Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Укук коргоочу Азиза Абдурасулова Москвадагы аба майданда кол сумкасынан автоматтын огу табылышы дале түшүнүксүз болуп жатканын айтат.

- Сумкаңыздан капилет автомат огунун табылышын өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?

- Эми кандай кабыл алат элем, Варшавадан эки саат мурун учуп чыкканда сумкаман эч нерсе чыккан эмес, оюмда эч нерсе жок болчу. Кокустан эле Москвага келгенде сумкаман ок табылып калса өзүм дагы таң калдым, бир жагынан коркуп да кеттим. Мен үчүн түшүнүксүз эле жагдай болуп калды. Эмне деп жооп беришиңди да билбей калат экенсиң андай убакта.

- Орусиянын коопсуздук кызматкерлери кандай мамиле кылышты?

- Эң биринчи бир террористти кармап алгандай мамиле кылышты, 5-6 милиция келип дароо эле ороп калды, мени элден бөлүп коюшту, өзүмдү сумкама, буюмдарыма таптакыр жакындатпай коюшту. Андан кийин милицияканага баргандан кийин өзүмдүн ким экенимди айтып, тааныштырып, кайсы жактан келатканымды, жагдайды түшүндүргөңдөн кийин мамилеси бир аз оңоло түштү.

- Белгилүү болгондой, мурдагы жумаларда сиздин кесиптешиңиз Динара Ошуракунованы “Манас” аба майданынан Кыргызстанга киргизбей, коопсуздук кызматкерлери бир нече саат кармашкан эле. Эми сиз менен мындай окуя болуп отурат. Мындай окуялардын күчөшү эмнеден болушу мүмкүн. Сиз өзүңүз сумкаңыздан автоматтын огу табылышына кимди күнөөлөйсүз?

- Эми көрбөй-билбей туруп баланча күнөөлү деп айтыш кыйын экен. Сумкам дайыма жанымда жүргөн. Анан ушундай болуп калды, тигил жасап койду деп айтыштын өзү дагы кыйын. Бир кудай, бир салган адам билет деп эле турам. Бир жагынан бул жагдай акыркы жарым жылдан бери бир эле Кыргызстан эмес, ШКУга, КМШга кирген мамлекеттерге тиешелүү болуп калды. Мисалы, былтыр ноябрь айында Норвегиянын укук коргоочусу Ивар Дале дегенди Кыргызстанга киргизбей койгон. Андан кийин февраль айында москвалык Пономарев дегенди Кыргызстанга киргизбей койгон. Ошол эле убакта мага, Динара Ошуракуновага ушундай мамиле болуп атат. Мындай мамиле болгону бул ШКУнун, ЖККУнун алкагындагы укук коргоочуларга болгон ушундай аракеттерби деген да ой кетип атат.

Экинчи жагынан, биздин Кыргызстанда укмуштуудай эле мамилелер болот. Мисалы президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго кесилген кулакты жөнөткөндөн кийин бир жылдан кийин түшүнүксүз жагдайда өлүмгө учурап атат. Менин сумкама минтип автоматтын огу салынып калышы мага кандайдыр бир эскертүүбү деген да ой кетип атат. Эми түрдүү ойго барат экенсиң мындай убакта, жакшы ойду азыраак ойлонуп калат экенсиң. Эми кандай болсо да башыбызга салганды көрөт экенбиз.

- Бирок сиз эгерде эскертүү деп кабыл алган болсоңуз, мындан аркы ишмердүүлүгүңүз кандай болот?

- Укук коргоочу катары мен өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү уланта берем. Себеби мен бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгүмдөн баш тарталбайм. Бир күндө ондогон адамдар кайрылып турат. Анан кандай кылып ошол адамдардын тагдырынан баш тартып кетесиң. Экинчи жагынан, укук коргоо органдарына кайрылып иликтетиш үчүн дагы жагдай түшүнүксүз. Мисал үчүн ушул жагдай боюнча Кыргызстандын милициясына, же прокуратурасына кайрылсам, алар айтат да, Москвада болгон окуяны биз кандай кылып териштиребиз деп. Ошондуктан бул жагынан дагы мен бир туңгуюукта болуп калдым. Кимге кайрылыш керек, кандай кылып иликтеш керек деген суроолорго мен өзүм жооп табалбай калдым.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG