Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Ошто июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандар менен беш жактоочу сабалды


Ош шаарында 14-октябрда июнь окуясында жайма базардагы эки баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү боюнча өтө турган сот жараяны башталаар алдында айыпталуучулардын жактоочулары Назгүл Сүйүнбаеваны, Кубаныч Жороевди жана Динара Турдуматованы жабырлануучу тарап сабап салышкан. Алардын катарында айдоочу да катуу жаракат алып, учурда ооруканада жатат.
Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочу Назгүл Сүйүнбаева кабарлады.

13-октябрь күнү да июнь окуясында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки МАИ кызматкеринин иши боюнча сот жараяны башталаар алдында айыпталуучу Сухбатулла Низамкожоевди, жактоочулар Татьяна Томинаны, Дилбар Турдиеваны жана соттолуп жаткандардын эки тууганын жабырлануучу тараптан келгендер катуу токмоктоп салышкан.

Эки иш боюнча башталган сот процесстери убактылуу токтотулду. Бул боюнча өлкөнүн башкы прокурорунун түштүк аймагы боюнча орун басары Рыскул Бактыбаев окуя сот башталганга чейин көчөдө орун алганын айтып, токмоктолгондордун арыздары боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар июнь окуялары боюнча жүрүп жаткан сот жараяндарында айыпталуучулардын жана жактоочулардын укуктары одоно бузулуп жатканы тууралуу билдирүү тараткан болчу. Ошол эле учурда облустук ички иштер органы айыпталуучуларга карата зомбулук жок экенин айтып келет. (SA)

XS
SM
MD
LG