Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Акыйкатчы алдындагы укук коргоо кеңеши эмнеге тарап кетти?


Аталган кеңештин мүчөсү, укук коргоочу Бурул Макенбаева кеңештин тарап кетишин көз караштар дал келбей калышы менен байланыштырат.

- 19-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун парламентте баяндама жасап, аны Жогорку Кеңеш канаттандырарлык деп тапкандан кийин Акыйкатчы институнун алдындагы укук коргоочулар кеңеши өзүн-өзү таркаткандыгы тууралуу маалымат таратты. Бул кеңеш жарандык коом менен мамлекеттин, бийликтин ортосунда көпүрө болот деген негизде түзүлгөн эле. Эми мындан ары мамлекеттик органдар менен кантип кызматташканы жатасыздар?

- Биз мурун кандай иштесек, ошондой ишти жүргүзө беребиз. Анткени адам эркиндиктери жана укуктары дайыма күчүндө болот деп Конституцияда жазылган. Адам укуктары ажыратылгыс чындык катары таанылат. Ошондуктан мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтери, жергиликтүү өкмөт үчүн ошолордун иштерин, маанисин жана мазмунун аныктайт деп Конституциянын 13-беренесинде жазылган. Ошондуктан биз кандай иштесек, ошондой гана иштеп, ишти жүргүзөбүз. Анткени бул кеңештин мүчөлөрү ар кайсы тармактарда иштейт, балдар укуктары, шайлоо укуктары, саламаттыкты сактоо жагында, “Кылым шамы” уюму болсо кыйноо, зордоого каршы иш жүргүзүп келатат. Бирок ошол кеңешти биз өзүбүз түзүп, кайра таркатканга мажбур болдук.

- Акыйткатчы парламентте баяндама жасагандан кийин эле кеңеш тарап кетти. Муну баяндама кеңешти канааттандырган жок деп түшүнсө болобу?

- Жок, биз бул чечимди баяндамадан мурун эле жасаганбыз. Бирок мындай чечимди баяндама Жогорку Кеңештен өткөндөн кийин жарыялайбыз деп чечкенбиз.

- Акыйкатчынын баяндамасында адам укугун коргоо жаатындагы бардык эле негизги маселелер, урунттуу окуялар камтылды деп ойлойсузбу?

- Биз азыр ага баа бере албайбыз, биздин кеңешти таратышыбызга этикалык көз карашыбыз дал келбей калышы себеп болду.

- Былтыр жыл этегинде айрым эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укугу боюнча абал начарлап кетти деп билдирген болчу. Анан сиздер ушул жагдайларды эске алып, быйылкы жылы кандай иш аракеттерди, пландарды түзүп атасыздар?

- Биз мурда кандай иштесек ошол эле иштерди жүргүзөбүз. Дагы эле үмүтүбүздү үзбөйбүз, бийлик менен да иштешип, өз пикирибизди, көз карашыбызды кандай жарыяласак, ошондой эле жарыялап, өмөткө дагы, коомчулукка да жеткирип турабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG