Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Б. Мамырова: Саясий куугунтук уланууда


Петровка окуясы боюнча айыпталгандар.
Петровка окуясы боюнча айыпталгандар.

Петровка окуясы боюнча сот ишиндеги акыркы жагдайлар тууралуу суроолорго бул ишке коомдук коргоочу катары катышып жаткан Бөдөш Мамырова жооп берет.

- Адвокаттардын акыркы маалыматтарына караганда, айыпталып жаткан эки укук коргоочу: Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаев жана саясатчы Эркин Бөлөкбаевдин саламаттыгы начарлап атыптыр. Ушунун канчалык чындыгы бар, сиз көзмө-көз көрдүңүз да аларды?

- Мен коомдук коргоочу катары Петровка окуясы боюнча сот башталгандан бери эле катышып келе жатам. Өткөн шейшембидеги отурумда бир топ нерселерди байкадык. Менин байкашымча, бул сот ишине жакын арада чекит коюлчудай эмес, анткени күбөлөрдүн көптүгүнөн мамлекеттик айыптоочулар өз максатына жеткидей кылып алынган милдеттемесин аткара албай жаткандыгына байланыштуу бир топко созулчудай. Ошол эле мезгилде айыпталуучулар Уран Рыскулов жана Сапар Аргынбаев, белгилүү саясатчы, бир чоң партиянын жетекчиси Эркин Бөлөкбаевдин саламаттыгынын начарлашы байкалып турат.

Уран Рыскуловдун бронхити бар экен, ал абдан күчөп кеткен, жөтөлү катуулап атыптыр, ошол эле мезгилде справка берилген эмес. Медициналык жакшы көзөмөл жүргүзүлбөгөн. Сапар Аргынбаевдин ден-соолугун көптөн бери эле байкап атабыз, акыркы отурумда сураганда, абдан муундарым сыздап, оорутуп жанымды кыйнап атат деген маалыматты берди. Ал эми Эркин Бөлөкбаевди өзүңөр билесиңер, жүрөк оорусу бар, кан басымы жогорулап атканы башынан эле белгилүү болчу. Ошондой эле ал былтыркы жылы көрсө ичеги-карынынан операция болгон экен. Азыркы мезгилде отурган жери сыз, кыймылдабай отурат, ошонусу да күчөп атыптыр.

- Бөдөш айым, дагы бир маселе, кечээ башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Петровка окуясы боюнча маселеде эч кандай саясат жок, бул накта эле кылмыш иши деди. Ошол эле мезгилде айыпталуучулар, алардын тарапкерлери муну саясий маселе, саясий буюртма деп эсептеп атат. Сиз кандай баалайсыз?

- Мен дагы жөн эле кылмыш иши дегенди четке кагат элем. Бул жерде саясий боек бар. Анткени суралып аткан күбөлөр, жөнөкөй карапайым калк, ал эмес жабырлануучу күрт улутундагылар келип көрсөтмө бергенде ушул мезгилге чейин бирөө дагы ушул үч айыпталуучуга түздөн-түз, тикеден-тике күнөө кое алган жок. Тескерисинче алар “биз буларды айыптабайбыз, буларды биз уюштуруучу деп да эсептебейбиз, тескерисинче ошол жаңжалдын астында жүрүп, “койгула, токтотукула” деп бир топ милициялардан мурун келип аракет жасагандардан” деп айтып атышат. Ошого карабастан күбөлөрдү даярдап, атайын көрсөтмө менен алып келип аткандарга деле күбө болуп атабыз. Мен бир мисалды айтайын, буга чейинки акыркы отурумда, мурунку милиция башчысынын орунбасары келип көргөзмө берип атат, эшиктен киргенде эле жулунуп, Улан Рыскулов деп атырылып кирди. Бул жерде түздөн-түз буйрутма берилгени көрүнүп калды.

- “Мемориал” укук коргоо борбору бүгүн Кыргызстанда куугунтук абдан күчөп атканы тууралуу маалымат таратты. Буга жаңы мисал катары кечээ кечинде Бахром Хамроев аттуу укук коргоочу, орусиялык жаран кармалганы айтылып атат. Ал Кыргызстанга диний жактан жабыркагандарды, куугунктукка кабылгандарды иликтөө үчүн келген экен. Кыргызстанда куугунтук күчөп атат дегенге сиз макулсузбу?

- Мындай иштер мурда эле болуп келген, болуп келе жатат. Ошол куугунтукка кабылгандардын катарына Петровка окуясы боюнча кармалып отургандарды, генерал Исмаил Исаковдун үстүнөн болуп аткан сот ишин кошсо болот. Эми укук коргоочу Бахром Хамраевдин кармалышын куугунтуктун уландысы деп эсептейм. Демек Кыргызстанда куугунтук кадимкидей эле көрүнүп турат десек болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG