Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Бакыт Сыдыковдун сабалышында саясий себеп барбы?


"Манас" аба майданынын жетекчиси Бакыт Сыдыковду бир жума мурда белгисиз адамдар сабап кетишкен. Сүрөттө: “Манас” аба майданы.

"Манас" аба майданынын жетекчиси Бакыт Сыдыковду бир жума мурда белгисиз адамдар сабап кетишкен. Сүрөттө: “Манас” аба майданы.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун уулу, “Манас” аба майданынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун сабалышына байланыштуу түрдүү жоромолдор айтылууда.

“Манас” эл аралык аба майданы” акционердик коомунун президенти, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Бакыт Сыдыковду белгисиз адамдар сабап, «Тойота Ланд Крузер-200» (мамлекеттик номери – В 73-53Q) үлгүсүндөгү автоунаасын документтери менен чогуу, 1900 доллар, 350 евро өлчөмүндөгү акча каражатын, уюлдук телефонун тартып алып кетишкен. Натыйжада кенже Сыдыков башынан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Бул кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармачылыгы менен Бишкек шаардык башкармалыгы биргелешип иликтеп жатат.

Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун ишендиргенине караганда, кылмыш иши ачылуу алдында турат:

- Бул боюнча иштер жүрүп атат. Кудай буюрса жакында ачылып калышы күтүлүүдө. Бир топ маалыматтар бар. Ошолордун бардыгы текшерилип атат.

Ошол эле мезгилде тергөөчү топ мамлекеттик кызматкердин жабыркашына түрткү болгон жагдайлар боюнча өз божомолдорун ачыктаган жери жок.

Өткөн аптада болсо “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош облустук бөлүмү кылмыш ишин иликтөөнү өз көзөмөлүнө алууну сурап президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдогон. Бул тууралуу партиянын облустук координатору Керим Макеев буларды белгиледи:

- Биз эми саясий жагын айтпай эле турабыз. Эгерде тергөөдөн жыйынтык чыкпаса саясий тапшырма болот да, биз ошондой деп айтканбыз кайрылууда. Ушу мезгилде былтыр менде да ушундай болгон. Кылмыш иши ошо бойдон турат, бир да түшүнүк кат алынган эмес.

Керим Макеев былтыр Ош шаарында белгисиз адамдардан токмок жеп, бирок ал боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыга элек.

Анткен менен партиянын аткаруу комитетинин төрага орун басары Абай Алымкулов “Азаттыкка” партиянын баш кеңсеси Бакыт Сыдыковдун сабалышында саясий боек жок деген тыянакка келди деп билдирди. Баш кеңсенин өкүлү Оштогу “жаңы кыргызстанчылардын” кадамын минтип чечмеледи:

- Муну угуп туруп, Ош гана эмес, башка райондор да көтөрүлүшкөн. Биз жөндөн-жөн эле обдула бербей тынчыраак отуруп тургула деп айттык. Эгер саясий маселе болуп, көтөрүлсө бир жөн. Кайсы маселе болсо да тергөө жүрүш керек да. Мүмкүн Бакыт Үсөновичте жеке себептер болгондур. Мүмкүн коммерциялык же башка себептер болушу мүмкүн. Коммерциялык болсо ал аэропортто иштегенден кийин мамлекеттик мүлккө тиешелүү маселе болуш мүмкүн. Бирок биз айттык, сабырдуулук кылып, кое тургула, биз бир нерсе болсо эле көтөрүлүп кетчү партиялардан эмеспиз деп.

“Жаңы Кыргызстан” 2005-жылкы ыңкылапка, ал аркылуу президент Курманбек Бакиевдин бийликке келишине олуттуу таасир эткен партия катары белгилүү. Анын лидери Үсөн Сыдыков ыңкылаптан кийин президенттик администрация башчысы болуп иштеген, президенттин кеңешчиси да болгон.

Ал Ак үйдө иштеп турганда оппозиция аны кадр саясатына киришет деп кескин сындап чыккан, буга уулу Бакыт Сыдыковдун “Манас” эл аралык аба майданы акционердик коомунун президенттигине дайындалышы да олуттуу таасир эткен.

Саясий чөйрөдө Үсөн Сыдыковдун президент Курманбек Бакиев баштаган азыркы бийлик менен мамилеси салкындап кеткендиги тууралуу пикирлер арбын айтылууда. Ага жараша Бакыт Сыдыковдун сабалышын да бир топ саясий себептерге, алардын ичинде президенттик келерки шайлоого жоругандар аз эмес.

Талдоочу Табылды Акеровдун пикиринде, мындай жоромолго президент Курманбек Бакиевдин өз уулун мамлекеттик кызматка алып келиши шыкак берүүдө:

- Баласын мамлекеттик экинчи даражадагы бийликке алып келгендигине байланыштуу эми кийинки президенттик шайлоодо Бакыт Сыдыков да президенттик шайлоого катышып калышы мүмкүн деген кооптонуунун негизинде коркутуу иретинде жасалды деген сөздөр басымдуу каралып жатат.

Ошол эле мезгилде “Жаңы Кыргызстандын” аткаруу комитетинин төрага орун басары Абай Алымкулов болсо "Бакыт Сыдыковго кол салгандар анын акчасы менен автоунаасына гана кызыккандар экендигин, саясатка байланышы жогун тактадык" деди. Партиянын өкүлү ошондой эле Бакыт Сыдыков саламаттыгын чыңдап, эс алууга Австрияга кеткендигин, кайтып келгенден кийин кайра өзүнүн кызматына киришерин белгиледи.

Бул аралыкта “Жаңы Кыргызстан” партиясынын таасирдүү лидерлери саналган ата-бала Сыдыковдор менен байланышып, пикирин суроого азырынча мүмкүн болгон жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG