Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Кыргызстандык укук коргоочу Дүйшөмбү шаарында кармалууда


Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров Тажикстанда кармалып турган кесиптешинин өмүрү кооптуу абалда деп эсептейт. (Сүрөттө Р. Гапиров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. )
Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров Тажикстанда кармалып турган кесиптешинин өмүрү кооптуу абалда деп эсептейт. (Сүрөттө Р. Гапиров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. )

Тажик баш калаасында УКК тергөө абагында кармалып турган Н. Ботокозуев 2008-жылдагы Ноокат тополоңун уюштурган деп айыпталууда. Санаалаштары ал сурак учурунда кыйноого кабылганын айтып жатышат.

Ошол эле учурда укук коргоочуну Кыргызстанга кайтаруу аракети жасалып жаткандыгы, мындай болгондо Ботокозуев кеминде он жылга эркинен ажыратылаары айтылууда.

2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокат тополоңунан кийин Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун кызматкери Нематилла Ботокозуевге уюштуруучу катары кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Буга дейре жергиликтөө милиция укук коргоочуну өлкөдө тыюу салынган “Хизбут-тахрир” диний партиясынын мүчөсү деп айыптап, ага карата катаал чара көрүлөөрүн эскерткени бар. Ошондон тарта ар жерде жашырынып жөргөн Нематилла Ботокозуев ушул жылдын 26-февралында БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Душанбе шаарындагы кеңсесине барып, башпаанек сурап качкын макамын алуу максатында документ даярдап жүргөндө Тажикстандын чекисттери тарабынан кармалып, улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилген.

“Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров алардын ишенимдүү адамы уюмдун абактагы кызматкерине жолуккандыгын “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- Учурашканда Ботокозуевдин абалы өтө оор болгон. Аны катуу сабашкан. Менин оюмча, аны электр тогуна салышкан окшойт. Себеби көргөн адамдын сөзү боюнча Ботокозуевдин бир дагы кара чачы калбаптыр, чачы аппак болуп калыптыр. Анын өмүрү кооптуу болуп турат.

Ноокаттагы нааразычылык акциясынын уюштургандардын бири Икрамжан Исаков Орозо Айтта чыр тутанып, тополоңго айланышына бийлик күнөөлүү деп эсептейт.

- 2008-жылы сентбярь айынын этегинде эки миңге чукул киши кол топтоп, Ноокаттын акими Алиевге кайрылганбыз. Тилекке каршы, райондук бийлик алардын суранычын четке кагып, Орозо айтты борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салгандыктан, эл өзү көтөрүлгөн. Аларды эч ким үгүттөгөн эмес. Миң чакты адам нааразычылыгын билдирип жатып, милициянын ур-тепкисинде калган. Кээ бири жаракат алып, күч менен таратылган. Ишенчиликтүү айта алам, акцияга катышкандардын, аны уюштуруучулардын биринин дагы “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик партиясына тиешеси жок болчу.

Мындай бүтүмгө Ноокаттын ошол кездеги акими Абдыганы Алиев таптакыр кошулбайт:

- Булар биздин бийликке кол салып атат. Менин оюмча бул “Хизб-ут Тахрирдин” адамдары. Булардын лидерлерине атайын прокуратура, РИИБ, УКК тарабынан алдын-ала эскертөөлөр берилген. Алар менимче үйүндө жатып алып туруп буларды тукуруп атышат. Булардын жетекчилерине, уюштургандарга катуу чара көрбөсөк, булар күч алып кете бериши мүмкүн.

Ал эми бир катар дүйнөлүк жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары акыркы кезде качкын макамын сурап жүргөн кыргызстандык укук коргоочуну кайрадан Мекенине кайтаруу аракеттери жасалып жаткандыгын айтышып, мындай болгондо Нематилла Ботокозуев кеминде он жылга эркинен ажыратылаарын белгилешүүдө. Ошондуктан, алар Тажик өкмөтүн Бириккен Улуттар уюмунун талаптарын аткарууга жана оштук укук коргоочунун өмүрүн сактап калууга чакырышууда.

Кайрадан кепке аралашкан “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров эл аралык уюмдардын кагаз жүзүндөгү кайрылуусунан майнап чыкпастыгын ачыктады:

- Эл аралык уюмдардын колунан эч нерсе келбейт. Булар официалдуу сурап коет, укук коргоо органдарында андай жок деп коет. Ушуну менен алардын иши токтойт.

Ошентсе да, Ош облустук укук коргоо органдары Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын Душанбе шаарындагы абагында кармалып жаткан кыргызстандык укук коргоочу Нематилла Ботокозуев тууралуу эч кандай маалымат жоктугун билдиришти.

XS
SM
MD
LG