Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Бахром Хамроев Кыргызстандан чыгарылды


Укук коргоочу Бахром Хамроев.
Укук коргоочу Бахром Хамроев.

Орусиялык “Мемориал” уюмунун өкүлү Бахром Хамроев 19-ноябрда эртең менен Кыргызстандан чыгып кетти. Ал Ош-Москва учагы менен Орусияга депортацияланган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 18-ноябрда кечинде “Мемориал” укук борборунун мүчөсү Бахром Хамроевди "Мыйзам жана тартип" укук коргоо уюумунун лидери Иззатилла Рахматиллаев менен чогуу кармап кеткен. Бахром Хамроев Борбор Азиядагы саясий эмигранттар коомун да жетектейт. 1992-жылдан бери Москвада жашайт, Орусиянын атуулу. Ал Кыргызстанга диний багытта куугунтукталып жаткандар жөнүндө маалымат топтоо үчүн 10-ноябрда келген.

"Мемориал" укук коргоо борборунун өкүлү Бахром Хамроев аңдуулар, коркутуулардан кийин Жалал-Абаддан Ошко 17-ноябрь күнү кайтып келген, 18инде аны коопсуздук кызматкерлери кармап кеткен.

“Кылым шамы” укук коргоо боборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Кыргызстанда укук коргоочуларды кармоо адатка айланып калганын белгиледи. Анын айтымында, Бахрам Хамроев 18-ноябрда эртең менен телефон чалып, Жалал-Абаддын укук коргоо кызматкерлери аны Крыгызстандын аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылгандыгын айткан.

- Биздин атайын кызматкерлер, укук коргоо, милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармап, камап койгондон, өлтүрүп койгондон кайра тартпайт. Кыргызстанда азыр укук коргоочуларды, журналисттерди өлкөгө киргизбей койгонду, аларды себепсиз кармаганды адатка айлантып алды. Албетте Бахром Хамроевдин да кармалышы мыйзамсыз. Муну биз иликтедик. Аны Кыргызстанга киргизбей коюу боюнча соттун чечими жок, негиз да жок. Ошондуктан биз бул багытта эл аларылык деңгээлде билдирүү жасайбыз.

Бахром Хамроев менен чогуу кармалган Изатилла Рахматуллаевди укук коргоо кызматкерлери 19-ноябрь эртең менен кое беришкен. Ал орусиялык укук коргоочунун кармалышын анын ишмердүүлүгү менен байланыштырат. Ошондой эле текшерүү учурунда Хамроевдин сумкасынан «Хизб-ут Тахрирге» тиешелүү диск чыкканын маалымдады:

- Ал бейбаштык кылган эмес, башка мыйзамдарды бузган эмес. Ошол себептүү анын ишине байланыштуу болду го деп ойлойм. Коопсуздук комитети текшергенде табылган дисктерди, баракчаларды Ноокат окуясына тийиштүү делген үй-бүлөлөргө жана туугандарына жолукканда бергенин көрдүм эле.

“Мемориал” укук коргоо борбору - саясий репрессияга кабылган, диний көз карашы боюнча репрессияга кабылгандардын укугун коргогон жана ошол боюнча байкоо жүргүзгөн уюм. Уюм Ноокат окуясы, Жалал-Абад, Өзгөндогү террористтерди жок кылуу операциялары боюнча байкоо жүргүзүп жаткан. Бахром Хамроев Кыргызстанга укук коргоочу Виталий Пономарев Кыргызстанга киргизилбей калгандан кийин анын ишин улантуу үчүн келген.

Виталий Пономарев болсо Бахром Хамроевдин аракетинде укук бузуу жок экенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

- Ооба, бул 100 пайыз анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Ал эми менин билишимче, эч кандай кассеталарды алып жүргөн эмес. Сумкадан «Хизб-ут Тахрирдин» баракчалары табылыптыр. Бирок бул баракчалар дээрлик бардыгында эле, журналисттерде деле, укук коргоочуларда деле, батыштын бардык изилдөөчүлөрүндө бар да. Бахром Алматыга кетип жатканда аны менен жолугушуп, сумкасын бирге салыштырганбыз. Анда Кыргызстандын Акыйкатчысынын Ноокат окуясы боюнча докладынун көчүрмөсү бар болчу. Ал мыйзамга туура келбеген, же тыюу салынган бир да кагаз алып кеткен эмес. Иликтөө максатында чогултулган материалдар кылмыш катары каралбайт.

Кечээ Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган орусиялык “Мемориал” уюмунун өкүлү Бахром Хамроев 19-ноябрда эртең менен Кыргызстандан учак аркылуу Москвага жөнөтүлгөн. Бул маалыматты Виталий Понамарев да тастыктады.

XS
SM
MD
LG