Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Петровка менен Балыкчыдагы окуялардан кийинки камоолорго байланыштуу суроолорго укук коргоочу Акин Токталиев жооп берди.

- Акин мырза, расмий бийлик өкүлдөрү Петровка чатагы боюнча айыпталып жаткан Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана президенттик шайлоодо Балыкчыда кармалган 14 адам мыйзамдын чегинде жооп бериши керек дешүүдө. Алар канчалык деңгээлде мыйзам бузушту деген ойдосуз?

- Илгери “ Маленков берген байталды Хрущев келип кайта алды” деп айтчу эле. Аскар Акаев убагында бизди “демократиянын аралчасы” деп эсептечү. Азыр демократия деген одоно тепселип, тоталитардык режимге өтүп баратабыз десек болот. Кубанычбек Кадыров менен Мирлан Асаналиев деген эки депутатты милициялар колу-башын толгоп, кишен салып туруп, элдин көзүнчө союл менен сабагандан кийин эмнени күтсө болот, депутаттык кол тийбестик деген кайда, эки депутат таяк жеп атса, калган кишилер кайда барат? Буларды жөн жерден эле “Шайлоого тоскоолдук кылды, массалык тартипсиздикке алып келди”, деп күнөөлөп атышат.

- Ал эми Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаевдерчи?

- Алардыкы да ушуга окшош болуп жатат. Бул жерде саясий буйрутма аткарылып атат, башка эч нерсе деп айтканга болбойт.

- Депутат Кубанычбек Кадыров жөнүндө айтып кеттиңиз, ошонун үстүнөн прокуратура кылмыш ишин козгоду деген маалымат угуп жатабыз.

- Чоо-жайы ушундай, 23-июлда шайлоо бузулуп атат деп Мирлан Асаналиевге элдер кайрылышат, сен депутат эмессиңби, акимге, мэрияга барып айтпайсыңбы одоно мыйзам бузуп атат “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү деп. “Макул, айтайын” деп барса, мэриядан милиция чакыртып колун толгоп алып алып кетип калышат. Андан кийин эл Кубанычбек Кадыровго телефон чалышат, сиз кайда жүрөсүз деп. Мен Чолпон-Атадамын десе, тез келиңиз, сиздин кесиптешиңизди колу-башын толгоп милиция алып кетти дешет. Милициянын башчысынын баласы менен чогуу иштедик эле, андайга барбаса керек эле деп келсе, аны дагы милициянын эшигин алдынан колу-башын кайрып, башка чаап туруп ичине алып кирип кетишкен. Андан кийин биз прокуратурага айттык, булар ээн-эркин сөзүн айтайын деп келген, 19 кишинин эмнеге камап атасыңар десек, булар милицияны, акимиатты басканы келген деп, жок шылтоолор менен камап коюшту

- Бүгүнкү күндө алардын абалы кандай болуп атат?

- Бүгүнкү күндө буларды куугунтукка катуу алып атышат. 17 депутатка силердин кесиптештериңерди сабап, уруп атат десем, өздөрүнүн парламенттик коллегиясында карап туруп, изилдөө жүргүзгөңдүн ордуна, баардыгы тең унчукпай кайдыгерлик мамиле жасап атышат. Ушундай кайдыгер депутаттардын бизге кереги барбы, жокпу деген маселе туулуп атат. Мен айтат элем, депутаттар өздөрү эле биз алыбыз жетпей калды, сөз айталбай калдык деп тарап кеткени оңбу деп атам.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG