат. Биздин “Кылым шамы” укук коргоо борбору июнь окуяларынын учурунда эч кайсы тарапка тартпастан “мурдакы бийлик, кийинки бийлик”, “кыргыз-өзбек” дебестен түз гана адам укугу боюнча иштегенибизден улам ушундай соккуга дуушар болуп олтурабыз. Июнь айындагы окуялар боюнча биздин колубузда далилдүү материалдардын чогултулгандыгы да, айрым тараптарды анын ичинде улуттук коопсуздук органдарын кыжаалат кылып жатат.

Бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын комментарийин алуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Азиза Абдрасуловага жана анын айрым кесиптештерине карата коркутуп-үркүтүү жана кысымга алуу аракети мындан мурда август айында да болгон. Муну укук коргоочу июндагы этникалык кагылышууга алып келген чагымчыл күчтөрдүн айрым аракеттеринин аларга белгилүү болуп калгандыгы менен байланыштырат.

Анткен менен Азиза Абдрасулова өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн азырынча чогултулган иликтөө материалдардын мазмунун толук ачыктаган жок:

- Менин элимде улутчулдук маанай ушунчалык күчөп турган мезгилде мунун баарын ачык айтып чыгыш кыйын дагы, коркунучтуу да болуп жатат. Анан калса мамлекет бул багытта эки жүздүү саясат жүргүзүп жатпайбы.

Акыйкатчы Турсунбек Акун учурда Кыргызстанда укук коргоочуларга карата ар кандай түрдө кысымга алуулардын болуп жаткандыгын жокко чыгарбайт.

Ошол эле учурда Турсунбек Акун мындай көрүнүштөрдү өлкөнүн жетекчилигинин кызыкчылыгын коргоого багытталган кандайдыр бир саясий себептер менен байланыштырууга болбойт деп эсептейт:

- Укук коргоочуларга сот, прокуратура, милиция же коопсуздук органдары тарабынан кайсы бир спецификалык маселелер боюнча кысым болушу мүмкүн. Муну жокко чыгарууга болбойт. Азиза Абдрасуловага карата мындай мамилени анын бир жактуу маалыматтарды буга чейин бир беткей тараткандыгынан болду го деп ойлойм. Ал эми башка укук коргоочуларга кысым же басмырлоо алардын укук коргоо иштерине байланышуу өз ара түшүнүшө албоонун айынан болушу мүмкүн. Бирок анда мурдагыдай кандайдыр бир жогору жактан көрсөтмө берилген саясий себептер болушу мүмкүн эмес. Ага азырынча негиз дагы жок.

Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Базар-Коргон районунда жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан июнь окуяларында жабыркагандарга социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү улантылууда.

“Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков азыркы учурда алардын укук коргоо ишмердүүлүгүнө бийликтен тоскоолдук жок экендигине токтолду:

-Мен мисалы үчүн өткөндөгү июнь окуяларында жабыр тарткан адамдарга укуктук жардам көрсөтүү жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча атайын долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бизге ушул күнгө чейин бир да жолу бийлик өкүлдөрүнөн же болбосо улуттук коопсуздук кызматтынан келишип, эмнеге мындай иш кылып жатасыңар деп тоскоолдук кылган же басым жасаган бирөө болгон жок.

Ошол эле учурда укук коргоочу Динара Ошурахунова аларга карата бийлик органдарынан мурун, белгисиз кылмыштуу топтор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр орун алган учурлар бар экендигине токтолду. Укук коргоочунун айтымында буга башкалардан айырмаланган көз карашы бар адамдарга кол салуу учурунун өткөн жумада катталгандыгын мисал келтирсе болот:

- Нур Омаров деген укук коргоочу эмес, бирок ал башкаларга жакпаган пикирин көпчүлүккө билдирип, ачык жарыялагандыгы үчүн токмоктолду деп жатышпайбы. Мурда мисалы үчүн бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүү көп боло турган болсо, азыр кандайдыр бир кылмыштуу топтор же белгисиз адамдар тарабынан ошондой иштер уланытылып жатат. Бирок бийлик ушуга чара көрө албай жатат.

Буга чейин "Жарандык коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова июнь окуяларына байланышкан
укук коргоо ишмердүүлүгүнөн улам, өмүрүнө коркунуч туулгандыгын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG