Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Укук коргоочулар репрессия курмандыктарын эскерди


Бүгүн “Кылым шамы” укук борборунун демилгеси менен бир катар укук коргоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, репрессия курмандыктарын эскеришти.

Ушул иш-чараны өткөрүүнүн себеп-жайы жана жалпы эле Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова жооп берди.

- Азиза айым, бүгүн «Кылым шамы» уюму репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилеген экен. Ушул иш чара тууралуу айтып берсеңиз?

- Бул иш чарага биз коллегаларды, башка укук коргоо уюмдарын, ошондой эле журналисттерди, каалаган жарандарды чакырдык. Мындай демилге менен чыкканыбызга бүгүн 5-7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстандын эң алдыңкы интеллегенциянын каймактары болгон адамдары атылган жана ошолордун сөөгү 50 жылдан ашык убакыттан кийин табылып, Ата-Бейитке коюлган. Ушул негизги адам укуктарынын белгиси болгон жер - Ата-Бейит деп ойлойбуз. Бүгүн атайын барып ошол жерге таазим кылып, ошолордун 37-38-жылдагы репрессияны эскерүүнүн себебинин дагы бир жагдайы болуп, Кыргызстанда акыркы кезде өлүм жазасын кайра кайтаруу демилгеси көтөрүлүп атат, мына ушул өлүм жазасына тартылып, күнөөсү жок өлтүрүлүп кеткендер Ата-Бейитте жатат. Ошондуктан биз айта кетмекчибиз, Кыргызстан өлүм жазасын кайтараардан мурун биздин өтүп кеткен тарыхыбызга бир кылчайып карасак.

- Азиза айым, ошол эле мезгилде бүгүн 7-ноябрь - расмий майрам. Бул күн менен сиздердин өткөрүп аткан акциянын канчалык деңгээлде байланышы бар?

- Биринчиден, ушул адамдар 5-8-ноябрда атылган. Ошондуктан 7-8-ноябрь Кыргызстанда расмий эмес болсо дагы, репрессияга кабылгандарды эскерүү күнү катары укук коргоочулар арасында белгиленип келатат. Экинчи жагынан ушуларды репрессияга тарткандар коммунисттик системанын өкүлдөрү, өткөн биздин социалисттик доордо болгон да. Ал эми бүгүнкү күндө өлүм жазасын кайра кайтаруу дагы Коммунисттер фракциясы тарабынан, депутат Исхак Масалиев тарабынан көтөрүлүп, мыйзам долбоору даярдалып атпайбы өлүм жазасын кайра кайтаруу боюнча. Ошондуктан кайсы тарабынан алсак дагы бүгүн 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын жеңген күнү, коммунисттик доордун күнү, ошол эле убакта коммунисттик доордогу эч күнөөсүз атылып кеткен репрессияга кабылгандардын дагы эскерүү күнү баары бир күнгө чиеленишип калгандай болуп атат.

-Учурдан пайдаланып дагы бир суроо бергим келип атат сизге, бүгүн Кыргызстанда басма сөз жана маалымат каражаттарынын да күнү. Укук коргоочу катары сиз бүгүнкү күндө Кыргызстандагы басма сөздүн жана маалымат каражаттарынын абалына кандай баа бересиз?

- Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, ошол эле убакта журналисттердин бүгүнкү күндөгү абалына мен терс баа берем. Абдан артка кеттик. Атап айтканда журналисттерге кол салуу, өлтүрүп кетүү, сабап кетүү, ошондой эле эркин гезиттерди жабуу сыяктуу бүгүнкү күндө фактылар көз көрүнө бар. Бир нече журналисттер чет мамлекетте баш баанек сурап баш калкалап жүрүшөт, эркин басылмаларга доо арыз берүү күчөп атат. Ошол эле убакта Кыргызстандагы кээ бир эркин радиолорго, ошонун ичинде “Азаттык” радиосуна дагы эфирди бербей коюу дагы бир гана “Азаттык” радиосунун укугун эмес, Кыргызстандагы жалпы радиоугуучулардын маалымат алууга болгон укуктарын чектеп атат. Ошол эле убакта баарына белгилүү Кыргызстанда дээрлик эркин телерадиолор калбай баратат. Бул дагы өкүнүчтүү. Ошондуктан Кыргызстан акыркы эл аралык рейтингге салыштырмалуу былтыркыдан быйыл 14 тепкичке артка кетип атат.

- Президент журналисттерди, басма сөз кызматкерлерин куттуктоодо Кыргызстанда 900гө жакын маалымат каражаты катоодо турат. Мунун өзү пикирлердин плюрализимин далилдей турган көрүнүш деп баалаган экен. Сиз буга кошуласызбы?

- Плюрализм бир эле ошол басма сөздөрдүн саны менен аныкталбайт да. Плюрализм деген бул журналисттердин да, басылмалардын да эркиндиги. Ошол эле убакта басылмалар аркылуу карапайым жарандардын сөз эркиндиги дагы болуп туруш керек, ошону менен аныкталат да. Мына акыркы эле кечээки болгон окуя ушул басма сөз аркылуу президентти сындап, же бүгүнкү күндө бийликти бир колго топтоп калуусун айткан саясий партиянын лидерин Бишкек шаардык прокуратурасы чакырып, ага эскертүү берип атат, сен айтканга укугуң жок деп. Бүгүнкү күндө сөз айтууга да мүмкүн эмес болуп калып атат да. Ошондуктан сөз эркиндигин журналист менен гана байланыштырбаш керек. Азыр карапайым элдин чыныгы маалыматтарды алууга укугу жана чыныгы маалыматтарды таркатууга болгон укугу да абдан чектелип калды.

- Маегиңизге рахмат
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG