Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

20-сентябрь күнү түндө саясат таануучу Нур Омаровду белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Укук коргоочулар муну анын ишмердүүлүгүнө, айрым маалымат каражаттары аркылуу өз оюн ачык айтып жүргөнүнө байланыштырып жатышат.

Саясат таануучунун сабалышына тынчсызданган билдирүүсүн бүгүн Кыргызстандагы орус элчилиги таратты.

Маалымат каражаттары жазып чыгышкандай, саясат таануучуну Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы Туңгуч кичирайонундагы үйүнүн жанынан сабашкан. Белгисиз бирөөлөр ага “кыргыздарга күйбөгөнүн, кыргыздарга каршы пикир айтып жүргөнүн токтотуусун эскертишип, аягында жанындагы телефону менен капчыгын алып кетишкен. Нур Омаровдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок, ал эми ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” бул окуяга байланыштуу милицияга кайрылуу же даттануу болбогонун маалымдашты. Саясат таануучу сабалышын маалымат каражаттарынан уккан Бишкек шаардык милиция бул окуянын чын-төгүнүн аныктоо иштерин жүргүзүп жатат деп маалымдайт, министрликтин басма сөз кызматы.
Мындай уруп-сабоолор мурдагы бийликтин тушунда көп болчу, кийинчерээк тынчып калган эле, кайра күчөп атат.
Т. Акун

Адам укугун коргоо артка кетти

Нур Омаров айрым маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстандагы кырдаал тууралуу өз пикирин, божомолдорун билдирип жүргөн. Ушундан улам адам укугун коргоочулар бул окуяны анын ишмердүүлүгүнө байланыштырып, сөз эркиндигин чектөө катары кабылдашууда. Алардын пикирин кубаттоого алган Акыйкатчы Турсунбек Акун азыркы бийликтин тушунда да адам укугу тебеленип жатышы туура эмес деп эсептейт:


- Ал жигит өзүнүн пикирин ачык айтып, бийликти сындап жүргөн. Мындай уруп-сабоолор мурдагы бийликтин тушунда көп болчу, кийинчерээк тынчып калган эле, кайра күчөп атат. Бул жакшы эмес, ошондуктан, сот жана башка тиешелүү тергөө органдары бул ишти аягына чыгарып, күнөөлүү адамдар жазасын алышы керек. Биздин Акыйкатчы институту да бул ишти иликтөөнү баштадык.


Кээ бир талдоочулар Нур Омаров июнь коогалаңынан кийин жана азыркы парламенттик шайлоо алдында күчөп кеткен улутчулдуктун курмандыгы болду деп эсептешет. Алар мындан бир-эки ай мурун түштүктө өзбек улутундагылардын укугу тебеленип жатат деген билдирүүлөрү үчүн укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун, ал эми дагы бир укук коргоочу Азиза Абдурасуловага июнь коогалаңында жакындарын жоготкондор кол көтөрүүгө чейин барышканын мисал кылышат.

Ушундан улам адам укуктарын, анын ичинде башка улуттардын кызыкчылыгын коргогон адвокат, укук коргоочулардын укугун бийлик коргогон жок, алсыздык кылып жатат деген пикирлер арбын. Июнь окуясында Базар-Коргондо башаламандык уюштурган, милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов бүгүнкү күнү бийлик адам укугун коргоо жаатында өз милдеттерин аткара албай калды деп эсептейт:

- Бийлик азыр элден коркот. Өзгөчө түштүк жакта бийликтин күчү жок, бийлик жок десек да болот. Ар кандай эле революциядан кийин региондордун баарын кылмыш дүйнөсү көзөмөл кылат, азыр деле ошондой болуп жатат. Кылмыш дүйнөсүнүн күчү бийликке караганда күчтүү болуп жатат.

Мамлекетти улутчулдук эмес, атуулдук сактап калат

Парламенттик шайлоо алдында айрым саясатчылар улутчул чакырыктарды көп жасап жатышканына жана Кыргызстандагы кырдаал тууралуу өз пикирин түз айткан кишилерге жасалып жаткан кысым, анын ичинде Александр Князев менен Нур Омаровдун сабалышына байланыштуу тынчсыздануусун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-сентябрда билдирди. Анда акыркы убактарда күчөп бараткан улутчул чакырыктар жана бөлүнүп-жарылуучулукка каршы пикирдеги адамдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар өлкөнүн эл аралык аброюн төмөндөтөрү белгиленген.

Өткөн жылы кышында өз үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр токмоктоп кеткен орусиялык эксперт Александр Князев Кыргызстанда улутчулдук күн өткөн сайын күчөп бара жатканын, бул парламенттик шайлоонун алдында талапкерлердин негизги куралына айланып бара жатканын айтат:

- Мен буга көзүм жетип турат. Мына жакында эле талапкерлердин бири Камчыбек Ташиев интервьюсунда ачык эле айтты. Ал эле эмес, мамлекеттик кызматкерлер: Оштун мэри Мырзакматов, Бекназаров “Кыргызстанда кыргыз эмес улуттардын укугу төмөн, алар мамлекеттик бийликте отурбашы керек” деген сөздөрдү айтып эле жүрүшөт. Тилекке каршы кыргыз саясатчыларынын элитасынын сапаты ушундай, көпчүлүгү ачык эле, кээ бирлери кыйыр түрдө улутчул чакырыктарды шайлоочулардын сабатсыз, моралдык жактан туруксуз катмарын пайдалануу үчүн колдонуп жатышат.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Фергана.ру сайтына берген интервьюсунда Кыргызстанда түпкү улут өлкөдө жашап жаткан башка улуттардан төмөн болбоого тийиш деген пикирин билдирген эле:


- Өзбекстан мындан жыйырма жыл мурун бул мамлекеттин ээси - өзбек эли экенин, башка улуттардын баары бул улутту сыйлап, тилин билип, маданиятын үйрөнүүгө тийиш экенин ачык билдирген. Казактар дагы. А эмне үчүн биз айтсак болбойт? Түпкү улут өлкөдө жашап жаткан башка улуттардан төмөн турбашы керек. Башка улуттар түпкү улуттун үрп-адатын, тилин, тарыхын сыйлоого тийиш, ошондо гана адамдар тынч жашай алышат. Эгер кайсы бир улут өзүн кыргыздар менен теңата же алардан бийик коё турган болсо, анда мамлекет бузулат.


Айрым талдоочулардын пикиринде, шайлоо алдындагы ар кандай чакырыктардын кесепетинен жарандардын атуулдук сезимин ашынган улутчулдук жеңип, бул болсо мамлекеттин келечегине терс таасирин тийгизүүсү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG