Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Т. Нуралиев: Ошто кармалгандар кыйноолорго кабылганы жалган


Кармалган жакындарын бошотуу талабы менен нааразылык акциясына чыккандар, Ош, 12-июль.
Кармалган жакындарын бошотуу талабы менен нааразылык акциясына чыккандар, Ош, 12-июль.

Акыйкатчынын Оштогу өкүлү Талипбек Нуралиев өлкө түштүгүндө өзбек тектүү жарандар жапа чегип жатканы тууралуу сөздөр текшере келгенде туура эмес чыгып жатканын, ушундай жалган маалыматтар элди удургутуп жатканын айтат.

- HRW уюму түштүктөгү окуяга шектүү деп кармалгандар укук коргоо органдары тарабынан өзбек этносундагы атуулдар кыйноолорго кабылып жатканын айтып чыкты. Акыйкатчы институту бул маселени жеринде иликтеп текшерип көрдүбү?

- Бул маселелер боюнча кайрылуулар, анонимдүү телефон чалуулар болуп атат. Мына акыркы он беш күндүн ичинде биз төрт жолу Коопсуздук кызматынын тергөө абагына кирип чыктык. Мисалга айтсам, 4-июль күнү бир анонимдүү телефон чалуу болуп, Айбек Давыдов дегенди уруп өлтүрүп коюшуптур деген сөз болгон. Ошол эле күнү биз кирип чыктык, жана ошол эле Давыдовго бир туугандарын да көрсөтүп сүйлөштүрдүк. Андай сөз ушак болуп чыкты, айрымдар ушинтип туура эмес маалыматтарды берип элди удургутуп жатышат.

Мына айта турган болсок, Ош облустук бийлигинин жанында элүүгө жакын адам дайынсыз жоголуп кеткен туугандарын талабы менен күндө укук коргоо органдарына кайрылып, пикет кылып отурушат. Абактарда конкреттүү кылмыш менен гана кармалгандар отурат. Ошол кармалган мезгилде кээ бирлери тоскоолдук кылган. Тоскоолдук кылганда укук коргоо органдары аларга күч колдонууга аргасыз болгон. Ошол эле мезгилде айрымдарында көгөргөн, кызарган жери болушу мүмкүн, мен аны болгон эмес деп айта албайм. Себеби мына биз шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу жайына киргенибизде алты кишинин көгөргөн жерлери бар болчу, алар өздөрү да бул кармоо мезгилинде болгонун айтышты. Ал эми азыркы убактылуу кармоо жайында отургандардан эч кимисине кармалгандан кийин токмоктоолор болгон эмес. Сурак адвокаттардын катышуусунда жүргүзүлгөн. Айрым биздин жарандар туугандары камалып калса эле “уруп атат, антип атат, минтип атат” дегендей кайрылууларды жасап атышат.

- Канча адам кармалганы белгилүүбү, алар жалаң эле бир улуттун өкүлдөрү болбосо керек?


- Ооба, алардын арасында кыргыздар да бар. 4-июлда биз биринчи жолу киргенибизде шаардык ички иштер башкармасынын убактылуу кармоочу жайында 39 киши бар эле. Алардын экөө титулдук улуттун өкүлдөрү, калгандары өзбек улутундагылар болчу. Азыркы мезгилде болсо абактарда 78ге жакын адам отурат. Мына өзүңүздөр билесиздер, элүүдөн ашык адам “туугандарыбыз дайынсыз жоголду” деп бир айдан бери ыйлап отурушат, айрымдары табылды. Жоголгондордун дээрлик көпчүлүгү, 90 пайыздан ашыгы титулдук улуттун өкүлдөрү болуп жатпайбы. Алардын ар бирине конкреттүү кылмыш иши козголгон, ошонун үстүндө биздин тийиштүү органдар иш жүргүзүп жатышат.

- Кармалгандарды тартип коргоо кызматкерлери тергеп, иликтөө иштери учурунда денесине тамекини күйгүзүп басат экен деген фактыларды кезиктирдиңерби?

- Мындай факты жок, мисалы мен айтып койоюн, конкреттүү түрдө биздин акыйкатчыга мурдагы депутат Абдырасуловдун бир туугандары кайрылган. Эки иниси азыр камакта отурат, ошолорду уруп койду дешип. Биз өздөрү менен барып жолуктук алар эч кандай арыз-муң мен кайрылган жок. Эгер арыз-муңу болсо болсо биз прокуратурага кайрылып, кайра иликтөө жүргүзмөк болчубуз. Алар өздөрү эч кандай уруп-сабоо болбогонун, кармоо мезгилинде гана укук коргоо органдары күч колдонгонун айтышты. Кармоо мезгилинде тоскоолдук кылгандарга күч колдонууга болсо мыйзам уруксат берет.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG