Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Ош окуясынын катышуучусу 23 жылга кесилди


Кубанычбек Умаров аттуу жаран өлтүрүлгөн жер, Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы самсакана.
Кубанычбек Умаров аттуу жаран өлтүрүлгөн жер, Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы самсакана.

Кара-Суу райсоту жайдагы кандуу калабада бир жаранды сабап өлтүрдү делген Шарк айылынын тургуну Жахангир Базаровду жыйырма үч жылга эркинен ажыратты. Тиешелүү тараптар этникалык кагылышууга байланышкан дагы бир катар кылмыш иштери сотко жөнөтүлгөнүн кабарлашууда.

Бирок айыпталуучунун туугандары жана жергиликтүү укук коргоочулар бул өкүмдү катаал жаза катары эсептешип, жогорку инстанцияларга кайрылууну чечишти.

Жаза катаал болдубу?
Жахангир Базаров тергөөнүн жүрүшүндө тастыкталган Дилшодбек, Азизилло, Жамшид жана Обид аттуу шериктери менен 12-июнда Кубанычбек Умаровду катуу тепкилешип, өлтүргөндүгү аныкталган.
Э. Ашырбаев

Кара-Суу райондук соту ушул жылдын 3-сентябрында аталган аймактын тургуну, 42 жаштагы Жахангир Базаровду июндагы массалык башаламандыкка катышкан, улуттар аралык кастыкты козутуп, Кубанычбек Умаров аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыптап, жыйырма үч жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында “Азаттыкка” кабарлаган Ош облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Ашырбаев буларды кошумчалады:

- Жахангир Базаров тергөөнүн жүрүшүндө тастыкталган Дилшодбек, Азизилло, Жамшид жана Обид аттуу шериктери менен 2010-жылдын 12-июнунда ушул эле райондун Бирдик айылынын жашоочусу Кубанычбек Умаровду катуу тепкилешип, өлтүргөндүгү аныкталган. Ушул тапта райондук соттун өкүмүнө айыпталуучунун өзү, тууган-уруктары кассациялык же апппеляциялык тартипте датаныша элек. Базаровдун шериктерине айыбы сыртынан угузулуп, баш коргоо чарасы катары камак тандалган. Аларга дароо издөө жарыяланды. Биздеги маалыматтарга караганда, булар ушул тапта Кыргызстанда эмес.

А бирок Жахангир Базаровдун тууган-уруктары өкүмдүн катаалдыгын катуу сындашууда.

- Жаганхир жүрүм-туруму жакшы бала эле. Жаман жолго баспаган. Беш ирет намаз окучу. Жалгыз уул, атасынан эртелеп ажыраган. Апасы дагы майып пенсионер. Төрт баласы бар. Үйү июндагы тополоңдо таланып-тонолгон. Азыр жубайы эки уулу жана эки кызы менен ар кайсыл туугандарыныкына көчүп-конуп жансактап жатышат. Жайда кылмыш кылгандар бүт качып жоголушту. Айылда таза жүргөндөр гана калышкан. Эми ошолорду кармап, жазалашууда, - дейт айыпталуучунун жакын агасы Таиржан Розиев. Анын айтымында, Жахангирдин апасы өкүмдү жокко чыгарууну суранып Ош облустук сотуна даттанып жүргөн маалы.

Ошол эле учурда оштук укук коргоочу Равшан Гапировдун кебине караганда, маркум Кубанычбек Умаров көзү тирүүсүндө Кара-Суу районуна караштуу Фуркат кыштагындагы үйлөрдү өрттөөгө катышып, ошол кагылышуу учурунда жабыркаган тараптардын ур-токмогуна кабылышы ыктымал. Муну, тилекке каршы, тастыктаган же четке каккан күбө жок:

- Жахангир Базаров Фуркат айылында жашайт экен. Бул кыштак, жалпыга маалым, Ош окуясы учурунда эки элдин кагылышуусунун очогуна айланган. Турак жайлардын токсон беш пайызы өрттөлгөн. Мына ошол массалык башаламандыкка жана талап-тоноолорго Кубанычбек Умаров да катышышы ыктымал. Өзбек тургундар жаны кашайганда аны кармап алып уруп-согуп, өлтүрүп ташташы мүмкүн. Бул эми этиятсыздыктан жана депрессиядан улам жасалган жорук. Бирк аны мынчалык мыкаачы кылмышкерге айлантуунун кажети жок. Жахангирдей өз айылын жана үйүн коргоо максатында кол салгандар менен салгылышкан фактылар толтура. Анда баарын чекесинен жазалаш керек! – дейт укук коргоочу Равшан Гапиров.

“”Акыйкат сот – чындык” бейөкмөт уюмунун башчысы Равшан Гапиров ушундай жагдайлардан улам Жахангир Базаров толук акталышы зарыл деп эсептейт. Ошондой эле күнөөсү далилденбеген адамдардын узак мөөнөткө абакка кесилишин башкаларды коркутуп-үркүтүү, ашкере зомбулуктун үлгүсү катары баалай тургандыгын жашырбайт. Анын оюнча, мындай мыйзамсыз аракеттер ансыз деле чыңалып турган абалды күчөтүшү толук мүмкүн.

"Айыпкердин жакындарынын жүйөөлөрү негизсиз"

Ушуга улай маркум Кубанычбек Умаровдун тууган-туушкандары Жахангир Базаров коом үчүн коркунучтуу кылмышкер сыңары жеңил жазаланып калгандыгын, аны жогорку чарага - өмүр бою абакка кесүү зарылдыгын айтышты.

Акыркы маалыматтарга ылайык, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан этникалык кагылышууга байланыштуу 1131 кылмыш иши козголгон.

- Мунун ичинен 86 адамга карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Ал эми калган фактылар боюнча укук коргоо органдарынан куралган мекемелер аралык тергөө тобу кылдат териштирүүнү улантып жатышат, - деп билдирди Ош облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Ашырбаев. Ал сөз арасында Жахангир Базаровдун туугандарынын жана бир катар укук коргоочулардын жүйөөлөрү негизсиз экендигин белгиледи.

Кара-Суу районуна караштуу Бирдик айлынын жашоочусу, 44 жаштагы Кубанычбек Умаров 2010-жылдын 12-июнь күнү Фуркат кыштагындагы массалык башаламандык учурунда белгисиз кишилер тарабынан катуу токмоктолуп, оор жараттардын кесепетинен жеринде каза тапкан. Тергөө тобу ыкчам иш-аракеттердин аркасында Жахангир Базаровду кармап айыпкерлердин бири катары сурак кылганда, ал жасаган жоругун толук бойдон моюндаган.

XS
SM
MD
LG