Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Базар-Коргондо өзбек тектүү белгисиз адамдар курал-жарак ташып келип жатканын алдын ала эскертип, бийлике ачык маалымат берген укук коргоочу Азимжан Аскаров улут аралык урушту уюштурган кылмышкер болушу мүмкүнбү? Бул суроону кабыргасынан койгон укук коргоочулар аны өмүр бою эркинен ажыратууга кызыкдар күчтөр бар деп эсептешет.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров май айынын аягында кесиптеши Азиза Абдрасуловага Жалал-Абаддан жолугуп, Базар-Коргондун борборунда өзбек тектүү шектүү адамдардын курал-жарак алып келип түшүргөндүгүн айткан. Укук коргоочу бул маалымат ошол учурда Жалал-Абадда жумушчу сапары менен жүргөн Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Исмаил Исаковго жеткирилгендигин белгиледи.

Азиза Абдрасулова Азимжан Аскаровдун берген маалыматынын жыйынтыгы азыркыга чейин аларга белгисиз экендигине токтолду:

- Азимжан Аскаров ошондо мага "кечээ өзбек улутундагы адамдар Базар-Коргондун борборундагы бир ресторандын жер төлөсүнө курал-жарак алып келип түшүрүштү" деп айткан. Анан мен аны Исмаил Исаковго ээрчитип бардым. “Бул жигит укук коргоочу, анын ушундай олуттуу маалыматы бар экен” дедим. Ал киши Жалал-Абад облустук ИИБнын имаратында иштеп отуруп, бир жакка чыгайын деп жаткан экен, ошол жерден эле тикеме-тике туруп сүйлөштүк. Анан ал киши жардамчысын чакыртып, Азимжандын маалыматтын жазып калууну тапшырды. Ошондон көп убакыт өтпөй эле кандуу окуялар башталып кетпедиби. Анан ошол курал-жарак табылдыбы? Аны ташып келгендер кимдер эле деген сыяктуу суроолорго азыркы күнгө чейин жооп ала элекмин. Мүмкүн бул суроого Исмаил Исаков жооп берет чыгар. Бирок ошондой маалымат берип жаткан адам кантип этникалык араздашууга алып келген кылмышка катышы бар болуп калат, мага ушул жагы түшүнүксүз.

Бул боюнча шайлоо өнөктүгү менен жүргөндүктөн улам, Исмаил Исаков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 16-июнь күнү Базар-Коргондо өрттөнгөн үйлөрдү сүрөткө тартып жүргөн учурда кармалган. Анын кармалышына 12-13-июнь күндөрү аталган аймакта болуп өткөн башаламандыктардын күбөлөрүнүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү негиз болгон.

Азимжан Аскаров сотто коюлган айыптоолордун бардыгын четке какты:

- Менин кичине эле күнөөм болсо ошол күндөрү урушту уюштуруп коюп качып кеткен адамдарга окшоп мен деле качып кетет элем да. Мен он бешинен баштап өзүмдүн ишимди жасап жүргөн учурда милиция кызматкерлери “сизде биздин жетекчинин сүйлөшө турган сөзү бар экен” дегенинен барган болчумун. Ошол боюнча ал жакта камакта отурам. Мени "Ош-Бишкек жолундагы көпүрөгө барып, башаламандык уюштургансың" деп күнөөлөп жатышат. Мен тергөөнүн башынан бери мен ал жакка барбагандыгымды айтып келе жатам. Төбөмдө кудай турат. Мен ал жерге барган эмесмин.

Анын адвокатынын айтымында, тергөө жана сот жараяндары мыйзамды одоно бузуу менен өтүп, Базар-Коргон райондук соту, жактоочу тараптын далилдерин эске алган эмес. Жактоочу тарап ишти караган сот Нургазы Алимкулов Азимжан Аскаровдун жаңжалга чейин эле этникалык кагылыш туурасында эскерткендигин тастыктоочу күбөлөрдү жараянга чакыртууга кызыкдар болгон жок деп белгиледи. Адвокат Нурбек Токтакунов коюлган айыптоолор далилденбегендигине карабастан сот негизсиз чечим чыгарды деп эсептейт:

- Аскаровдун ордуна башка адамдар отурушу керек болчу. Бирок аларды милиция издеп таба алган жок. Сотто жана тергөө учурунда аябагандай мыйзам бузуулар болду. Аскаровго адвокаттары менен кеңири жолугушканга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн айткандары гана угулуп, жактоочу тараптын күбөлөрү жана далил тыянактары эске алынбады. Мисалы, Азиза Абдрасулова да биздин күбө катары башынан баштап бул адам туурасында айтып бериш керек эле. Бирок аны чакырталык десек, жабырлануучу тарап “А. Абдрасулова мында келсе тирүү кетпейт” деп ачык эле коркутушту
.

Азимжан Аскаровго этникалык араздашууну уюштурган, милиция кызматкерине кол салуунун башында турган, мыйзамсыз ок-дары сактаган жана барымтага алууга аракеттенген деген сыяктуу айыптоолор коюлган.

Сот Нургазы Алимкулов келтирилген көрсөтмөлөрдүн негизинде Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, ага эң жогорку жаза чарасын чегерген.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 59-беренесинин негизинде айыптоолорду бири-бирине кошуу менен өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына тартылып алынсын. Жазаны өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 16-июнунан баштап эсептелсин.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров менен катар төрт айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылып, калган эки соттолуучунун ар бири жыйырма жылдан, дагы бири тогуз жылга кесилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG