Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Коомчулук журналисттин өлүмүнө тынчсызданууда


Геннадий Павлюк (Маркумдун өздүк архивиндеги сүрөттөн)
Геннадий Павлюк (Маркумдун өздүк архивиндеги сүрөттөн)

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун сөөгү шаршембиде Алматыдан Бишкекке жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 24-декабрда Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтөт. Маркумдун жакындары журналист өз өмүрүнө олуттуу коркунуч туулганын сезип, үй-бүлөсүнө керээз калтырып кеткенин айтышууда.

Ошол эле учурда бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар өз кезегинде бул окуяга өзгөчө тынчсызданып, расмий бийликти журналисттердин коопсуздугун камсыздоого чакырууда.

Журналисттин өлүмү сөз эркиндиги боюнча абалга кооптонууну күчөттү

“Белый Парус” басылмасынын редактору, 51 жаштагы кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей кайтыш болгон эле.

Кыргызстандык журналисттин өлүмү жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта өзгөчө кооптонууну жаратты. Өз тынчсызданууларын азыркы учурга чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо уюмдары, парламенттеги Социал-демократтар фракциясы, Бириккен элдик кыймылы, "Ата Мекен" социалисттик партиясы, “Чек арасыз кабарчылар” уюму, ЕККУ таратты. Алар бул көрүнүшкө өзгөчө кабатырланып, кыргыз бийлигин журналисттердин коопсуздугун сактоо боюнча олуттуу чараларды көрүүгө чакырды.
Кыргыз өкмөтү журналисттердин коопсуздугу боюнча кризис бар экенин моюндашы керек. М. Харашти


ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти кыргыз тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге жолдогон катында: “Журналисттерге карата зордук-зомбулук соңку айларда күчөп кетти. Кыргыз өкмөтү Кыргызстанда прессанын коопсуздуздугу боюнча кризис бар экендигин ачык моюнга алуусу жана аны кадимки эле кылмыш ирээтинде карай берүүнү токтотуусу керек”,- деп белгилейт.

Геннадий Павлюк киши колдуу болоорун сезгенби?

Азыркы тапта маркум Павлюктун санаалаштары анын өлүмүн саясий себепке байлап жатышат. Павлюк менен убагында чогуу иштеген “Аргументы и факты” орус басылмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кабарчысы Елена Мешкова журналист өмүрү коркунучта экенин туюп жүргөнүн айтат. Муну ал Павлюктун керээзи менен байланыштырды:
Бул окуяны атайын саясий тариздеги киши өлтүрүү десек болот. Е. Мешкова

- Буга чейин ага коркутуулар болгон. Анан да 50 жашында адам керээз жазбайт да. Ошондуктан ал атайын келип керээз жазып кеткендигине караганда өзүнүн өмүрүнө олуттуу коркунуч туулуп жаткандыгын билген. Ал "Эгерде мен каза болсом сөөгүмдү Чолпон-Атага койгула" деп айткан экен. Ал Чолпон-Атанын жанындагы Кара-Ой айылына үй курган эле, дача сыяктуу. Бул үйүн аябай жакшы көрчү эле. Билесизби, бул окуяны атайы эле саясий таризде киши өлтүрүү болду деп айтса болот. Ал түз адам болгон жана чындыкты куп жазчу. Мына ошентип чындыкты жазгандыгы Казакстандагы бирөө жарымга жакпай калып эми минтип кайтыш болуп отурат.

Буга чейинки такталган маалыматтар боюнча, 2009-жылы Кыргызстандагы ММК өкүлдөрүнө кол салуулар жана коркутуулар боюнча он учур катталган. Алардын ичинен Алмазбек Ташиев жана Геннадий Павлюк каза таап, калгандарды ар кандай денгээлде жабыркашкан.

“Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, бир катар укук коргоо уюмдары президенттин катчылыгынын өкүлдөрү менен 23-декабрда жолугушуп, өздөрүнүн тынчсыздануусун билдиришти:

- Биз катчылыктын өкүлдөрү менен жолуктук. Алар да акыркы кезде орун алып жаткан окуяларга тынчсыздануусун билдирип жатышат. Учурда тиешелүү органдарга буйруктар берилиптир.

Акыркы маалыматтарга караганда, казакстандык жана кыргызстандык тартип коргоо кызматтары журналист Геннадий Павлюк атайын кол салуунун натыйжасында өлтүрүлдү деген божомолду иликтеп жатышат.
Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG