Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Капчыгайдагы кырсык: Айдоочу күнөөлүү экенине жакындары ишенбейт


Кандуу кырсык болгон жер
Кандуу кырсык болгон жер

Жол кырсыгын жасаган, адамдарды коркунучтуу абалда таштап кеткен деп айыпталып жаткан Өмүрбек Осмоновдун ата-энеси уулунун бул окуяга күнөөлүү экенине ишене беришпейт. Ошол эле учурда жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тергөө чала жүргүзүлгөндүгүн, кылмыш ишин кайра териштирүүгө жөнөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, ушу жылдын 13-мартында Аламүдүн капчыгайында Өмүрбек Осмоновго тиешелүү Ауди-100 автоунаасы президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов түшкөн Лексус үлгүсүндөгү Жип автоунаасы менен кагылышып өрт чыккан да, натыйжада Жип жана андагы үч адам толук бойдон күйүп кеткен. Ошентип, бул кырсыктан башчысы Медет Садыркулов, стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов каза тапкан.
13-марттагы жол кырсыгында күйүп кетти делген автоунаалар

Автокырсыкты жасаган, ошондой эле адамдарды коркунучтуу абалда таштап кеткен деп айыпталып жаткан Өмүрбек Осмонов – 24 жашта, Ноокат районуна караштуу Жар-Коргон айылынын тургуну. Ушул кыштактагы Кожон Жолдошев атындагы орто мектепте окуган.

Аталган мектептин директору Асан Маманов окуучусун мындайча мүнөздөдү:

- Өмүрбек Осмонов биздин окучубуз, ал жүрум-туруму өтө жакшы эле. Мен ал жигиттин андай ишке барышына ишенбейм. Себеби мектепте жакшы көрүшчү, жаман жагын көргөн эмеспиз ал баланы, токтоо жакшы жигит эле.

Асан Мамановдун оюнча, окуучусу жол кырсыгына кабылышы ыктымал, бирок Жип машинесинин жана андагы кишилердин өрттөлүшүнө тиешеси бардыгына мектеп мугалимдери ишенбей турушат:

-Ал жакшы үй-бүлөдөн чыккан. Атасы Мырза аке дагы, апасы дагы айылдагы кадыр-барктуу кишилерден. Бир туугандары дагы жакшы.

Жар-Коргон кыштагынын тургуну Чынара Абдылдаева да айылдашына байланышкан окуяны борбордук массалык маалымат каражаттары ашкере саясатташтырып, а түгүл бир беткей чагылдырып жаткандыгын баса белгиледи.

Кеп болуп жаткан Өмүрбектин апасы Даана Осмонованын айтымында, уулу Ош гуманитардык педагогикалык институтун бүткөндөн кийин Орусияда бир жылча иштеп, 5-мартта келген. Ошол айдын сегизинде Бишкекке эжелери менен кеткен. Анын кырсыкка кабылгандыгы туурасында кабарды Улуттук телеканал аркылуу уккан. Ошондон бери санаасы тынчый элек.
Өмүрбектин апасы Даана Осмонова

- Сегиз баланын кичүүсү. Эми ошол иш боюнча ак-караны ылгаган болсо чыгат да кандай болгону. Ак караны ылгабаса өкмөт эмне кылса кылат да, эмне кылат элек. Садыркуловду каяктан тааныйт ал өзү Бишкекте жүрбөсө, башканы билбесе. Бизге милициялар келе берип тойгузуп таштады.

Даана Осмонова уулунун соту жүрүп жаткандыгын да УТРКдан көргөндүгүн айтып, соттон калыстык тилеп жатканын кошумчалады.

Кепти улаган атасы Мырза Осмонов уулу ак экендигине ишенип тургандыгын, кокус башкача өкүм окулса Ак үйдүн алдында ачкачылык жарыялаарын эскертти:
Өмүрбектин атасы Мырза Осмонов

- Эң негизгиси Бакиевден суранам, өзү көзөмөлүнө алып, карапайым дыйкандын баласы ушинтип кете бербесин. Эгерде жакшы карап, жакшы чечпей турган болсо Ак үйдун астына ачкачылык жарыялайбыз.

Ошол эле учурда жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тергөө чала жүргүзүлгөндүгүн, андыктан, кылмыш ишин кайра териштирүүгө жөнөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Өмүрбек Осмоновдун ата-энеси уулу күнөөлүү экенине ишенбейт

Алардын бири - айдоочулардын укугун коргоочу «Эсеке» борборунун башчысы Төлөгөн Келдибаев ушундай пикирди карманууда.

- Медет Садыркулов түшкөн автоунаа Жапаниядан чыгарылган, өрткө, баардык кырсыктардын алдын алганга же болбосо айдоочуну сактаганга өтө ыңгайлуу шарттар менен чыгарылган дүйнөдөгү өтө сапаттуу автоунаалардын бири. Ошол убакта деле күйүп кеткен автоунаанын ичинен адамдар түшүп кеткенге толук мүмкүнчүлүктөр бар да. Үч адамдын өрттөүуп кетишине мен эле эмес коомчулук дагы ишенбейт. Медет Садыркуловдун аянычтуу өлүмүн ошол жигиттин мойнуна илинип баардык нерселер жабылып кетиши мүмкүн да…

XS
SM
MD
LG