Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Балыкчы: Айыпталуучулардын укугу кандай корголууда?


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары.

Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Мамбетемин Өмүракунов Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандардын укугу тууралуу кеп салып берди.

- Мамбетемин мырза, Балыкчы окуясы боюнча кармалгандарга убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлеринин мамилеси кандай экен? Камактагыдардын укугу корголуп жатыптырбы?

- Азыркы учурда Балыкчы шаарынын убактылуу кармоочу жайында 10 адам камакта жатат, ал эми эки адам ден соолугуна байланыштуу ооруканада, 19 адамдан жетөөсү тил кат менен жүрөт. Асанова Айжаркын деген кыз менен Мусаев Кубатбек деген жигит ооруп жатат. Айжаркын азыр бөйрөгү катуу ооруп жатат терапия бөлүмүндө. Ал эми Мусаев Кубатбек болсо кан басымы көтөрүлүп кетип, кээ бир учурларда кулагы укпай калып, кээ бир сөздөрдү түшүнбөй калып жатат. Булардын укугу жөнүндө айтсак, мисалы Бообеков Мирлан денен камалып жаткан адамдын ашказанында жара бар экен, жарасы жарылып кетип оозунан кан чыгып аткан учурлар болуп атыптыр. Муну кайра-кайра сураганына карабай ооруканага жаткырбай жатышат. Ошондой эле Кожокматов деген адам кургак учуктун ачык түрү менен ооруйт экен. Бул дагы камактан чыгарылбай жатат. Кечээ шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кандыбек Дегенбаев өзү да мойнуна алды, тезирээк сотту бүтүрүп бошотпосок болбойт дегендей.

- Алардын укуктары тебеленип жатканы боюнча Акыйкатчыга, тиешелүү органдарга кайрылдыңыздарбы?

- Бул боюнча биз акыйкатчынын облустук өкүлүнө кайрылсак, бул киши камалгандарды жактабай, биринчи сот башталганда эле мамлекеттик айыптоочулардын сөзү туура, буларды азыр чыгарбашыбыз керек деген мааниде сөз айткан. Ошол жерде элдин маанайын көрүп туруп, ошондон бери качып, бул жерге келбей калды.

- Камактагылардын үй-бүлөлөрүнүн абалы менен тааныша алдыңызбы?

- Баардыгынын эле үй-бүлөсү менен таанышып атабыз, бүт эле ошол жерде жүрөт. Ушулар камалгандан бери ар бир соттолуучунун жакындары менен байланыштык. Булардын арасында алыстан келгендери бар, кары-картаңдар бар. Мисалы Белек деген жигиттин ата-энеси Ат-Башыда турат экен, атасынын көзү көрбөйт экен, энеси да кары киши экен, материалдык жактан дагы кыйналып кетишиптир.

- Мындайча айтканда булар бей-бечаралар турбайбы?

- Бул жерде камалып жаткандардын баары тең колдорунда эч нерсеси жок, бей-бечаралар. Эгерде акчасы болгондо акчасын берип туруп эле кутулуп кетет беле деген да ой кетет. Бирок сотко дагы, тергөө органдарына да, айыптоочуларга дагы үстүртөн тапшырма берилип атабы деген ой да жок эмес.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG