Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Кара-Суу районунун Нурдар, Кашкар-Кыштак айылдарындагы мечиттерден 10-июнь түнү беймаал азан чакырган төрт кишини райондук сот төрт жылга эркинен ажыратуу менен жатак-абакта жаза өтөө өкүмүн чыгарды. Аларга “массалык тартипсиздикке чакырган”, “улут аралык кастыкты козуткан” деген айыптар тагылды.

Ошол эле учурда соттолгондордун тарапкерлери беймаал азан айтылганынан танбайт бирок, намазга чакырууну «чабуул башталды, өзүңөрдү коргогула» деген белги болгон деп айтып келишет.

Элди дүрбөткөн беймаал азан

11-июнга караган түнү саат бир жарым, экилер чамасында Ош шаарынын жана Кара-Суу районуна караштуу айылдардын бир катар мечиттеринде беймаал азан чакырылган. Бул тууралуу окуяны иликтөөгө алган уюмдардын дээрлик баардык баяндамаларынан кезиктирсек болот. Жергиликтүү комиссиялар менен күч органдарынын билдирүүсүндө беймаал азан бул окуянын курчушуна жол ачканы айтылат. Кээ бир айылдардын жашоочулары дал ошол азандан улам көчөгө чыгып массалык башаламандыкка барышкан деп да маалымдалып жүрөт.

Эмнеси болсо да беймаал азан чакырган деп кармалган Кара-Суу районунун төрт тургунуна кылмыш иши козголуп, август айынын башынан бери тергөөгө алынган. Кара-Суу райондук соту бул ишке 17-сентябрда чекит койду. Натыйжада Кара-Суу районунун жашоочулары Жамалидин Исаков, Абдымухтар Шүкүров, Нурмахамад Матраимов жана Жолдошбай Кыргызбаев төрт жылга эркинен ажыратылып, жатак-абакта жаза өтөсүн деген өкүм чыкты. Аларга кылмыш жаза кодексинин 233-299-беренелери боюнча “массалык тартипсиздикке чакырган” “улут аралык кастыкты козуткан”деген айыптар тагылган.

Беймаал азанчылардын ишин тергеген Ош облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Алмазбек Малаев да соттун чечимин туура деп эсептейт:

- Ошол түнү Нурдар айылынын мечитинде Жихад түрүндө азан айтышкан. “Өзбектер уктабагыла, тургула, согушка чыккыла, кыргыздар ат менен келатыптыр” деген сөздөрдү айтып, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда чыр-чатакты козутууга чакырышкан.

Ошол эле учурда соттолгондордун тарапкерлери жана беймаал азан чакырылган конуштардын айрым тургундары азандын туура эмес убакта айтылганынан танбайт жана аны «чабуул башталды, өзүңөрдү коргогула» деген белги болгон деп айтып келишет. Мындай маалымат Хюман Райтс Уотч уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогасы тууралуу баяндамасында да жазылган. Уюмдун өкүлү, баяндама авторлорунун бири Оле Солванг “Азаттыкка” берген маегинде кыргыздар азанды өзбек тараптын бул чатакты пландагандыгынын белгиси катары айтып беришкенин, ошол эле учурда озбек улутундагылар муну каршы тарап зордоп, атайылап уюштурду деп ойлошо турганын айтып берген.

Азан айтылганы анык

Кандай болгон күндө да тополоң алдында Ошто беймаал азан айтылганы так аныкталган. Чынында шариатта мындай беймаал азан айтуу барбы, болсо качан айтылат? “Азаттыктын” буга чейинки бир талкуусунда өлкөнүн муфтийи Чубак ажы Жалилов ушул суроого жооп берип, Кыргызстанда беш маал намаздан башка убакта азан чакырууга уруксат берилбегенин айткан. А мындай беймаал азан чакыруу илгери, жалпыга жетүүчү маалымат каражаттары жок кезде душман басып келгенде, же сел сыяктуу табият кырсыктары байкалып калган учурларда колдонулуп келген.

Учурда Тайландда дин таануу иштери менен жүргөн Борбор Азия маселелери боюнча талдоочу Эркин Камалов кыргыз күч орагандарына Ош окуясына байлаыншкан иштерди тергөөнү кылдаттык менен сүрүштүрүүгө чакырат. Анын пикиринде, азганактай далилдер менен адамдарды камакка алуу эл арасында нараазычылыктарды күчөтүшү ыктымал. Ал Ош окуялары туурасындагы макалаларында бул боюнча өтө тыкыр, бейтарап иликтөө зарыл экендигин белгилеген.

Төрт жылга эркинен ажыратылган беймаал азан айткан карасуулук төрт жаран болсо учурда Оштогу убактылуу кармоо абагында. Алар бул өкүмгө макул болбосо, райондук соттон жогору турган сотко даттанышына үч күн убактысы бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG