Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Бишкекте Ирандагы укук бузууларга тынчсызданып чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетип, Биринчи май райондук соту айып пул салды.

Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында бир катар укук коргоочулар, жаштар, журналисттер Ирандагы президенттик шайлоодон кийинки тополоңдо камалышкан 4 миңден ашуун элдин, 40тан ашуун журналисттердин камалышына нааразылык билдиришип, ал жерде адам укуктарынын сакталышына Бириккен Улуттар Уюмун кийлигишүүгө чакырды. Кыргызстандык укук коргоочулар колдоруна “Иранда миңдеген адам жабыркады, унчукпай коюуу - эркиндикти тебелөө”, “Адам укугу чексиз”, “Биз эркиндик, теңдик, боордоштук үчүн!” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

«Интербилим» уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева ирандык укук коргоочу, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбадинин БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга жолдогон каттын мазмунун окуду. Эбади баш катчыга кайрылуусунда 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдө орун алган адам укугун бузуу фактыларын иликтөө үчүн атайын өкүл жөнөтүүгө үндөгөн.

Кыргызстандык укук коргоочулар дагы Ирандагы адам укуктарынын одоно бузулушуна тынчсыздануусун билдиришип, бул маселеге БУУнун кийлигишүүсүн, ирандык жарандардын укугун коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк акция өткөрүү талаптарын коюшту. Алар Иран элинин атуулдук укуктары жана саясий укуктары тебеленип жатканына, аскерий күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршы болуп, бул маселени тынч чечүү талабы менен Иран бийлигине кайрылуу жолдой турган болду.

Укук коргоочулар кайрылууну Бишкектеги Иран элчилигине алып бара жатышканда алардын алдынан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, подполковник Таалайбек Шатманов чыгып, акциянын катышуучуларынын колундагы плакаттарды чогултууну буюруп, Иран элчилигине барууга болбостугун билдирди.

Подполковник укук коргоочулардын жөө жүрүшү мыйзамга жатпастыгын эскертти.

-Бишкек мэриясынын токтомунда «Жарандар эч кандай билдирүүсүз эле акция өткөрүүгө болот», деп конкреттүү эки жай бөлүнгөн. Алар Горький паркы менен Түштүк дарбазадагы Жеңиш паркы.

Милициянын подполковниги Таалайбек Шатманов эгерде укук коргоочулар Иран элчилигине бара турган болсо, алардын мындай аракети «мыйзамсыз көчө жүрүшү» катары эсептелип, тартип коргоо органдары тарабынан кармалышарын эскертти.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Динара Ошуракунова, Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева баш болгон он чакты жаштар Чүй көчөсүнүн жээгиндеги аяк жол менен кетип баратышып, Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишине жеткенде президенттин кортежи өтүп баратканынан улам күтүп калышты.

Андан кийин алар сапарын улап Тоголок Молдо көчөсү менен түндүк тарапка кайрылышканда «Милиция» деген жазуусу бар эки машина келип, андан формачан милициялар түшө калышып, Төлөйкан Исмаилованы, Эркингүл Иманкожоеваны, Диана Макенбаеваны жана дагы алты адамды күч менен машинеге салып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты.

Райондук ички иштер бөлүмүнөн аларга Административдик Кодекстин 321-беренеси боюнча «Тартип коргоо кызматына баш ийген жок», жана 392-берене «Тынч митингдерди өткөрүү форматын бузду» деп айып тагып, Биринчи май райондук сотуна алып барышты.

Биринчи май райондук соту “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага жана аны менен кошо айыпталып жатышкан 7 адамга Административдик Кодекс боюнча кине тагып, 1500 сомдон айып пул салды.

Төлөйкан Исмаилова соттун чечими менен макул эместигин билдирип, аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышарын айтып, тартип коргоо органдарынын бул аракетин мыйзамсыз экендигин, бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылып, коомчулукка жарыялай тургандыгын билдирди.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Шатманов укук коргоочулар милициянын эскертүүсүнө карабай жөө жүрүш уюштурганы коомдук тартипти бузуу деп эсептейт.

Былтыр кабыл алынган “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык жарандар өз акцияларын уюштуруу тууралуу жергиликтүү бийликке 12 күн мурда маалымдап, жергиликтүү бийликтин жообуна жараша аракеттенүүсү зарыл.

“Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева милициянын тоскоолдугунан улам, Иран элчилигине Кыргызстандын укук коргоочуларынын кайрылуусу берилбей калганын, элчиликке кайрылуу катты эртең алып барышарын билдирди.

12-июнда өткөн Ирандагы президенттик шайлоодо азыркы өлкө башчысы Махмуд Ахмединежад жеңип чыккан. Анын атаандашы, мурдагы премьер-министр, реформачылардын өкүлү катары эсептелген Мусавинин жактоочулары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп демонстрацияга чыгышкан. 20-июндагы он миңдеген адам катышкан демонстрацияны полиция күч менен таркатуу аракетинен улам кандуу кагылыш болуп, андан 20 адам мерт болгондугу айтылууда. Анын кесепетинен миңден ашуун адамдар камакка алынып, 41 журналист абакка салынган.

Байкоочу Алина Кытыкенова Кыргызстанда дагы президенттик шайлоодон кийин Ирандагыдай окуя болбойт деп эч ким кепилдик бере албастыгын, кыргыз бийлиги дагы өлкөдө адам укуктарынын корголушуна жана сакталышына абдан чоң маани берүүсү зарылдыгын айтты.

Айрым булактар билдиришкендей 23-июлдагы президенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилген жерлерде нааразылык билдиришкендер Жети-Өгүз районунда 5 адам, Балыкчы шаарында ондон ашуун адам жана башка жерлерде дагы оппозициянын тарапкерлери камакка алынышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG