Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Дайынсыз жоголгондор, үзүлбөгөн үмүттөр...


2005-жылдагы Анжиян окуясында да бир канча адам дайынсыз жоголгону айтылып келет.

2005-жылдагы Анжиян окуясында да бир канча адам дайынсыз жоголгону айтылып келет.

30-август – дайынсыз жоголгондорго тилектештиктин эл аралык күнү. Укук бузуунун мындай түрү Борбор Азия өлкөлөрүндө да арбын.

Адам өмүрүн алдаган үмүт деген ар бир жабыркаган адамды алаксытып келет. Табылат же келет деген үмүт менен өмүр өткөрүп келгендерди көп эле жолуктурабыз. Андай тагдырга кабылган адамдар гана бири-бирин жакындан сезип, түшүнүүчүлүк менен кабылдаган мамиле жасашат. 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюму кишилерди күч менен кармап, дайынсыз калтыруудан коргоо тууралуу атайын декларация кабыл алган. Жашыруун жана белгисиз жайлардагы зындандарда жана башка абактарда кишилерди кармоо эл аралык укуктун жоболорун одоно бузуу болуп саналат.

Кыргызстандын жана мурдагы Советтер Биримдигинин тарыхында да мындай кара тактар аз эмес. Улуу Үркүндө, 30-жылдардагы сталиндик репрессия убагында ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, андан кийинки Ооганстан, чечен-орус согушунда, 1990-жылдагы Ош, 2005-жылкы Анжыян окуяларында канчалаган кишилер “дайынсыз” деген ат менен жоголушкан. Алардын нечендери абактарда дайынсыз кармалып зомбулук көрүшкөн.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун да дайынсыз жоголуулар Кыргызстандын турмушунда кайталанып калган окуя болуп калды дейт:

- Бул жагдай кандайдыр бир деңгээлде оор бойдон калып атат. Элибиздин тарыхында Үркүн болгон, Улуу Ата Мекендик согуш болгон. Азыркы шартты алып карасак, азыр да дайынсыз жоголгон адамдар жок эмес. Алардын ичинде бир гана жөнөкөй адамдар эмес, депутаттар, саясый ишмерлер бар. Мына депутат Шаботоев ушу убакка чейин дайыны жок. Андан тышкары депутат Жээнбековдун баласы Амиржанов ушул убакка чейин табылбай, жакында сөөгү табылды. Жөнөкөй жарандар арасында дайынсыз жоголгондор көп. Бул проблема коомубуздун чоң көйгөйү да.

1990-жылдагы бир канча адамдын өмүрүн алган улуттар арасындагы жаңжалдан, Ош окуясынан улам айрым бир үй-бүлөлөр баш-оту менен жоголгон. Эки бир тууганы, эжесинин үч баласы менен беш адамды дайынсыз жоготкон Наби Эшмуратов деген оштук атуул ушул күнгө чейин дайынсыз жоголгон туугандарын “келип калат” деген үмүт менен жашап келатышканын айтат:

- Бир тууган эжем Салия Эшмуратова, бир тууган иним Жылдыз Эшмуратов, эжемдин үч баласы менен беш жанды жоготтук. Убагында күч органдары издеп жаткандай эле болгон. Жыйынтыгы эмне болду, билбейбиз. Айлабыз мукурагандан көзү ачык деген бүбү-бакшыларга бардык. Бири айтат түрмөдө кармалып турат деп. Кайсыл түрмө, каерде айраң таңбыз. Бирок үмүт деген кыйын экен. Дале үмүттөнөбүз.

Наби Эшмуртаов андан бери жыйырма жылга жакын убакыт өтсө да дайынсыз болгон туугандарын иликтеп издеп жүргөнүн айтат. 2005-жылкы Анжиян окуяларында да канчалаган кишилер “дайынсыз” деген ат менен абактарга түшсө, бир катары коңшу мамлекеттерде башпаанектеп жүрүшөт.

Айрымдары чет өлкөлөргө үй-бүлөлөрү менен Ата-Журтун калтырып кетүүгө аргасыз болушту дейт Мураджан деген бир атуул:

- Айрыкча Анжиян окуяларынан кийин бейдарек жоголгондор бар. Коркконунан карапайым адамдар жогун да сурак-соболсуз, издебестен унчукпай калууну оң көрүштү. Мына жакында эле бир жаран жоголуп, анын абакта отурганы тууралуу кабар болду.

Мураджан ошондой эле Анжиян окуясынын залакасы бир гана жергиликтүү тургундарга тийбестен, коңшу мамлекеттерде жашаган өзбек улутундагы атуулдарга чейин таасирин тийгизип келүүдө дейт.

- Адам укуктарынын корголбогондогу жеткен чеги дайынсыз жоголду деген ат менен сурак-соболсуз калгандык деп эсептейм. Эң жаман жери, мамлекеттин жоголгон атуулдарынын тагдырына кызыгып койбогондук. Тескерисинче дайынсыз делип жоголуп кеткен факторлордун басымдуусун ушул күч органдары өздөрү жасары айтылып келет.

Ошондон болсо керек бир канча жылдар мурун Латын Америкасында дайынсыз жоголгондордун жана абактарда эч кабарсыз кармалгандардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары жана алардын укугун коргоочулар бир нече уюмдун башын коштуруп, атайын эл аралык бирикме түзүшкөн. Бул бирикме эл аралык коомчулукка демилге менен чыгып, акыры Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен 30-август - дайынсыз жоголгондорго тилектештик билдирүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип калды.
XS
SM
MD
LG