Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Издөөдөгү Канат Сопиев чет өлкөдөн “Азаттыкка” үн катты


Канат Сопиев Балыкчы шаар сотунун залында. 24-сентябрь, 2009-жыл.
Канат Сопиев Балыкчы шаар сотунун залында. 24-сентябрь, 2009-жыл.

Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын бири, БЭКтин Ысык-Көл районундагы координатору Канат Сопиев ай башында Кыргызстандан чыгып кеткен эле.

Президентик шайлоо күнү Балыкчы шаарындагы шайлоого тоскоолдук келтирди, баш-аламандык уюштурду, бийликти басып алууга аракет кылды деген айып менен соттолуп аткан Канат Сопиевдин мындай кескин кадамына мамалекеттик айыптоочулар түрткү болгонун соттолуучунун жактоочусу Сартпай Жайчыбеков сот залынан ырастаган. Издөөгө алынган Сопиев Каракол тергөө абагындагы 10 айыпкердин ачкачылык жарыялаганын угуп, аларга тилектештигин, жана саясый куугунтукка алынган Жекшенкулов, Исаков, Бөлөкбаев, Аргынбаев сыяктуу оппозиция лидерлеринин акталаарына ишеничин билдирди.

- Канат мырза, сиз жөнүндө бул жакта “дайынсыз жок” деген сөздөр болуп атат, кайсы жерде экениңизди айта аласызбы?

- Азырынча ачыктай албайм го, туура түшүнүңүз. Кыргызстандан чыгып кеткем.

- Ден-соолугуңуз кандай болуп калды? Абактан заараңыз чыкпай калып ооруканага чыгарылды дешти эле...

- Бөйрөгүмдөн кыйналып атам. Саясый качкын деген макам алмайынча бул жактан дарыгерлерге кайрылганга болбойт экен. Ошол күндү күтүп атам.

- Караколдо сиз менен бирге абакта жаткан 10 соттолуучу ачкачылык жарыялады, буга кандай карайсыз?

- Алар менен байланышканга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан силер аркылуу кайрылгым келет. Бийликтин ырайымсыз чечими менен күнөөсү жок камалган агаларым, инилерим, менин жүрөгүм силер менен! Кара ниеттердин курмандыгы болуп отурабыз, алардын бул кылганын эл таразалаар. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, дейт биздин көчөгө да акыйкаттык келээр. Эрктүү болуңуздар! Бул азаптуу күндөр да өтөөр! Бийликтин буйругу менен жасалма иштер менен айыпталып аткан Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Исмаил Исаков, Сапар Аргынбаев агаларыма да салам айтып, соттон акталаарыңыздарга ишенем!

- Канат, сиз эмнеге сот болуп аткан учурда качып кеттиңиз?

- Укук коргоо органдары жок кылмыш ишин ойлоп чыгып, мыйзамсыз далилдерди чогултту, коркутуп кол койдуртканы, ден-соолугума байланыштуу бир жолу сотко келе албай калсам, кайра камакка алуу токтомун чыгарып койду. Териштирүү убагында тергөөчүлөрдүн, прокурордун жана башка орган кызматтарынын кантип сабаганын ачыктаганыма өчөштү деп ойлом. Анан мамлекеттик айыптоочулар сот бүтө электе эле, "кыйын болуп каяша сүйлөбөгүлө, силердин тагдырыңар эчак чечилген", деп алдын-ала тыянак чыгарып койгону, мына ушунун баары соттон калыс чечим болбой турганын айгинеледи. Баары бир кайра эле камайт экен деп качууга аргасыз болдум.

- Сиздикиндей тагдырга азыр ЖКнын депутаты Кубанычбек Кадыров да тушугуп турат, ал киши менен байланышып турасызбы?

- Ал киши менен эч кабарым жок.

- Сиз Кыргызстанга качан кайтып келем деген ойдосуз?

- Эми азыркы бийлик кетип, башка эл үчүн иштеген адамдар келгенде эле кайтпасам мага оор болуп калды го...

- Үй-бүлөңүз менен байланышып атасызбы?

- Чынын айтсам мүмкүнчүлүгүм болбой атат. Бирок жүрөктү өйүгөн нерсе туугандарыма балдарыма менин кедергим тийбесе экен дейм. Аларга ыпылас технологияларды колдонуп коюшу мүмкүн.

- Сизге рахмат, тобокелге салып суроолорго жооп бергениңизге.

XS
SM
MD
LG