Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Мурдагы баш прокурор, оппозициялык саясатчы А. Бекназаров президент сунуштаган “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда саясий сооданын жыты бар, аны март ыңкылабынан өч алабыз дегендер жазса керек деп эсептейт.

“Азаттык:” - Азимбек мырза, бейшемби күнү президент Курманбек Бакиев “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады. Сиз ал долбоор менен толук таанышып чыктым дедиңиз. Эгерде аталган мыйзам долбоору парламентте жактырылып, кабыл алынып калса жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга канчалык жеңилдик берилет?

А. Бекназаров: - Жазанын мөөнөттөрү, анан жоопкерчиликтен бошотулгандар, жазадан бошотулгандар болуп жалпысынан үч миңден ашуун адамага тиешеси бар мыйзам долбоору деп жатышат адистер.

“Азаттык:” – Расмий бийлик алты жарым миңден ашуун адам бошотулат деп жатпайбы?
Бул кандайдыр бир саясий соодалашуунун жыты бар документ...

А. Бекназаров: - Бул эми болжол менен. Ал эми Жаза өтөө мекемелеринде болжол менен 3 миңдей адам бошойт деп жатат. Анан жоопко тартылгандар бар да. Азыр иши сотто каралып жаткандар бар, тергөөдө жүргөндөр бар. Ошондо дагы үч жарымды кошсо болжол менен алты жарым миң адамга “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын таасири тиет. Албетте көптөгөн адамдар экриндикке чыгып, бир тобуна жакшы эле болот. Бул мунапыс дагы саясий жактан алганда гумандуулук. Мамлекеттин атынан бериле турган саясий акт. Бирок ушул жерде дагы кандайдыр бир саясий соодалашуунун жыты бар документ.

Мен бул мыйзамды дыкат карап чыктым. Чынын айтсам бул мыйзам долбоорунун аты менен, заты жарашпай калган да. Аты ушундай деп аталат экен. Кириш бөлүмүндө “Конституциянын 58-беренесин жетекчиликке алып жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 65 жылдыгына, Элдик революция күнүнүн 5 жылдыгына, ошондой эле Ынтымак курултайын өткөрүүгө байланыштуу”,- деп турат.
Анан ушул “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын негиздеме малыматында президент ушундай деп айтыптыр да. “1-Ынтымак курултайын өткөрүүгө байланыштуу иштелип чыккан. Анда соттолгон жана жазык жоопкерчилигине тартылган адамдарга карата “Мунапыс колдонуу” боюнча сунуштар алдыга коюлган”, - деп жазылган.

“Азаттык:” “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго жеңилдик болобу?

А. Бекназаров: - Маселенин бары ушул жерде жатат. Негизинен Ынтымак курултайында генерал Исмаил Исаковго мунапыс берүү, бошотуу жөнүндө сөз айтылды да. Мен бул мыйзам долбоорун карап чыктым. Мында И.Исаков соттолгон беренеге же Исаковдун жасаган кылмышы деп булар күнөөлөгөн боюнча бул мыйзам долбоорунда каралгандай И.Исаков мунапыска түшпөй калат экен.

“Азаттык:” – Муну кайсы беренелердин негизинде айтып жатасыз?

А. Бекназаров: - Эмне үчүн дегенде кимдер бошотулат деп бул долбоордун 1-беренесинде он пунктту киргизген да. СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча күжүрмөн аракеттери, Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залалдарын жоюга катышкан адамдар, 55 жаштан жогорку аялдар, 60 жаштан жогоку эркектер деген сыяктуу пункттар бар. Мына ошо тизмеде И.Исаков мунапсыка туш келбей калат. 1-пункт боюнча Исамил Исаков согушка катышкан эмес.
Исмаил Исаков мунапыс менен абактан чыкканга каршы.

“Азаттык:” – И. Исаковдун Баткен окуясына катышканы тууралуу малымат бар. “Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча күжүрмөн аракеттери” дегенди колдонууга болбойбу?

А. Бекназаров: - Мен билгенден И. Исаковдун Баткен окуясына катышкан деген күбөлүгү жок. Ал 60 жашка чыга элек. 10-июнда чыгат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан эмес, жазасын өтөп жаткандай мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калган жок, 1-2-топтогу майып эмес, биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө соттолгон жок, бул 8 жылга соттолуп жатат. Шарттуу түрдө кесилген жок. Мына ушуларды
эске алганда И.Исаковдун иши 1-беренеге туура келбей калат экен. Бирок сиз айткандай, эгерде 1-пункттагы “Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча күжүрмөн аракеттери”,-дегенге киргизе турган болсок, 1999-жылы Баткен окуясына катышкан дей турган болсок... Ооба И. Исаков ошол мезгилде Коргоо министринин биринчи орун басары болуп турганда Баткенде колго түшкөн акимдерди бошотууга согуштук аракеттерге катышкан. Мүмкүн ушул 1-берененин 1-пунктуна И. Исаков түшөт деши мүмкүн.
Бирок И. Исаков бул мунапысты колдонуп абактан чыкканга каршы.

“Азаттык:” – Анын себеби эмнеде?

А. Бекназаров: - Себеп дегенде мунапыс менен күнөөлүү адамдарды бошотот. Ал болсо ушул убакытка чейин “мен күнөөсүз адаммын, мени саясий себептерден улам түрмөгө камашты” деп отурат.

“Азаттык:” – Ал эми Петровка окуясы менен айыпталып жаткан Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, У.Рыскулов ушул “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча бошотулушу мүмкүнбү?

А. Бекназаров: - Тилекке каршы алар дагы түшпөйт. Эмнеге дегенде, Петровка окуясы боюнча айыпталып жаткандарга Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 233-беренесинин (массалык тартипсиздик) 3 пункту коюлган. Бул долбоордо 233-берененин 1-2-пункту менен айыпталгандарга колдонулбайт же жайылтылбайт деп жазылган. Э.Бөлөкбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскуловго 233-берененин 3 бөлүгү боюнча айыбы угузулган. Ошодуктан буларга “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын таасири тийбейт. Бул жерде дагы кичинекей бир нерсени буларга байлап койгон да. Эми бийлик тигилер менен соодалашат “сен минтип койсоң, биз мындай кылып бошотуп коебуз” деп. Мындайча айтканда “мышык чычкан ойнотконго” ыңгайлуу кылып түзүшкөн.

“Азаттык:” – Балыкчы окуясы боюнча соттолгондорго ырайым кылынабы?

А. Бекназаров: - Балыкчыдагы 18 адам бул мыйзамга илинет. Себеби алардын бардыгы тең 233-берененин 3-бөлүгү менен соттолушкан. Ошондуктан 3-бөлүгү мунапыска жатат. 18и тең мунапыска илинип бошойт.

“Азаттык:” – Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов “Мунапыс жөнүндө” мыйзамга илинеби?

А. Бекназаров: - А. Жекшенкулов шарттуу соттолгон да. Бул мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүндө жазылып турат “биринчи жолу шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган адамдарга колдонулат”,-деп турат. А.Жекшенкулов 305-берененин негизинде шарттуу соттолгон ошондуктан ага бул берене колдонулат. Ошондой эле И. Кадырбековго дагы колдонулат.
Президент сунуштаган “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун март ыңкылабынан өч алабыз деген адамдар жазса керек.

“Азаттык:” – Азимбек мырза, “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорунун кемчиликтери барбы? Жалпы жонунан ушул мыйзамдын долбооруна кандай баа бересиз?

А. Бекназаров: - Мен ойлоп жатам, 233-берене боюнча “эгерде массалык тартипсиздик кылган адамдардын кимдир бирөөгө моралдык жана материалдык зыяны болбосо түшөт”,-деп койсо. Ушул Петровакадагылар мунапсыка илинмек. Мисалы мунапыс ыңкылаптын 5 жылдыгына деп айтып жатышат. Чын-чынына келгенде оппозициянын камалып жаткан мүчөлөрү С.Аргынбаев, Э.Бөлөкбаев, У.Рыскулов, И.Исаков 2005-жылы ыңкылапта активдүү катышпады беле. Мурдагы долбоордо “Март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынан кимдир бирөөгө материалдык жана моралдык зыян келтирилбесе бошотулат”,-деп киргизилген. Тилекке каршы ал пункт алынып салыныптыр. Эгерде ушул пункт болгондо жанагы камалып жаткан оппозициянын 4 мүчөсү тең бошомок.
Мен ойлоп атам, президент сунуштаган “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун март ыңкылабынан өч алабыз деген адамдар жазса керек.

“Азаттык:” – Бул мыйзам долбоору жалаң эле оппозициячыл адамдарга эмес, жаза өтөө жайларында эркиндикти эңсеп күтүп отурган карапайым адамдар үчүн абдан зарыл дегендер бар.

А. Бекназаров: - Аныңыз туура. Бул мыйзам баардык адамдарга бирдей. Бирок мени тынчсыздантып жатканы “Мунапыс жөнүндө” мыйзам ушул долбоорунда көрсөтүлгөндөй чыныгы мамлекеттин байлыгына, мамлекетке зыян келтиргендер бошоп кетиши мүмкүн. Мисалы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш иши козголгон бир топ чиновниктер бар да. Мурдагы министрлерге чейин кылмыш иши козголгон. Мына ошолорго коюлган 303-304-305-беренелер мунапыска кирет. Анан дагы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы контракт түздү деген беренелер дагы киргизилген. Ошолордун бардыгы мунапсыка түшөт экен. Ушул “Мунапыс жөнүндө” мыйзам менен чыныгы кылмышкерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетиши толук ыктымал. Мынакей кызматтык кылмышкерлер деген жерде “шалакылыкка” чейин бардыгы мунапыска түшөт деп койгон.

Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулаганда калыс, адилет баасын берип, бейкүнөө соттолгондорго, кырсык менен айыпталгандарга, жеңил кылмышы барларга пайдасы тийгендей кылып кабыл алышы керек. Болбосо “миллиондогон каражатты жок кылгандар кутулуп, баягы тоок уурдагандар тутулуп” кала берет.

“Азаттык:” – Маегиңизге ракмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG