Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров 11-мартта Жаңы-Жер абагында жаткан генерал менен жолугушуп келди. Ал Исаковго байланыштуу акыркы кезде чыккан сөздөрдү төгүндөп, генерал аны коргоого чыгып жаткан Алай эли жабыркап калбаса экен деп жатканын билдирди.

“Азаттык”: -Азимбек мырза, Жаңы-Жерде абакта отурган оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу ар кандай сөздөр чыгууда. Сиз 11-мартта ошол абакта болуп, Исаков менен жолугуп чыктыңыз. Абалы кандай экен?

А. Бекназаров: - Мен 11-мартта эле эмес, 10-мартта да киргенмин. 10-мартта экинчи жолу түнү барып, кире албай келдим. 11-мартта абактагы Исаков менен жолуктук, сүйлөштүк. Мени менен жубайы да кошо кирди. Ден-соолугу жакшы. Руху мурдагыдай эле, мындайча айтканда генералдыкындай. Болгону Исмаил Исаков алайлыктарга жан тартып турат. Алайлыктар катуу талап коюп, эгерде актабаса, чыгарбаса биз 15-мартта жүрүш кылабыз деп, катуу талап коюп жатпайбы. Ошодон чочуп жатат. Бул бийлик элге да залакасын тийгизип койбогой эле, бул бийлик андан кайра тартпайт деп, элдин камын көрүп, чочулап жатат. Ошондуктан комитетке айт, элге чыксын, эл талаптарын кое берсин, бирок радикалдуу кадамдарга барбай эле турбайбы деп өтүнүп көрбөйбү деп, элден чочуп гана, элге залакасы тийип калбасын деп гана айтып жатат.
И. Исаковдун соту, 2010-жылдын 10-февралы

“Азаттык”: - Исмаил Исаковго абакта кандайдыр кысымдар, өмүрүнө коркунучтар болушу ыктымалбы?

А. Бекназаров: - 10-мартта мен жолугуп, Жогорку Сотко арыз жазабызбы, жазбайбызбы ушул жөнүндө сүйлөшкөн элек. Ошол эле күнү кечинде мага капыстан маалыматтар жете баштады. Бөдөш Мамырова телефон чалып, башкалар чалып, Исаковго кысымдар болуп жатат деген сөздөр чыгып кетти деп айтышты. Мен айттым, мен түштө саат экиде ал жерден келгенмин. Андай нерсе жок. Жакшы болчу дедим. Бирок алар жок, башкача болуп атыптыр, кабар алып бериңиз, сиз адвокатсыз дешти. Мен ошого байланыштуу ГУИНдин башчылары менен байланыштым, абалы тынчпы деп сурадым. Түнү менен бардык. Бирок кире албадык. Эртеси күнү, 11-мартта кирип чыктык. Азырынча карантинде жатат. Али зонага аралаштыра элек. Эми Исмаил Исаковичке ушундай бир катуу карантин кылып атышат. Көзөмөлгө алышып эле, кайтарып эле жатышат. Ошондуктан кысым же башка бир нерселер катуу болуп жаткандыгы тууралуу мага маалымат айткан жок.

“Азаттык”: - Негизи эле Исмаил Исаковдун коопсуздугуна, ден-соолугуна ким жооп берет?

А. Бекназаров: - Исмаил Исаков тергөө абагында жаткан учурда да бул жөнүндө билдирүү жасаганмын. Аны кечээ да айттым. Эгерде Исмаил Исаковго бир нерсе болуп ден-соолугу бузулуп, ооруп калып же кандайдыр денесине зыян келтирилсе бүгүнкү Бакиев башында турган бийлик жооп берет. Түздөн-түз Бакиев жооп берет. Анткени элдин баары, коомчулук, дүйнөлүк коомчулук билет, Исаковдун Бакиевдин буйрутмасы менен каматылганын. Экинчиден, түздөн-түз ошол колониянын, ГУИНдин жетекчилери жооп берет. Анткени камакта жаткан ар бир кишинин укугу бар. Ооруп калса, башка болгондо-алардын кандай укуктары бар экени мыйзамда бүт жазылган. Эгерде бирдемке болуп кете турган болсо, ушул бийликтен, Бакиевден баштап ошол №19 мекеменин башчысына чейин сурап алат. Тытып жеп коет керек болсо. Алар баш-оту менен жооп берет.

“Азаттык”: - Азимбек мырза, аскердик сот ишти кароодо мыйзам бузууларга жол берди деп, Конституциялык сотко кайрылабыз деген элеңиздер. Бу маселе кандай абалда турат?
Исаковдун камалышына каршы Алайдагы митинг, 2010-жылдын 6-марты.

А. Бекназаров: - Эми дагы бир жолу айтып коеюн. Бул сот жараяны мыйзам жолунда жүргөн жок. Жогорку жактын көрсөтмөлөрү менен жүрдү. Буга массалык маалымат каражаттары өздөрү катышып, күбө болду. 19-февралдагы жараян такыр эле мыйзам чегинде болгон жок. Биз өтүнүч келтирсек, алар кеңешип чыкты дагы канааттандырган жок. Канааттандырбаган өтүнүчтөрдүн көчүрмөлөрүн бергиле, биз жогору жактарга арызданабыз, бул биздин Конституциялык укугубуз десек берген жок. Эмне үчүн бербейсиңер десек, бизде Алиеванын (Жогорку Соттун төрайымы) каты бар, ошонун негизинде бере албайбыз дешти. Башкача айтканда, Конституциялык укугуңарды Алиевдин катына жараша пайдалана албайсыңар деди. Бул биринчиден.

Экинчиден, анда мыйзам боюнча иш жүргүзө албасаңар, анда биз бул жерде эмне үчүн отурабыз. Чыгара бергиле чечимиңерди деп Исмаил Исаков өзү баш болуп ошенткенден кийин, биз залдан чыгып кеттик. Исмаил Исаковду да чыгарып, жарыш сөзгө өтүп кеткен. Мейли, жарыш сөздү Исмаил Исаковго бербесин. Бирок акыркы сөздү мыйзамга, Конституцияга ылайык сөзсүз бериш керек. Акыркы сөздү сүйлөтпөгөндөн кийин чыгарылган өкүм бузулууга жатат.

“Азаттык”: - Азыркы кезде арыз кайсы жерде турат. Конституциялык сотто каралабы же Жогорку Сотко көзөмөл иретинде кайрылуу болобу?

А. Бекназаров: - Конституциялык сотко кайрылганбыз. Исмаил Исаковдун ишинде Конституциялык соттун чечими бар. Сиздердин мына ошол чыгарган чечимди Аскердик сот башкача пайдаланып жатат деп. Өзүңөрдүн чечимге бизге түшүндүрмө бергиле. Анткени Конституциялык сот өндүрүшү боюнча мыйзамга ылайык Конституциялык сот гана өзүнүн чечимине түшүндүрмө бере алат. Биз катты тапшырдык. Азырынча ал жактан жооп боло элек.

“Азаттык”: - Демек Конституциялык соттун чечиминен кийин гана сиздер Жогорку сотко кайралт экенсиздер да?

А. Бекназаров: - Ооба, Конституциялык сот кандай түшүндүрмө берет, ошондон кийин кеңешип көрөбүз. Биз Президентке, Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бузулбастыгынын кепили - Президенттен кандай жооп алабыз, Башкы прокуратурадан кандай жооп алабыз?.. Эң негизгиси Жогорку Кеңештен кандай жооп алабыз!? Анткени Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын туура аткарылышын Жогорку Кеңеш гана көзөмөлдөйт. Аларга да жазганбыз. Силер кабыл алган мыйзамдарды мындай пайдаланып жатат деп. Ошолордон жооп алгандан кийин биз бир чечимге келебиз.

"Азаттык": - Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Исмаил Исаков сотто сүйлөөдөн баш тартты

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG