Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Балыкчы жаңжалы боюнча 4 айыпталуучу 4 жылга эркинен ажыратылып, 14 адам 2-3 жылга шарттуу кесилди. Соттолгондор мындай өкүмгө нааразы болуп, айрымдары өмүрүн кыйганга даяр экенин жарыялап ийди. Жактоочулар соттун өкүмү колуна тийери менен тишелүү тараптарга кайрылаарын маалымдады.

Президентик шайлоо күнү Балыкчыдан камалып, үстүнөн кылмыш иши козголгон 18 адамдын тагдыры 25-декбарда чечилип, бирөө да акталган жок. Соттун өкүмү боюнча 4 айыпталуучу 4 жылга эркинен ажыратылып, жатак абакта кармалмай болду.
Айыпталуучулар сотто

Алардын арасындагы Гүлнара Жагырчиева октябрь айында ден-соолугуна байланыштуу убактылуу бошотулган эле. Ал 25-декбарда сот залынан камакка алынды. Калган 14ү 2-3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.
Чечим акыйкат эмес, мени ушу жерден эле атып салгыла. Айыпталуучу Б. Касымов

Сот Болот Дүйшөмбиев өкүмдү угузаар менен анын дарегине наарызылык айтылды.

- Кудайга койдум, акыйкат эмес чечим болду. Азыр мени ушу жерден атып салгыла, мына туруп берем.

Бул 4 жылга эркинен ажыратылган Белек Касымов. Ал коюлган беренелер боюнча шайлоого тоскоол болууга, баш-аламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга аракет кылганы соттук териштирүүдө аныкталган эмес. Анткени ал мэриянын жанынан эмес башка көчөдөн эле кармалып келген. Ошондуктан 23-июлда айып кагазына да, 25-декабрдагы өкүм менен таанышууда да кылмышты мойнуна албаганы боюнча тил кат жазып берди.

Сот залынан чатак чыгып кетпесин дедиби, милициялар соттолгондорду дароо эле машинага сала баштаганда жакындары коштошо албай калды.

Соттолгондордун ата-энелери болсо “кандай таш боор немесиңер, жаңы жылга карата жакшы сөз айта албай калабызбы” деген бойдон ыйламсырап кала беришти.

Соттолгондорду автоунаа алып кеткиче алардын жакындары сот залынан чыгарылган жок.

СДПнын лидери Алмазбек Атамбаев кишенделген балдарга кайрылып, мындай деди:

- Караколдон болбосо да Жогорку Сотко жазып силерди чыгарабыз!!!

Соттун өкүмүнө нааразы тарап каякка кайрыла турганы боюнча жактоочуларга кайрылганыбызда жактоочу Эрмек Шаршеев буларды айтты:
Бул - саясий буюртма. Биз кылмыш кылган эмеспиз. Айыпталуучу А. Асанова

- Бизге 3 күндүн ичинде өкүмдү берсе таанынып туруп кайсы негиз менен 4 кишини абакка жибергенин билгенден кийин жогорку инстанцияларга кайралыбыз. Негизи сот прокурор сураган 4 жылды өзгөртпөй эле берип койду да.
Айжаркын Асанова

Ал эми шартту түрдө 3 жылга эркинен ажыратылган 24 жашар Айжаркын Асанова соттун чечимине нааразы.

- Башынан бизди кармаганда эле айтканбыз. Бул саясый буюртма. Он тогузубуз баарыбыз кылмыш кылган жокпуз. Сот Дүйшөмбиев адам эмес экен.

Коомчулук кабылдаган соттун адилетсиздигин Болот Дүйшөмбиевдин өзүнө айтканыбызда, ал дооматтарды четке какты:

- Кылмыш ишине толук тергөө аракеттери жүргүзүлүп, анан соттук териштирүү болду,ошолордун жыйынтыгы менен жаза чектелди. Өкүм ошого жараша чыгарылды да. Дооматтар негизсиз.
Судья Болот Дүйшөмбүев

Ысык-Көлдө президенттик шайлоо таза эмес өтүп атканын айта коебуз деп, шайлоого тоскоол болду, баш-аламандык уюштуруп, Конститутциялык түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен соттолгон 18 адамдын 11и азыр камакта, шарттуу кесилген анын жетөө өкүм күчүнө кирсе 10 күндөн кийин үйүнө чыгып, жалпы 14 адам 2-3 жыл жашаган жеринен сыртка чыгуу укугунан ажырайт...




Тасмада: Балыкчы окуясы боюнча 24-ноябрдагы сот

Балыкчы окуясы боюнча сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

XS
SM
MD
LG