Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:34

Июнь айында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында башталган тополоңду уюштурду, улут аралык жаңжалга жем салды деп айыпталып жаткан “Воздух” укук коргоо борборунун жетекчиси Азимжан Аскаровдун бир айга чукул убактан бери камалып турушуна жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар тынчсызданууда.

Укук коргоочулар соңку кездерде алардын өмүрүнө коркунуч келген учурлар көп болуп жатканын белгилешүүдө. Айрым серепчилер ар бири “укук коргоочу” деген макаманына шайкеш келиши керектигин айтып жатышат.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова Азимжан Аскаров тополоң болгон жерге анын өтүнүчү менен баргандыгын билдирүүдө. Анын айтымында, ошол кезде Ошто жүргөн укук коргоочулар "БТРди тартып алган эл Базар-Коргонго кетип баратат" деген маалымат алышкан. Арасында аскер кийинген куралчандар да бар экендиги айтылган. Бирок А.Абдрасулова А.Аскаров менен телефон аркылуу байланышып, алар аскер эместигин, алар атканда качуусун билдиришкен. Ошондой эле А.Абдрасулова А.Аскаровдун камалышы анын укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө түздөн түз тиешеси бар деген пикирде:

- Мен Азимжан Аскаровду сегиз жылдан бери билем. Аны адам укугун жакшы коргогон, эл аралык укук коргоочу катары тааныйм. А.Аскаров милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолордун бетин ачып, аларды мыйзамдуулукка чакырып, чоң резонанстуу иштерди алып барган. Ошондуктан милиция кызматкерлери ага көптөн бери эле тишин кайрап жүрсө керек деп ойлойм.

Базар-Коргон, Жалал-Абад облусунда иштеген милиция кызматкерлери менен ушул окуя боюнча сүйлөшүү мүмкүн болгон жок.

Азимжан Аскаров мындан бир айга чукул убакыт мурда Базар-Коргондо башталган улут аралык жаңжалды уюштурду деп шектелип 15-июнда кармалган болчу. Эскерте кетсек, Жалал-Абадда жаңжал 13-июнда башталган. Ал аталган райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу коргоо жайына киргизилип, сурак берүүдө. Жергиликтүү укук коргоочулар мына ушул жерден А.Аскаровдун тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып жатканын айтышууда.

Мындай пикирлерин билдиришип А.Аскаров камалгандан көп өтпөй онго чукул укук коргоо топтордун өкүлдөрү Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышкан. Ал эми анын адвокаты Нурбек Токтакунов А.Аскаров менен эркин жолугушуу мүмкүн болбой жатканын белгилеп жатат. Ал учурда өзүнүн жактоочусунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып, Жогорку Сотко кайрылууда. Адвокаттын ушундай суранычы Жалал-Абад облустук сот тарабынан четке кагылган болчу.

Ошондой эле Нурбек Токтакунов А.Аскаров менен жолугушкан учурда денесинин көгөргөнүн, таяк жегинин байкаган. А.Аскаров өзү муну камерада отургандар сабады деп айткан менен, адвокат ага ишенбей тургандыгын айтып жатат.

- Мен А.Аскаров күнөөлүүбү, жокпу деген суроолорду коюп жаткан жокмун. Анын кылган ишинин аягына чыгып, туурасын табалы десек анда тергөө иштерин жакшылап, мыйзамдын тартиби менен тергеш керек. Анктени эл аралык коомчулук деле, биз деле ишенишибиз керек. Ал өзү күнөөсүн мойнуна алган жок. Бирок кыйноону кантип жасап жатканын мага айтып берди. Мен аны азыр айта албайм. Ал мени камерадагылар сабап салды деген позицияда гана турат. Анктени ал үчүн коркунучтуу.

Н.Токтакунов укук коргоочуну кыйноого алган милиция кызматкерлерин таап, жазалоо боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурага кайрылган. Бирок алар бул боюнча кылмыш иш ачуудан баш тартышкан. Мына ушуга наараза болгон Н.Токтакунов адвокат катары А.Аскаров менен жекеме жеке жолугушууга мумкүн болбой, сүйлөшүү учурунда тартип коргоо кызматкерлери жанында тургандыктан айыпталуучу чындыкты айта албай жатканын кошумчалады.

Human Rights Watch эл аралык уюму да ушуга байланыштуу билдирүү жасап, кыргыз бийлиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүүгө тийиш деп билдирген. Уюмдун адиси Анна Нейстат бийлик анын укуктарын одоно бузуп жатат деп билдирген эле.

Ал эми Акыйкатчы институтунун төрт укук коргоочусу 30-июндан 5-июлга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тергөө абактары менен убактылуу кармоочу жайларды кыдырып, ошол учурда Азимжан Аскаровду да көрүп чыгышкан. Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчысы Эрик Чымыров тергөө абагында жаткан А.Аскаровдун укуктары бузулду деп эсептебей турганын мурдарак билдирген болчу. Анын айтымында, бул тууралуу А.Аскаров өзү да аны сабаганы тууралуу кимдир бирөөгө дооматы жок экенин айткан.

Укук коргоочулардын нааразылыгынан соң өлкөнүн Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевдин тапшырмасы менен бул маселе иликтенген. Аталган органдын басма сөз катчысы Улан Дыйканабевдин айтымында, текшерүүдө А.Аскаровдун токмок жегени аныкталып, бирок аны милиция кызматкерлери урбаганы такталган.

- Кыйнады, милиция кызматкерлери урду деген ар кандай маалыматтар негизсиз. А.Аскаров административдик камерада отурат. Аны менен бирге кармалган Шүкүржан Мирзалимов менен Мавлянбек Махмуджанов да ошол камерада отурат. М.Махмуджанов А.Аскаровго "сенин айыңан ушундай болду" деп жини келип, башына койгон. А.Аскаров ошол жерде бетонго кулап түшүп, ошондон залака алган. А.Аскаров өзү да аны моюнга алып жатат.

Ал арада 9-июлда да бир катар укук коргоочулар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин жанында тынч жыйын өткөрүп, колдоруна “ЕККУнун полициясын тезирек Кыргызстанга”, “Түштүктө милициянын талап-тоноосун токтотуу керек”, “А.Бекназаров сот жана прокуратура тармагын көзмөлдөөдөн четтетилсин” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Укук коргоочулар зомбулукту жана күч органдарынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусун токтотсун деген чакырык менен чыгышты.

Ушундан улам да кыргызстандык укук коргоочулар өздөрү коргоого муктаж экенин белгилешүүдө. Алар “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын жакында эле өлкөдөн чыгып кеткенин буга далил экенин айтып жатышат.

Төлөйкан Исмаилова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч болгон үчүн өлкөдөн сыртка убактылуу чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү ырастаган эле.

- Биздин кызматкерлер мага маалымат беришти, аларга жолугушуу учурунда Феликс Кулов "бизде маалымат бар, байкабаса криминал жок кылганга аракет кылат" деп айтыптыр. Мурда да үй-бүлөмө ушундай коркунуч келген. Майдын аягында, июндун башында белгисиз аялдар келип балдарым кайсы подьезге кирет, менин үйүм кайсы экенин кошуналар кооптонуу менен айтып беришкен.

Т.Исмаилова түштүктөгү тополоңдун келип чыгуу кесепетин жана андагы адам укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн 11-июндан 30-июнга чейин түштүк жергесинде болгон. Ал эми “Ар-Намыс” партиясынын лидери Ф.Кулов мындай маалымат анда жоктугун айтып чыкты.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова болсо коркунуч чын эле бар экенин белгилеп, бирок муну учурдагы бийлик уюштуруп жатат деген ойдон алыс.

- Бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн да турушун каалабаган, чагымдарды уюштуруп, түштүктө кан төгүлүүгө жол ачкан, куралдарды тартып алып эл арасында жалган маалыматты тараткан, бүгүнкү күнгө чейин чагымчылдыкты токтотпогон күчтөрдөн коркунуч болуп жатат.

Саясий серепчи Орозбек Молдалиев айрым укук коргоочуларды өздөрүнүн иштерин так аткарбай жатат деп сынга алды. Анын айтымында, айрымдары кайсы бир маселени чагылдырууда аша чаап кетишүүдө.

- Укук коргоочу десе эле булардын баары өзүнчө эле индулгенция эмес. Булар деле күнөөгө батпай турган адамдар эмес экенин дагы бир жолу айгинелеп жатат. Өздөрү укук коргоочу деген наамын жакшы алып жүрсө деген тилек бар. Албетте булар деле тирүү киши, өздөрүнүн симпатия, антипатия дегени болот. Эгер жеке сезимдерин сактап жүрө албаса анда ал адам укук коргоочулукка барбаш керек. Кээ бирлери адамдардын укугун коргобой эле гранттарын коргоп жатат. Тартип коргоо органдарынын да укугу бар. Ошол жагын да ойлонуп, калыс болушса.

О.Молдалиевдин айтымында укук коргоочулар өз талаптары менен пикетке чыкпай тиешелүү органдарга кайрылганы оң. Анткен менен укук коргоочулар Кыргызстандагы соңку окуялардан кийин адам укугу да, укук коргоочулардын укугу да коргоого алынбай жатканын белгилеп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG